Саясат

Кумтөр жана мөңгүлөр тууралуу орус эксперти эмне дейт?

10 ноября 2017 г. 18:45 2849

Кыргыз жериндеги мөңгү, суу маселеси боюнча Евразия континентиндеги Табигый байлыктарды коргоо агенттигинин ага эксперти Виктор Козловдун пикирин силер менен бөлүшүүнү туура көрдүк. Айтмакчы, бул кепти балким биздин депутаттар деле, балким кайсы бир эксперттер деле айткан болушу мүмкүн. Болгону «Кыргызга орус айтмайын ишенбейт» деген кеп бар эмеспи. Ошондон улам, теги орус улутунан чыккан эксперттин атынан да чагылдырып койолу деп чечтик.

1993-жылдан бери келаткан маселе

Бул маселенин айланасында 1993-жылдардан бери көп сөз болгон. Кумтөрдөгү кен казуучу компания андан бери бир нече парламенттин түбүнө жетип, бир нече өкмөттү отставкага кетирген. Кумтөр, же Центерра бир канча мамлекет башчыларын, депутаттарды, министрлерди сатып алып, бет аарчыдай алмаштырып турган. Кыргызстан азыр ушундай транс националдык чоң компания менен күрөш жүргүзүп, же күрөшкөндөй түр кылып атат.

Андан да кызыгы, бир кездерде кыргыз өкмөтү Центерра менен чабышып, алы жетпей атса, мамлекеттик телерадио компаниясы Центерранын пулун алып коюп, Центерраны мактап, Центеррага каршы сөз айткан депутаттарды, партияларды бузукулар деп отурду. Ал жерде «Булар Кыргызстанды таратып жоготобуз деп атат. Жалгыз иштеп жаткан комбинатыбыз болсо ошону талкалап, 3000 жергиликтүү тургунду жумушу жок калтырабыз, ошонун бала чакасын ушул депутаттар багып береби» деген сөздөр байма-бай айтылып турду. Мейли жеке гезиттерди айтпайлы, алар акчаны алып кылмышкерлерди да мактап атат. Бирок мамлекеттик деп аталган массалык маалымат каражаттары Кыргызстандын кызыкчылыгын, мамлекеттин кызыкчылыгын коргошу керек болчу. 2 миллиард доллары бар кичинекей мамлекет чоң гигант менен кармашып атканда, баары бириккендин ордуна кээ бир өкмөт мүчөлөрү, Кыргыз Алтындын жетекчилери «67 пайызды ала албайбыз», «Улутташтыруу болбойт», «Баары бир Центерранын айтканына макул болушубуз керек, болбосо бизди сотко берип, түбөлүк кул кылып алат» деп кыйкырып турушту. Негизи сүйлөшүү жүрүп жатканда акылдуу киши алсыз экенин, чөнтөгүндө акчасы жок экенин билдирбейт. Эсебинде 1000 сому болсо, миллион сому бардай сүйлөй берет. А Кыргызстан ачык эле Кумтөргө багынып берип атат.

Маселе 2 жол менен чечилет

Бул маселе 2 жол менен чечилет. Биринчиси – улутташтыруу, экинчиси – капитуляция. Капитуляция деген Центеррага багынып, ал эмне десе ошону аткаруу.

Мен бул тууралуу бир канча эл аралык документтерди окуп берсем. 1952-жылы, 22-декабрда БУУ «Табигый ресурстарды жана байлыктарды эркин эксплуатациялоо укугу жөнүндө» деп мамлекеттин укугу боюнча резолюция кабыл алган. 1962-жылы, 14-декабрда табигый ресурстардын үстүнөн мамлекеттердин тартып алгыс, түбөлүк ээлик укугу кабыл алынган. 1974-жылдын 1-майында «Жаңы экономикалык тартипти орнотуу» тууралуу декларация кабыл алынган. 1974-жылы 12-декабрда мамлекеттердин экономикалык укуктары жана милдеттери жөнүндө хартия Башкы Ассамблеянын резолюциясы менен кабыл алынган.

Мына ушул документтердин маңызы төмөндөгүдөй: Ар бир мамлекеттеги, ар бир континенттеги табигый байлык ошол жерде жашаган элдердин, мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн гана иштетилиши керек. Эгер талаш чыга турган болсо, ошол жердеги элдин укугу жеке инвестордун, чет элдик болобу, жергиликтүү болобу, жеке адамдын кызыкчылыгынан жогору турат. Аны камсыз кылыш үчүн мамлекеттин табигый, тартып алгыз, түбөлүк укугу бар. Ал тартып алып койот деп жазылган. Мына ушуну «улутташтыруу» деп аташат.

Мөңгүлөрдүн баасы 5 млрд эле сомбу?

Туура, Кыргызстан цивилизациялуу өлкө болгон соң, чет элдик компаниянын анча-мынча кетирген чыгымын кайтарып бериши керек. Ал дагы жогоруда айтылган хартияларда жазылган. Бирок, качан кайтарып берет? Эмне менен кайтарып берет? Кандай графикте, кандай өлчөмдө кайтарып берет, аны улуттук сот аныкташ керек. Бул дагы жогорудагы эл аралык келишимдерде, хартияларда жазылган. Мисалы, муну силердеги кайсы бир райондук сот деле аныктап коюуга укугу бар. Негизиги маселе, силердин өкмөт Кудай берген, табигый укугун пайдаланып элдин кызыкчылыгын коргогонго аракет кылып жатабы деген суроодо жатат.

Бул үчүн Кыргыз өкмөтү мөңгүлөрдү талкалап, миллиарддаган сом, балким миллиарддаган доллар зыян келтирди деп Бишкектеги сотко, же Ысык-Көлдөгү райондук сотко берип, утуп алышы керек. Бирок, буга чейин кыргыз өкмөтү 2 жолу Кумөрдүн мөңгүлөргө келтирген зыяны тууралуу маалымат берген. Анын бирөөндө 16 миллиард сом деп айтылса, бирөө 5 миллиард гана сом зыян келтириптир дейт. А эмнеге ортодо 3 эсе айрыма бар? А көрсө Кыргызстанда зыянды эсептеп чыгуу методикасы иштелип чыккан эмес экен. Бул тууралуу кайсы бир фракция 4 жолу кайсы бир Атажанов аттуу өкмөттөгү өкүлгө тапшырма берген. Бирок ал негедир иштеп чыга алган эмес. А эмнеге эки барак методиканы иштеп чыга албайт? Эгер берилген тапшырманы аткара албаса эмнеге кызматта отурат. Бул силердин ички түзүмүңөргө тиешелүү суроо.

Мөңгү силердики, каалашыңарча баалагыла

А негизи ал методиканы өзүңөр жазасыңар да. Ооз толтура айта турган методика жазсаңар болот. 5-6 миллиард доллар карыз болдуң деп мойнуна илип койсоңор болот. Андан кийин улутташтыруу операциясы аткарылган күнү ошол карызын кечип, Кыргызстандан жөнөтүп коймоксуңар? Ошондо алар Кыргызстанда камалып калбай чыгып кеткенине кубанмак.

Өткөн жылдары Центерра бүтүндөй мамлекетке чакырык таштады. Кыргыз өкмөтү аларга «Алтын жер алды менен казылсын» деген чечим чыгарып берген. Бирок Центерра «Мен жер алдынан казбайм, чыгымым көбөйүп кетет экен. Биз жер үстүнөн чапчып казабыз. Ошондуктан мөңгүнү жоготушум керек. Укук бергиле. Укук бербесеңер мен жумушту токтотуп койом. Төрт миң жергиликтүү жумушчу иши жок калат. Анан абалыңарды көрөм. Алар революция кылат» деди.

Ушундан улам өкмөт чет-четинен, гектар-гектарлап уруксат берип турду. Мына эми «Ошол шартты толугу менен кабыл алгыла» деп турат. Центерра «Парламент койгон шартка макул эмеспиз» деп айтты. Бул дипломатиялык тил менен эмес, жөнөкөй тил менен айтканда «Колуңардан эмне келет? Силер эл эмессиңер, мамлекет эмессиңер» деди.

Ошол жерде айлык алгандарды кыргыз мамлекетине, өкмөткө каршы тукурду. Бирок, буга каршы парламенттеги фракциялардын бири «Ушундай чоң ишканалар жумушун токтотуп койом деп коркутса, же атайылап токтотуп коюп элди мамлекетке каршы тукурса, жетекчилиги 15 жылга чейин камалсын» деген мыйзам киргизген. Бул мыйзам эки окуудан кабыл алынды. Бирок качан Центерра реалдуу коркута баштаганда депутаттар ал мыйзамды өткөрбөй коюшту. Ооба, үчүнчү окуудан, чечүүчү мезгилге келгенде законду алып салышты.

Улутташтыруудан коркпош керек

Кыскасын айтканда бул маселени чечүүдө мамлекетте ынтымак болуш керек. Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, соттор, милиция, керек болсо кылмыш дүйнөсү дагы тилектеш болуш керек. Силер ошондо гана жеңишке жетесиңер. Улутташтыруудан коркуунун кереги жок. Жогоруда айтылгандай, бул маселени чечүүнүн 2 эле жолу бар. Алар улутташтыруу жана капитуляция. Чынында капитуляция кылганыңар – мамлекетиңердин алсыздыгын, өз алдынча боло албастыгын көргөзгөнүңөр. Кечирип койгула, андай болсо жөн гана тарап кеткениңер оң.

Бул кичинекей байлыктын, алтындын маселеси эмес, бул көз карандысыздыктын, эгемендүүлүктүн маселеси. Мен айткан БУУнун документтеринин баары эгемендүүлүк, суверендүүлүк деген, өзүңө-өзүң ээ, өзүңө-өзүң кожоюн деген сөздөн башталган.

Насыпбек Асанбаев

эксперимент