Технология/Инновация

Ф.Гүленди уурдап качуу үчүн Трампка жакын Майкл Флиннге 15 миллион доллар сунушу тууралуу кеңири

13 ноября 2017 г. 17:34 3161

АКШдагы акыркы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишип-кийлигишпегенин иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллер Фетхуллах Гүленди АКШдан уурдап, Түрк өкмөтүнө тапшырып берүү үчүн президент Трамптын коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинн менен анын уулуна миллиондогон доллар сунуштаган деген ыктымалдарды да сүрүштүрүп жатканы маалымдалды. Wall Street Journal (WSJ) гезити бул сумманын 15 миллион АКШ доллары болушу мүмкүндүгүн жазып чыкты. Гезит, бул кабарды аты аталбаган “тергөөгө жакын булактарга” таянып жазган.

АКШнын дагы бир алдыңкы медиа органы NBC WSJнын кабарын тастыктап, негизги кабар катары сунду.

NBC мындан тышкары, “АКШнын Иранга койгон санкцияларын бузган” деген айып менен кармалган Иран тектүү Түркия жараны, коммерcант Реза Заррабды бошотуу ыктымалдары да сүйлөшүлгөнүн кабарлады.

Бул боюнча сот иши 27-ноябрда башталат. Күбөлөрдүн саны 100гө жакын экени жана алардын басымдуу бөлүгү Түркия өкмөтүнө жакын кишилер болгону айтылганы менен, көпчүлүгү соттук процесске катышуудан качууда жана алардын арасында президент Таййип Эрдогандын да аты ачык айтыла баштаган. Кыскасы, 27-ноябрдан кийин көп былык ачыкка чыгаары күтүлүп жатат.

WSJ Американын Федералдык иликтөө бюросунун (FBI) агенттери былтыр декабрда Нью-Йорктогу “21” аттуу клубда, Флинн менен Түркия өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда Фетхуллах Гүленди АКШдан экстрадациялоо үчүн өткөрүлгөн жыйын боюнча эң аз 4 киши суракка алынганын кабарлады.

FBI агенттери суракка алган кишилерден бирөөсү аталган жыйында Гүленди жеке учак менен АКШдан уурдап чыгып, Түркиядагы Имралы аралындагы атайын түрмөгө жайгаштыруу маселеси сүйлөшүлгөнүн белгилеген. Аталган түрмөдө күрд террорчуларынын лидери Абдуллах Өжалан да кармалганы белгилүү.

Тергөөчү Роберт Мюллер “Ф.Гүленди мыйзамсыз жол менен качыруу” маселесин АКШдагы акыркы президенттик шайлоодо президент Дональд Трамптын шайлоо үгүтү боюнча кеңешчилери менен Орусиянын ортосундагы мамилени тергөө боюнча иштин бир бөлүгү катары карап жатканы маалым болду.

Тергөөчү Роберт Мюллердин катчысы WSJ гезитиндеги бул кабар боюнча комментарий берген жок. Гезит ошондой эле Флинн менен анын уулунун адвокаттарынын да комментарий берүүдөн качканын белгиледи.

“Декабрдагы жыйын”

WSJ гезитинин кабарында, тергөө ишинде канча акча которулганы боюнча азырынча маалымат жоктугу да айтылган. Флинн мындан тышкары Фетхуллах Гүленди Түркияга мыйзамдуу жол менен экстрадициялоо боюнча Ак Үйдөгү Трамп администрациясына да өз таасирин колдонууга даяр болгону айтылган.

Гүленди мыйзамсыз жолдор менен АКШдан уурдап чыгып, Түркияга тапшыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн тергөө ишине кошулушу Трамптын мурдагы кеңешчиси Флиннге дагы көбүрөөк көнүл бурдурду.

Майкл Флинн Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчиси болуп дайындала электе эле Гүленди АКШдан экстрадициялоо жана башка ушул сыяктуу иштер боюнча Түркиянын кызыкчылыктарын коргогон лобби иштерин кылып жүргөнү маалым болду.

Майкл Флинн Орусиянын АКШдагы элчичилиги менен жолугушуу тууралуу Вице-президент Майк Пенс жана башка Президенттик Администрация кызматкерлерине жалган маалымат бергени үчүн кызматынан чегингенге мажбур болгон. Болгону 24 күн кызматта тура алган Флинн буга чейин Түркия Өкмөтү менен мамилеси тууралуу эч кимге маалымат берген эмес.

Расмий маалыматтарда Flynn Intel Group фирмасына "Түркия Республикасынын кызыкчылыктары үчүн” иш-чараларга деп 530 миң АКШ доллары которулган. Ошондой эле Майкл Флинндин Түркиянын кызыкчылыгы үчүн жүргүзгөн лобби иштери чет элдиктердин лобби иштери боюнча мыйзамды бузуп-бузбаганы да тергөө ишинин бир бөлүгү катары каралып жатат.

Флинндин Түркия жана Орусия менен болгон финансылык иштерин жашырганы тууралуу өзүнчө аскердик жана кылмыштык териштирүү жүрүп, мындан сырткары Конгресс да өз алдынча комиссия түзүп, териштирүү жүргүзүп жатат. Бул мамилелери кеңешчиси катары иштеп жатканда Трамптын чечимдерине таасири тийип-тийбегени териштирилүүдө.

“Сентябрь айындагы жыйындын уландысы”

Былтыркы декабрь айындагы жыйын андан мурда медиада кабарланган 2016-жылдын 19-сентябрындагы жыйындын уландысы экени да айтылат.

Бир отелдин бөлмөсүндө өткөн жыйында эски Борбордук Чалгындоо Кызматынын (CİA) жетекчиси Жеймс Вулсейдин катышканы маалым болгон. Жеймс Вулсей ал жыйынга Флинндин ортоктору суранганы үчүн катышканын билдирип, “Гүленди караңгы түндө жашыруун операция менен качыруу” маселеси талкууга түшкөнүн айтты. Вулсей аталган жыйын боюнча ошол кездеги вице-президент Жо Байденге орток дос аркылуу маалымат бергенин билдирген. Байдендин катчысы болсо аталган маселе боюнча Гүлен темасы соттун темасы экенин гана белгилеп, башка комментарий бербей келет.

Трамптын үгүт иштерине кыска убакыт консультант болгон Вулсей, былтыр сентябрь айындагы жыйында уккандарынан кийин Флинндин фирмасынан консултация акысынан баш тартканын айткан.

Чет элдик лобби иштери боюнча документтерде былтыр сентябрь айындагы жыйынга Түркия президенти Таййип Эрдогандын күйөө баласы жана өлкөнүн Энергетика министри Берат Албайрак менен Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун да катышканы белгилүү болду.

Түркиянын АКШдагы элчилиги да түрк министрлери Флинн менен жолукканын тастыктап, бирок жолугушуунун темасы боюнча комментарий берген эмес.

Трамп администрациясынын катчысы WSJ гезитине “Мындай жыйын өткөнү тууралуу бир да далилибиз жок. Жыйын өтсө деле президент менен байланыштуу эмес” деген...

Булак: Wall Street Journal, NBC