Технология/Инновация

АЙБАН ЧАРБА - 2 (Жорж Орвел)

12 ноября 2017 г. 18:00 209

- Жолдоштор, - деди ал, – ушул жерден чечип алчу бир маселе бар. Жапайы жандыктар, мисалы чычкандар, же коёндор бизге доспу же каспы? Келгиле добушка коёлу. Кана кимдер чычкан бизге дос дегенди колдойт?

Ошол эле жерден добуш берилип, натыйжада көпчүлүктүн колдоосу менен чычкандар дос деп табылды. Каршы добушту төртөө эле берди: үч ит менен бир мышык. А кийин мышык эки жакка тең кол көтөрүп койгону да билинип калды. Корбашы кебин андан нары улады:

- Кебим деле аяктап калды. Кайталап коёюн, кишилер жана алардын жолун тутунган бардык жандыктар менен күрөшүү силердин милдетиңер экенин эч качан унутпагыла. Эки буттуунун баары – душман. Төрт буттуулар жана канаттуулар - дос. Дагы бир нерсени эскерте кетсем, киши менен күрөшүп жүрүп ага окшошуп калбагыла. Ал тургай аларды уткандан кийин да жаман адаттарын кайталабагыла. Үйгө жашабагыла, керебеттерге уктабагыла, кийим кийбегиле, спирт ичимдиктерин ичпегиле, тамекисин чекпегиле, соода кылбагыла, акча кармабагыла. Алсызбы-алдуубу, акылдуубу-акылсызбы, баарыбыз бир тууганбыз. Бир дагы жаныбар башка жаныбардын канын төкпөсүн. Бардык жаныбарлар тең укуктуу.

Эми жолдоштор, өткөн түнү түшүмө эмне киргенин силерге айтып берейин. Даана көргөнүмдөй айтып бере албайм го, бирок аракет кылам. Түшүмө кишилер бул дүйнөдөн жок болгондон кийин жер бети кандай болуп калаары кирди. Ушундан улам эсиме бир нерсе түштү. Илгери-илгери, мен али торопой кезде, энем башка чочколор менен бирге бир эски ырды ырдаган. Алар ал ырдын обону менен алгачкы үч сөзүн эле билчү. Бала чагымда ал обонду мен да билчүмүн. Бирок качантан бери эстебей деле калгам. А кечээ түнү түшүмдө ошол обонду эстедим. Ал эле эмес, тээ илгери кайсы бир учурларда жаныбарлар ырдап жүрүп, кийин муундардын алмашуусу менен унутулуп калган сөздөрү да эсиме түштү. Эмесе азыр, жолдоштор, мен ал ырды силерге ырдап берсем. Эми карыдым-арыдым. Үнүм да каргылданып калды. Бирок ошого карабай муну силерге үйрөткүм келет. Силер аны кайра өз обонуна салып, жакшылап ырдагыла. Ыр «Англиянын айбандары» деп аталат.

Картаң Корбашы бир жөтөлүп алып ырын баштады. Анын үнү чынында эле каргылданып турганы менен жакшы ырдап жатты. «Клементин» менен «Ла кукарачага» окшоп кеткен дене бойду козгогон обону бар экен. Сөздөрү болсо төмөнкүдөй:

Англиянын айбандары,
Бүт дүйнөнүн жандыктары,
Сүйүнчүмдү уккула!
Келечекке жаркылдаган,
Кадам таштап чыккыла!

Эртеби же кеч болобу,
Адам доору жок болот.
Англиянын аймагы бай,
Айбанаттар ток болот.

Кутулабыз ноктолордон,
Камчылардан сап кетет.
Кулактарга эн салынбайт,
Тамга баскан так кетет.

Байлыгыбыз кампа толуп,
Кырманыбыз дан толот.
арпа, буудай, жүгөрүнүн,
Баары бизге нан болот.

Англиянын суусу тунуп,
Жашылданат жайыты.
Шамалы да көңүлдү ачат,
Эркин болсок башкысы.

Биз ал күнгө жетпесек да,
Максаттан эч тайбайбыз.
Уй, кой, өрдөк, эшек дебей,
Ынтымактан кайтпайбыз.

Англиянын айбандары,
Бүт дүйнөнүн жандыктары,
Сүйүнчүмдү уккула!
Келечекке жаркылдаган,
Кадам таштап чыккыла!

Бул ыр жаныбарларды укмуштуудай делөөрүтүп таштады. Корбашы аягына чыга электе эле алар кошулуп ырдап кирди. Ал тургай эң акылсыз дегендери да обонго түшүп, кай бир сөздөрүн жаттап алганга жетишти. Ал эми эң акылдуулары, тагыраак айтканда чочколор менен иттер бир мүнөткө жетпей ырды башынан аягына чейин илип кетти. Ошентип бир канча жолу кайталашкандан кийин бүтүндөй ферма «Англиянын айбандарын» дүңгүрөтө созду. Уйлар мөөрөп, иттер үрүп, койлор маарап, аттар кишенеп, өрдөктөр каңкылдап ырдады. Ыр аларга ушунчалык жаккандыктан, беш жолу кайталашты. Балким Жонс тоскоолдук кылбаганда бул түндү ырдаган бойдон өткөрүп жиберишмек.

Тилекке каршы, алардын ызы-чуусунан кожоюн ойгонуп кетти. Ал короого түлкү кирдиби деген ойдо төшөгүнөн ыргып туруп, дайыма жатак бөлмөсүнүн бир бурчунда турчу мылтыгы менен асманды карай басып-басып алды. Мылтыктан чыккан бытыролор короонун дубалдарына тепчилиши менен жыйналыш аяктап, баары жай-жайына тарап кетти. Канаттуулар туурларына конуп, төрт аяктуулар саманына жайгашты. Арадан көп өтпөй бүткүл чарба терең уйкуга кетти.

II Бөлүм

Ошондон үч күн өткөндөн кийин Корбашы жакшынакай уктап атып эле о дүйнөгө кете берди. Сөөгү бакчанын тээ наркы бурчуна көмүлдү.

Бул окуя март айынын алгачкы күндөрүндө болду. Кийинки үч ай бою жаныбарлар тымызын даярдык иштерин жүргүздү. Анча-мынча акылдуулардын көз карашын Корбашынын сөзү түп тамырынан бери өзгөртүп салган экен. Алар Улуу Төңкөрүш качан келерин билчү эмес. Ал тургай өздөрү ал күнгө жетер-жетпесин да ойлогон жок. Бирок ошол күнгө даяр туруу өздөрүнүн милдети экенин аябай жакшы түшүнүштү. Жаныбарларды даярдоо жана уюштуруу иштери албетте айбанаттардын акылдуусу саналган чочколорго жүктөлдү. Алардын арасынан мистер Жонс сатууга камдап жүргөн Картомо менен Напалоен аттуу эки жаш каман өзгөчөлөнүп турчу. Наполеон олбурлуу келген, заар көздүү, чарба боюнча жападан-жалгыз таза кандуу Беркшир каманы. Ал чечилип сүйлөбөгөнү менен өжөрлүгү жагынан баарынан өтчү. Картомо болсо Наполоенго салыштырмалуу ийкемдүү, сөзмөр, тапкыч жана жумшак мүнөздүү каман. Чарбада бул экөөнөн башка каман жок, калгандары бүт жаш торопойлор. Торопойлордун арасынан болсо эң көрүнүктүүсү Баканооз аттуу тегерек тумшук, чапчаң мүнөз, көзү тынымсыз ойноктоп турган чарылдак торопой. Ал чынында өтө сөзмөр да болчу. Кандайдыр бир маселени далилдеш керек болсо турган жеринен чимирилип, куйругун шыйпаңдатып ийме адаты бар. Мына ушунусу угуучуларын муютууга кандайдыр бир таасир берчү. Деги караны ак көрсөтүү Баканооз үчүн кеп деле эмес дечү башкалар.

Мына ушул үчөө картаң Корбашынын айтканын өнүктүрүп отуруп, «айбанизм» деп аталган философиялык система ойлоп тапты. Дээрлик күн сайын мистер Жонс уктагандан кийин тымызын кепеге барып, башка жаныбарларга айбанизмдин негиздерин түшүндүрүп чыгышчу. Алгачкы күндөрү алар укмуштай келесоолук менен кайдыгерликке туш болушту. Кай бир жаныбарлар мистер Жонско жан дилин берүүгө милдеттүү экенин айтып, ал тургай «Мистер Жонс бизди багат. Ал болбосо биз ачкадан өлөбүз» дегенге чейин барчу. А кай бири «Биз өлгөндөн кийин эмне болсо ошо болсун», же «Эгер көтөрүлүш баары бир боло турган болсо, анда ага даярдануунун канчалык кажети бар?» деген сөздөрдү айтчу. Чочколор бул өңдүү кептер айбанизмдин негизине жатпай турганын түшүндүрүү үчүн өтө көп эмгек кылды. Бирок эң тантык суроолорду боз байтал Молли берчү. Ал чү дегенде эле Картомодон «Көтөрүлүштөн кийин кант болобу?» деп сурады.

- Болбойт, - деп кесе айтты Картомо. – Биз кант өндүрө албайбыз. Деги сага канттын эмне кереги бар? Сен ансыз деле сулу менен чөптөн тоюшуңча жеп атпайсыңбы.

- А тасмачы, көкүлүбүзгө тасма байлана беребизби? – деди Молли.

- Мени укчу жолдош, - деди Картомо. - Сен ушунчалык сүйүп аткан тасма чынында кулчулуктун белгиси. Эмне эркиндик деген ошол тасмадан да баалуу экени акылыңа сыйбай турабы?

Молли макул болгонсуганы менен, анча ишене берген жок.

Баарынан дагы Мойсей тараткан ушак-айыңга каршы туруу чочколор үчүн кыйын болду. Бул мистер Жонстун сүйүктүү каргасы барып турган ушакчы, барып турган баканооз болгону аз келгенсип, башкаларды сөзгө тартууну да жакшы билчү. Ал сүт агып, каймак токтогон дарыясы бар өрөөн тууралуу айтып, бардык жаныбарлар өлгөндөн кийин ошол жайга барат деп ишендирчү. Мойсейдин айтуусунда бул өрөөн асманда, булуттардын бир аз нарыраак жагында имиш. Ал жакта аптанын бардык күнү дем алыш болуп, беде жыл бою көгөрүп, кант менен зыгырдын улпагы даяр бойдон өсүп турат экен. Жаныбарлар анын болбогон жомокторду айтып, керээли кечке бекер жүргөнүн көрүп жек көрүшкөнү менен, кай бирлери сүт агып, каймак токтогон дарыяларга ишенчү. А чочколор андай өрөөн жок экенин тастыктоо үчүн далай убара болду.

Которгон Н. Асанбаев

(Уландысы бар)