Технология/Инновация

Кыргыз, казак жана татар элдериндеги орус тил опузасы

10 ноября 2017 г. 9:32 663

Тил маселеси боюнча Москваны карап адаттагыдай жүгүндүк. Орус эксперттери Казакстанда латын ариби кирип жатканына нааразы. Татарстан мектептериндеги жумасына 5-6 сааттык татар тили сабагы 2 саатка түшүрүлдү

8-ноябрда РИА Новости агенттигине маек курган жаңы шайланган ажобуз Сооронбай Жээнбеков: “Көптөгөн кыргызстандыктар сыяктуу эле, мен үчүн да орус тили илим, билим, адабият жана искусствонун кең дүйнөсүнө терезе болду, - деген оюн айттып, сөзүн - Орус тили Кыргызстанда расмий статусун сактап кала бермекчи, анткени ал тынчтык тили жана Бириккен улуттар уюмунун тилдеринин бири”, - деп бүтүрдү.

Бул көнүмүш формуланы биздин президенттер мамлекет башчылыкка аттанарында өз элине берген анттан мурун айтуусу адат болуп калды.

Ал арада Казакстандын латин арибине 2025-жылга чейин өтүүсүн расмий Москвага жакын серепчилер катуу сынга алышты.

Орусиянын илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунда регионалдык программаларды тескеген Александр Князев "Казак бийлиги улуу түндүк коңшусунун нервине ойногусу келип жатат" деген кыжырлуу оюн айткан. Ал: “Казак төбөлдөрү саясий технологиялык оюндарга алдырып жатат. Чынын айтканда казак политикасы – бул чоң спектакль... Мындай аракеттин баары Евразиялык экономикалык бирикме жана Байкоңур сыяктуу реалдуу көйгөйлөр боюнча Орусия менен соодалашуу үчүн гана жасалуда”, - деп кызаңдаган.

Орусиянын бейрасмий уюмунун бири болгон Стратегиялык өнүгүүнү моделдөө борборунун вице-президенти Григорий Трофимчук: “Тил, кирилл ариби – тарап кетүүнү тосуп турган акыркы бөгөт... Президент Назарбаевдин латын арибине өтөм дегени тил жаатында аракеттенген “орус дүйнө” институттарынын стратегиялык чегинүүсү... Эл аралык “орус” структуралары боордош элдердин дагы кайсынысы жакын арада латын аймагына өткөнү жатканы жана тескерисинче эмнеге латындан кирилл арибине өткөн бир да мамлекет жоктугу тууралуу Путинге отчёт бериши керек”, - деген пикирин айткан.

Жакында Орусиянын өзүндө тил көйгөйү козголду. 2017-жылдын июль айында Владимир Путин орус тилинен башка тилдердин мектепте милдетүү окулушуна каршы экенин билдирген. Андан көп убакыт өтпөй Орусиянын Генералдык прокуратурасы менен Билим берүүнү көзөмөлдөө мекемеси Татарстандын мектептеринин директорлоруна татар тили менен адабиятын окутууну кыскартуу талабын коюшкан. Татар бийлиги болсо "Татар тилин окуткан мугалимдер жумушу жок калат го" деген шылтоо айтканга аргасыз болгон.

Ноябрь айынын башында татарлардын Билим берүү министрлиги татар тилин окутууну милдеттендирген окуу куралын мектептерге тараткан. Татарстандын прокуратурасы "Регионалдык министрлик өз ыйгарым укуктарынан сырткары чыкты" деп окуу куралдарын артка кайтарууну талап кылды.

Татарстанда татар тилин милдеттүү бойдон калтырып-калтырбоо талашы түн ортосунан нары созулуп, татар тилин 5-6 сааттан 2 саатка түшүрүү, калганын башка элдердин тилдериндей окуу программасынан сырткаркы убакта окутуу мерчемделди. Мындан сырткары татар тилин окутуу 9-класс менен аяктап, 10-11-класста орус тили менен адабияты гана берилмекчи. Бирок Татарстандын прокуратурасы өз президенти Минниханов “баштапкы жетишкендик” деп атаган акыркы чечимди да сынга алып, татар тилин милдетүү окутуудан толугу менен алдырууга бел байлагансып турат.

Биздин бийликти түшүнсө болот. Орус тилчилери өздөрү моюндагандай, жылына жүз миңдеген колдонуучусун жоготуп бара жаткан орус тили, алар үчүн дүйнөгө ачылган жалгыз терезе бойдон калууда. Бирок кыргыз тилинен түз англис, кытай, түрк, араб, немис жана башка тилдерин өздөштүргөн жаштар күн санап көбөйүүдө. Ушул реалдуулукту эске алып, орус тили маселесин биротоло чечүү убагы келгенсийт.

Ушундан улам "Иттин куйругун каңшылатып улам кичинеден кырка бербей, биротоло чорт түбүнөн кесиш керек, орус тили боюнча улам маселе чыгарбай, анын расмий статусун биротоло алып, жалгыз кыргыз тилин милдеттүү кылыш керек" деген дунган эксперт мекендештин тентек пикири эске түштү.

2020-жылы Баш мыйзамга өзгөтүү киргизээрде, тил маселесин биротоло чечүү керек окшойт. Биздин бийлик орус президенти Владимир Путинден Орусиядагы тил саясаты боюнча бир сабак алышы керек. Айрыкча Орусия федералдык, Кыргызстан болсо унитардык мамлекет экенин эстегенде, бул сабак биздин аткаминерлер үчүн милдетүү даражада маанилүү.