Маданият/Искусство

Мамлекет менен исламдын кызматташуу тажрыйбасы

11 ноября 2017 г. 14:48 1189



Марс Ибраев, Кыргыз Ислам университетинин проректору

Исламдын мамлекет аралык алакалар тарыхы Пайгамбарыбыз Мухаммед баш болгон мусулмандар Мадина шаарынын тургундары менен түзгөн келишимден башталган десек болот. “Медина конституциясы” деп аталган документке Пайгамбарыбыз бул шаарга көчүп келген жылы, же тагыраак айтканда 622-жылы кол коюлган.

Мусулмандар гана эмес, батыш менен орусиялык окумуштуулардын да айтымында бул документ ушул күнгө чейин актуалдуулугун жогото элек. “Андагы кээ бир беренелердин гумандуулугуна эң заманбап демократиялык теориялар да жете албай келет” деген жорумдар бар.

Пайгамбарыбыз мусулман жана мусулман эместер үчүн бирдей мыйзамдарды бекиткен

Пайгамбарыбыз көчүп келгенде Мадинанын эли биринчи жолу каттоого алынып, 10 миңдин тегерегинде киши жашаары билинген. Алардын 4 миңдейи жөөт жана 4 жарым миңи бутпарас деп катталган. Мусулмандар бир миң беш жүз киши гана болгонуна карабай, келишимди демилгелешкен. Мына ушул демилгеден улам Мадинадагы биринчи мамлекет тарых барактарында мусулмандык түзүм катары кирген.

Мусулмандар Пайгамбарыбыздын Пайгамбарлыгын тастыктагандан кийин, бийлигине моюн сунууну да кабыл алышкан. Бирок Пайгамбарыбыз Мадинанын мусулмандарынан сырткаркы калкты баш ийдирүүгө аракет кылган эмес. Анткени алар Аны Кудайдын Элчиси жана өз жетекчиси катары карабайт болчу. Ошондуктан аларга байланыштуу алакалар үч тараптуу келишимдин негизинде тескелген. Бул келишимге Меккеден көчүп келген мухажжир-мусулмандар, Мединада аларды тосуп алган ансар-мусулмандар жана өз төбөлдөрүнө моюн сунган жөөттөр кол коюшкан. Мадина келишими боюнча Пайгамбарыбыз мусулман жана мусулман эместер үчүн бирдей мыйзамдарды бекиткен. Анын мындай ыйгарым укукка ээ экени Мадина конституциясында ачык жазылган.

Мадина келишими саясий коом менен диний коом түшүнүктөрүн ажыратып, жалпы шаардык алакаларды тескеген мыйзамдарды бул тармакка тиешелүү диний жана салттык эрежелерден жогору койгон.

Пайгамбарыбыз түптөгөн мамлекет мусулмандарга гана таандык эрежелер менен жашаган эмес.

Бул жерде келишим улутчулдук мүнөздө болбогону жана алгачкы мусулман мамлекетинин конституциясынын негиздөөчүлөрүнүн бири – жөөттөр экени даана көрүнүп турат.

Мадина конституциясы он кылымдан ашык убакыт өткөндөн кийин иштелип чыккан мамлекетти мүнөздөгөн теориялардан алда канча мурун пайда болгон. Мамлекет теориясы боюнча жарандар табиятынан эркин болушат жана эреже менен мыйзамдарга моюн сунбайт. Бирок белгилүү бир убакта кээ бир жамааттык баалуулуктарды карманууга мажбур. Ошентип алар коомдук келишимге негизделген мамлекет түзүшөт. Мындай түзүм коомдун өкүлү катары күч колдонуп, иш алып бара баштайт.

Мусулмандардын арасынан чыккан радикалдуу кыймылдын өкүлдөрү Мадина келишимин жакшы билбейт, же билгенге аракет кылбайт. Жакшы билишкенде, Пайгамбарыбыз жана сахабалар түптөгөн мамлекет мусулмандарга гана таандык эрежелерге жараша жашабагандыгын түшүнмөк. Мусулмандар түзгөн бул алгачкы мамлекеттин лидери ар түрдүү ишенимдеги тургундардын кагазга түшүрүлгөн макулдугу менен шаарды башкарган.

Мадина келишиминин негизги принциптерине дин эркиндиги, башкаруу жана кызматташуу, жарандардын тең укуктуулугу, исламды карманбагандардын автономдуу болуу мүмкүндүгү кирет.

Ушундан улам кээ бир ислам аалымдары Мадина мамлекети светтик жана демократиялык негизде түзүлгөн деген ойду айтышкан.

Мадина конституциясы кол койгон тайпалардын укук жана милдеттеринин компромисстик тең салмактуулугу, логикалык толуктугу жана мазмунунун тактыгы менен айырмаланып турат.

Келишимдин негизги принциптери мусулмандардын укуктук доктринасын камсыздап, Евразиянын геосаясий ландшафтын өзгөртүп, кайра калыптануусун шарттады. Мусулмандардын карамагына кирген аймактарда этникалык жана конфессиялык мүнөздөгү кагылышуулар жокко эсе болгон. Тескерисинче, башка түрдөгү башкаруунун алдындагы аймактардан качкан азчылыктар мусулман мамлекеттеринен башпаанек таап турган. Мусулмандар түзгөн мамлекеттерде этникалык жана конфессиялык азчылыктар мусулмандардан кем эмес, кээ бир учурларда алардан артыгыраак укуктарга ээ болгон.

Макул болбосоң талкууларга, шайлоолорго жана референдумдарга катыш

Орто кылымдардан баштап исламдык укуктук система усуль жана фуру деп экиге ажыратылган. Негизги усулдук бөлүгүнө кирген Куран, сүннөт, ижма жана кыяс өзгөртүлүүсү мүмкүн эмес. Каада-салт, үрп-адат, логикалык ой-пикир сыяктуу категориялар “фуру” термини менен аныкталып, кошумча укуктук принциптер катары жер, мезгил жана башка шарттарга жараша өзгөртүлүп турат.

Светтик конституцияга жана мыйзамдарга негизделген мамлекет менен дин арасындагы мамилелер да шартка жараша өзгөрөт. Алар Ислам коргоосу керек деп аныктаган беш баалуулук: дин, ар-намыс, напси (өмүрү, жаны), мал-мүлк жана укум-тукумдун (бала-чака, үй-бүлө) коопсуздугун камсыздоо үчүн шартка жараша өзгөрүп турат.

Биз көргөнүбүздөй Пайгамбарыбыз Мухаммеддин убагынан баштап, ушул күнгө чейин ислам аймагына кирген мамлекеттердин басымдуу бөлүгү коомдук келишимдин негизинде башкарылып келген.

Учурдагы кээ бир радикал мусулмандардын мамлекеттин мыйзамын тааныбастыгы Пайгамбарыбыздан бери келе жаткан исламдык мүнөздөн алыс. Өз мамлекетиңдин жарандык паспортун алганда, же башка мамлекеттин визасын ачтырган соң ар бир мусулман коомдук келшимге кол коюп, аны колдойм жана ага баш ийем деген милдетти алабыз. Мамлекеттин коомчулугу кабыл алган орток эрежеге моюн сунууга милдеттүүбүз.

Эгер коомдун орток пикири жана демократиялык жол менен кабыл алынган эреже учурдун талабына жооп бербей калса, аларды мыйзамдуу жол менен гана өзгөртө алабыз. Башкача айтканда коомдук талкууга, референдум жана шайлоого катышып, добуш берүү менен мурунку эрежелер жаңыга алмашылат.

Ишеним сыртка чагылып турушу милдет эмес

Кыргыз республикасы мамлекет менен диндин ортосундагы алакаларды мыйзамдар менен тескөөдө уникалдуу тажрыйбага ээ десек жаңылбайбыз. Бул тууралуу конференцияга катышкан тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү кеңири айтып берет болуш керек.

Бул жерде айрыкча баса белгилеп кетчү нерсе – учурдагы жетекчилер Борбор Азиянын, анын ичинен Кыргызстандын мусулмандары кылымдар бою карманып келе жаткан матуридия исламдык диний ишеними жана ханафия укуктук мекетебинин эрежелерин кайра жандандырып, мусулман жамааттары менен алардын негизинде кызматташканы көп көйгөйлөрдүн алдын алды.

Матуридиянын талабы боюнча кишинин ишеними сыртына формалдуу чагылып туруусу милдет эмес. Ханафия укуктук мектептин эрежелери боюнча чоң күнөө кылып жаткан мусулманды да эч ким каапыр деп айта албайт. Мына ушундай глобалдуу ишенимге жол ачкан гумандуу принциптер коом менен мусулмандын алакаларынын пайдубалы болуусу зарыл.