Саясат

Орусия менен Европа алыстоодо. Бизчи?

13 ноября 2017 г. 10:15 1308

Европа менен Орусиянын саясий элитасынын алыстаганы карапайым калкты да алыстатууда. Дойче Велле Орусия, Германия жана Польшадагы сурамжылоону талдаган. Кыргызстан бул суроолорго кандай жооп берет?

Батыш менен Орусиянын алакаларына 2014-жылы орустар Украинадан Крымды каратып алганда доо кеткен. Бирок бул жарака саясатчылар гана эмес, катардагы жарандар арасында да кеңейүүдө. Өткөн жумада германиялык Көрбер фонду (Körber-Stiftung) Германия, Орусия жана Польша боюнча изилдөөсүн жарыялады. А биз бул изилдөөнүн суроолоруна кыргыз жарандары кандай жооп бермек деген божомол кыла кетүүнү туура кордүк.

Европанын формалдуу бөлүгү

Орусияны Европанын бөлүгү катары карагандар көпчүлүктү түзөт. Бирок Орусияда бул салыштырмалуу гана артыкчылык. 49 пайызы Европанын бөлүгү катары караса, 44 пайызы тескери пикирде болгон.

Элдин ою боюнча Орусия географиясы жагынан Европага кирет. Үч өлкөдө тең калктын көбү ушул ойду айткан.

Орусияда географияга 53% (былтыр 45 болчу) жаран таянган. Экинчи себеп катары экономикалык байланыштар болсо, үчүнчү – бирдиктүү тарых айтылган. Тарыхий жакындыкты немистердин 21, поляктардын 17, орустардын 13 пайызы айткан.

Маданий окшоштук эң акыркы орунда. Аны орус менен немистердин 9, поляктардын 11%ы атаган. Баалуулуктар биримдиги бар дегендер өтө аз. Кызыктуусу, орустардын мындай ою былтыркы 11%дан дароо 5 пайызга түшүп кеткен. Албетте Орусияны Европанын бөлүгү катары карабагандар дал ушул баалуулуктардын ар башка болгонуна таянган.

Кыргыздар жакшы көргөн кан менен аныкталган “таза кыргыздык” бул сурамжылоодо жок экен. Ал болгондо Кыргызстан эл аралык университетинин америкалык “Соронсен” фонду менен бирге 2009-жылы жүргүзгөн изилдөөгө таянып, "казактарга караганда биз европеидбиз” дейт элек. Бирок, аттиң...

Аймак жагынан биз Европадан алыспыз. Ошол эле Казакстандын 10%, Орусиянын 21%ы Европа континентинде. Европа менен бирдиктүү тарыхыбыз бар десек апырткан болобуз.

Соодага келгенде биз Кытайга жакынбыз. 2016-жылдын 10 айында эң үлкөн коңшу менен жалпы сооданын 30%га жакынын жүргүзгөнбүз. Аймагынын бир бөлүгү Европага кирген Казакстан жана Орусия менен соодабыз 35 пайыз. Чымкый европалык мамлекеттер менен соодабыз он айда 7%га жетип турат. Түркиянын 3%ы гана Европага киргендиктен, бул өлкө менен соода көлөмүн кошкон жокпуз. Натыйжада “Европа аймагы” менен соодабыз 20%га араң чыккандыктан, соодада азиятпыз.

Маданият менен баалуулуктар жагынан орус менен казакка караганда жакын сыяктуубуз. Айрыкча адам укугу, ой-пикир айтуу эркиндиги, башкаруу системасына боюнча жалпысынан Европалык критерийлерден алыс болсок да, коңшуларга салыштырмалуу Лондон, Париж жана Нью-Йоркко жакыныраак сыяктуубуз. Бирок, баарыңыздар билгендей, мамлекеттик кызматтагы миллионерлерди жана чуусу Чубактын кунундай чубалган кен тармагындагы коррупцияны, укук коргоо жана сот системасынын саясий буйрутмаларга баш ийгенин эске алганда, Европа түшкө кирбей калчудай болуп кетет.

Курал жана согуш менен сыймактануу

Орусия, Германия жана Польшада тарыхка тиешелүү суроолорго берилген жооптор да кызыктырат. II Дүйнөлүк согуштан 70 жыл өттү, тарыхтын бул бөлүмүн жапсак болбойбу дегенге немистер менен поляктардын үчтөн бири макул деген. Орусиянын 85% жараны согуш бетин жабууга каршы.

Тарыхтагы окуяларга да көз караштар түрдүү. Мисалы, нацисттердин адамзатка каршы кылмыштарын эмес, жеңиштерге басым жасабайлыбы дегенди немистердин бир азы эле колдогон. Польша менен Орусияда тарыхынын жеңиш гана жагын эстеп, согуш маалындагы кылмыштарга анча көңүл буруунун кереги жок дегендер басымдуулук кылат.

Аскердик параддар жана курал-жарак менен мактануу орустарга аябагандай жагат. Германияда бул өңүттөгү кабарды эч бир телеканал шилекейин чууртуп көрсөтпөйт.

Биз куралыбыз менен мактанат элек, бирок мактанчуудай көп техника жок. Ошондуктан аскерлерибиздин духу менен жана аларга турак-жай берип жатканыбыз менен мактанабыз. Тарыхыбыздын оң гана тарабын эстегенге аракет кылабыз жана согуш темасын саясий популизм үчүн байма-бай колдонобуз. Демек бул критерий боюнча, "душмандар менен курчалган эң туура мамлекетпиз" деген советтик аң-сезимден али арыла элекпиз.

Демократия жана башкаларды жерүү

Үч өлкөнүн тургундары Орусия менен Европанын орток баалуулуктары жок дегени менен, кээ бир негизги демократиялык принциптерге талаптары жакын.

Соттун көз карандысыздыгын коомдун олуттуу негизи экенине 93% немис, 85% поляк жана 79% орус макул. Саясий оппозициясыз чыныгы демократия мүмкүн эмес деп Германиянын 89%, Польшанын 83%, Орусиянын 71% жараны айткан. Бирок чоң айырмачылыктар да бар.

Башка улут, раса же диндегилерди жеригендикке 85% немис, 83% орус каршы, бирок поляктардын 53%ы гана муну туура эмес деген.

Кыргызстанда жарандыкка жараша улут куруу түшүнүгү алсыз болгондуктан, ушул убакка чейин башка этностогу (өзбек, орус, уйгур, дунган...) кыргыз жарандарын жерип келебиз. Ата-бабаларыбыз буга чейин кең пейилдик жана жоомарттык менен (курама жыйып журт кылдым) улус (мамлекет) түзүп, башка элдерди батырып, сиңирип, “кыргыз” катары кабыл алганын небак унутканбыз. Ошондуктан бул критерий боюнча да ачык, күчтүү европалык менталитеттен алыспыз.

Пресса: төртүнчү бийликпи же бийликтин бучкагыбы

Массалык маалымат каражаттарын түрдүү жолдор менен бийликке каратып келген Орусияда жарандын көбү пресса өкмөт менен бирге болуш керек дегени (76%) түшүнүктүү. Польшадагы 53%ды да авторитардык аң-сезимдин калдыгы десек болот. Бирок масс-медиа чын эле төртүнчү бийлик болгон Германияда бул пикир менен 43% гана жаран макул болгону таң калтырды. Көпчүлүк, 54% жаран буга каршы экени чеке жылытарлык көрсөткүч эмес дейт изилдөөчүлөр.

Кыргызтанда көз-карандысыз медиа курулуштар менен журналисттерди сот миллиондогон сомдук айыпка жыкканын эстегенде, европалык эркин коом жана медиа критерийлери закымдардын нары жагында экенин айтса болот. Тегеректеги авторитардык бийлиги бар мамлекеттерге карап шүгүр дегендик, чыныгы шүгүр болбой калабы деген күмөн жаратат. Себеби минтип мактанып келе жатканыбызга 20 жылдан ашты, бирок жылыш жок сыяктуу.

Ким менен кызматташсак?

Орусия менен Европа ар тарапка кетип бара жатканын элдин кайсыл мамлекеттер менен кызматташуу керек суроосуна берген жообу да айгинеледи. Орусиялыктар Кытай менен, поляктар АКШ жана Англия, немистер Франция менен алаканы арттыруу керек деген.

Кыргызстан Европа менен кургакта байланышы жок болгондуктан, “Ачык асман” саясатын жарыялоого көп үмүт артып турат. Кымбат болсо да соода алакасын ушул жол менен ыкчамдатса болот. Бийликтин Евразиялык экономикалык биримдикке кирип алып, бирок топтук, коньюктуралык кызыкчылыктар үчүн Европадан бизди бөлүп турган мамлекеттер менен алакасын аксатуусу, максатка каршы келип турган чак.