Технология/Инновация

Ийне сайылып өлтүрүлгөн космонавт

11 ноября 2017 г. 16:56 238

Космосто 15 мүнөт болуп, тирүү келсе, кайра ийне сайып өлтүрүшкөн.

Мындан 60 жыл мурун Лайка аттуу космонавт ит Жер шарын айланып чыккан биринчи тирүү жандык болгон.

Лайка дүйнөгө дүңгүрөдү. Бирок космоско учкан Гектор аттуу короз менен Филикет деген мышыкты ким эстейт?

Лайка ракетага мингенде...

Лайка спутникти мингенде дүйнө жүзү бул укмушка оозун ачып отуруп калды. Албетте, ал убакта айбан аттуунун укугун коргогондор ызылдап жатып калган. Айрыкча “нааразылык” деген сөздү жазгандан корккон Советтер Союзунда жан-жаныбар сүйүүчүлөрдүн үнү чыгып кеткен.

Саясий нааразылык болбогондуктан, таштай муздак жана темирдей бекем союздук режим жаныбар сүйүүүчүлөргө тийген эмес.

Космостук атандаштык башталган биринчи жылдары космоско түрдүү жаныбарларды учуруп көрүшкөн.

Маймыл-астронавттар кайдан учушкан?

Космоско учкан Сэм атуу америкалык шимпанзе орустун Лайкасынан кем эмес атагы чыгып, сүрөтү 1961-жылдын 10-февралында Life журналынын мукабасына чыккан.

Сэмден эки жыл мурун америкалык НАСА “Юпитер ЭМ-18” ракетасы сыяктуу жүк ташыгыч ракета менен макака-резус Мисс Эбл менен саймири маймылы Мисс Бейкерди учуруп көргөн. Дал ошол эки примат АКШ космоско учурган биринчи жандыктар болчу. Алар Семге караганда анча сүйкүмдүү болбосо да, космостон аман-эсен кайтып, Life таблоидинин биринчи мукабасын толтурган. Кийин космоско кишилер учуп баштаганда да бул журнал салтын улантып, бардык америкалык астронавттар менен бетин кооздогон.

Келемиш “фашисттик” ракетада

Анткени менен башка космонавт жаныбарлар анча атактуу болбой калды.

Француздар 1961-жылдын февраль айында космоско Гектор аттуу келемишти учурганда эч ким айран-таң калган эмес. Анын бул аты «Иллиададан» эмес, Жюль Верндин илимий-фантастикалык романы «Гектор Сервадактан» алынган. Ал «Күндүн тегерегиндеги саякат жана укмуштуу окуялар” китебинин каарманынын атынан коюлган. Чыныгы космонавт Гектор 150 чакырымдай бийиктикке көтөрүлүп, жерге тирүү кайткан.

Келемиш учкан Veronique ракетасы немистердин реактивдүү “Фау-2” ракетасынын жакшыртылган үлгүсү болчу. Veronique ракетасын иштеп чыккан француз окумуштууларын фашисттер Германиядагы Пенемюнде полигонунда мажбурлап иштетишкен. Согуш бүткөндөн кийин алар үйрөнгөн илимин үйүнө ала кетишкен эле.

Француз мышыгы Фелисеттин 1964-жылы 18-октябрда космоско учканы андан да аз кишинин көңүлүн бурган. Ал убакта адамдардын космоско учуусу адаттагы көрүнүш болуп калган. Бирок Фелисетт космоско учуп, кайра аман-эсен кайткан жалгыз мышык катары тарых барактарында калды.

Оор балалык - өксүк тагдыр

Фелисетт мышыктын тагдыры космоско учкан Лайка иттикине окшоп кетет. Аны күчүк кезинде Москванын көчөлөрүнөн таап келишкен. Орус окумуштууларына анын “көчөнүн камырынан” жасалганы кызыктуу болгон. Ал үйдүн назик итинен эмес, оор шарттарда жашап кеткенге көнгөн жолбун иттин тукуму болчу.

Фелисетти Гектордукуна окшош ракета менен космоско жолдошкон. Ал 156 чакырымга көтөрүлүп, аман-соо жерге кайтып келген. Саякат 15 мүнөткө созулган. Лайка болсо космосто эле жан берген.

Бирок Фелисеттин тагдыры оң болбой калды. Жерге кайтканынан үч ай өтүп-өтпөй окумуштуулар аны дары сайып уктатып, ички органдарын текшерип көрүүнү чечкен.

Сванте Лиден, Aftonbladet,