Технология/Инновация

“ВКонтакте” соцтармагында ашкере улутчулдар исламчылардан да агрессивдүү

10 ноября 2017 г. 16:47 559

Томск мамлекеттик университетинин (ТГУ) Ири маалымат жана коомдук көйгөйлөр лабораториясынын окумуштуулары “ВКонтакте” тармагындагы радикал улучтулдар менен исламчылардын тайпаларын салыштырган. Анда ультра-улутчулдар күч колдонууга көбүрөөк ыктаары билинген.

Окумуштуулар бул тайпаларды төрт ай изилдешкен. Алардын коомдук-демографиялык курамы, жайгашуу географиясы менен жыштыгы, топтор аралык байланышы, интернет желеде жайгашуу өзгөчөлүгү, карманган идеологиясы анализделген.

«Жалпысынан 42 интернет тайпа изилденип, алардын 29у исламчылар болгон» - деп билдирет ТГУнун пресс-кызматы.

Ашкере улутчулдар менен исламчылар көмүскө куралдуу топторду уюштурууга катышпаса да, физикалык зомбулук жана басынтууну туура көрөт. Бул жерде баарынан кызыгы, ультра-улутчулдар исламчыларга караганда агрессивдүү экени маалым болгон.

“Радикал улутчулдарды жактагандар мигранттарга, башка раса жана улуттагыларга каршы зомбулук акцияларына ачык эле чакырышат. Аларды душман катары көрөт, - дейт жогоруда аталган илимий лабораториянын кызматкери Сергей Чудинов. - Бул соцтармактардагы экстремисттик аракеттерди көзөмөлдөп, алдын алган атайын кызматтар жана мамлекеттик органдар ультра-улутчулдарга анчейин куугунтук кылбаганына байланыштуу”.

“Изилдөөлөр улутчул экстремисттик тайпалардын коомду бөлүп-жаруу мүмкүнчүлүгүн орусиялык коомчулук анча коркунучтуу эмес деп жаңылыш баалап келгенин көрсөттү”, - дейт окумуштуу.

Буга чейин Ири маалымат жана коомдук көйгөйлөр лабораториясынын окумуштуулары исламчыл тайпаларды изилдеп келген. Бул топтор мамлекеттик саясаттын катуулоосуна ылайыкташуга мажбур болгон. Аларда зомбулукка ачык чакырык жок. Бирок салттуу багыттагы мусулмандарга, суфийлик агымдарга, башка диндин өкүлдөрүнө, светтик коом менен мамлекеттик түзүмдөргө карата “душман тили” (жек көрүүнү, жаман көрүүнү чагылдырган тил - Саресеп) дагы эле колдонулуп келет. Радикал мусулмандык топтун материалдары жалпы мусулмандык тематикага, дин тууралуу мыйзамды талкуулоо сыяктуу иш-чараларга ыкташып кете берет.

Эң кызыгы, алардын радикал жорумунун талаптарына жооп бербеген диндештерине карата исламчылардын аргессиясы, башка коомдук топторго караганда жогору.

Ярослав Власов, taiga.info