Технология/Инновация

Эскиликтен баш тартпайлыбы

9 ноября 2017 г. 18:20 291

1917-жылдын мемуарларын окусаң элдин уламдан-улам, айдан-айга токтоосуз айбандашып баратканы таң калтырат. I Дүйнөлүк Согуштун үч жылы адамдарды эч өкүнбөй, эч ойлонбой, кабагым кашым дебей туруп киши өлтүрүүгө үйрөтүптүр. Бул жөндөм жаңы саясаттын учурунда ого бетер албууттанып кеткен

Натыйжада, калктын ичинде жыйналып калган жырткычтык дароо атырылып чыккан. Мисалы, Кронштадда матростор адмирал Непенинди жана көптөгөн офицерлерди 1917-жылдын февраль айында эле өлтүрүп, андан кийин бир да каршы чыккан офицер калбай калганча өлтүрө беришкен.

Кээ бир жерде полистерди, губернаторлорду өлтүрүшкөн. Андан кийин бул көнүмүш адатка айланган. «Өлтүрүп коюптур», «Түрмөгө камап алып аябай сабап, мазакташыптыр. Бирок өлтүрүшпөптүр». «Помещиктердин коро-жайын өрттөп жиберишиптир, аларды аяп болобу?», «Дыйкандар тезирээк жер алгысы келип жатат. Анан баары эле жогору жактын чечимин күтүп отурмак беле? Туура кылат» - деген сөздөр байма-бай айтылып турган.

Февраль-март айларында революциялык бийлик күндөн-күнгө алсырап баратса да гумандуу, адилеттүү жана чынчыл болгонго аракеттенген. Ошондуктан, мисалы, падышанын үй-бүлөсүн Германияга шпиондук кылды деген доомат (1916-1917-жылдардын сүйүктүү маселеси) аягында аларды актоо менен аяктаган. Себеби бул доомат боюнча эч кандай документ, далил, же күбө табылган эмес. Убактылуу өкмөттүн тергөөчүсүн падыша менен жубайы гана кызыктырган, балдары жөнүндө сөз да болгон эмес. Алардын күнөөсүз экенин баары эле түшүнүп турган. Большевиктер болсо баарына белгилүү болгондой, падышаны бүтүндөй үй-бүлөсү, кызматчылары менен бирге бир жыл өтпөй эч кандай суроо-соболсуз атып салышкан.

Падышанын абактарында жатып, сүргүнгө айдалган, 1917-жылдын февралынан кийин жаңы бийликке айланган ыңкылапчынын баары падышалык империянын ак сөөктөрүн бирин калтырбай кырыш керек деген эмес. Көчөдө кандай иштер болбосун, мамлекеттик деңгээлде системдүү террор жана укуксуздук болгон эмес. Буга чейин террорчу жана өтө кооптуу саясий кылмышкер делгендердин көбү мамлекетчил жана мекенчил болуп чыккан. Алар ири жана орто бизнес менен макулдашуу, эл аралык келишимдерди сактоо, таза шайлоо өткөрүп, кулатылган бийликке гумандуу мамиле кылуу керек дешкен. Бирок Керенский, Чернов, Церетели сыяктуу идеалисттердин аркасында эреже жана уят-сыйыт дегенди билбеген мыкаачылар менен пас адамдар бийликти алууга даяр турушкан.

Кийин эле октябрда бийликке келгендер дароо башка чыйыр ачышты. 1917-жылдын октябрындагы эскерүүлөрдү окуганда, бардык жер ашып-ташыган жапайылыктарга толуп турганын көрөсүң. Мисалы, эгер кичине эле каршылык болсо, большевиктер Кышкы сарайды атууга даяр болушкан. Кийинки окуяларга караганда, бул байыркы архитектуралык имаратты ичиндеги тарыхый эмерек-кечелери, буюм-тайымдары менен эч ойлонбой туруп таш-талканын чыгармак.

Колго түшүрүлгөн акыркы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн алар эч кимге зыяны жок интеллигенттерден турганына карабай, Петропавлов чебине (түрмө) алып баратканда ыңкылапчылар өлтүрүп, дайрага салып жиберели деген. Анткени 1917-жылдын октябрында “туура эмес” уюмга мүчөлүгүң көзүңдү тазалап салууга жетиштүү болгон. Биринчи жеткирилген мүчөлөр эптеп тирүү калганы менен, кийинки камакка алынгандын көбү абакка жетпей өлтүрүлгөн.

Андан кийинки тарыхты биз дагы эле совет үгүтүнүн призмасынан карап келебиз: атчандардын атырактаткан чабуулу, Парижди көздөй созолонуп качып бара жаткан офицер мырзалар, эмиграциядагы бүтпөгөн талаш-тартыштар, павка корчагиндердин эрдиги дегендей.

Бирок бүгүн большевиктерге башка өңүттөн карап, алар түзгөн режимди тасма, анегдот же ураандар менен эмес, фактыларга жараша баалоо убагы бышып жетилди. Эми жүз жыл өткөн соң баарын өз атынан атасак - большевиктер бийлиги алдында калган бир гана элди эмес, бардык элдерди акылга сыйбаган масштабдагы кыргынга учураткан. Андан кийин XX кылымдын аягына чейин Кубадан Камбоджага, Кореядан Чыгыш Европага чейинки аймактардагы коммунисттик ураандар менен жүзөгө ашкан кызыл кыргынды 1917-жылдын октябрындагы большевиктер баштап берген.

Кызыл террорду кандай болбосун актоо - бул абийирсиздик. Айрыкча “актар биринчи баштаган” деген жалган менен «адалдоо» дегеле мүмкүн эмес. Большевик өкмөтү үлкөн коомдук топторду ырааттуу түрдө басмырлап баштаганда актардын жыты да жок болчу. Советтик бийлик калың коомдук катмарларды мыйзамдан сырткары чыгарып, аларды укуксуздук, басмырлоо, ачарчылык жана өлүмгө түрткөн. Томолой жетим калган балдарды куткарган Дзержинский тууралуу адаттагы жомокту угуп баштаганда, алардын ата-энесин ким кырып салганын унутпаш керек.

Буга чейин колтукташып келген социалисттик партиялардын (эсер, меньшевик жана анархист) өкүлдөрү большевиктердин төбөлдөрүнө кол салса, алардын ордуна көзүнө көрүнгөн колунда барларды, же интеллигенттерди чекеден атып салууну большевиктердин алгачкы айлардагы өзгөчө, теңдешсиз пастыгы катары баалоо керек. Бул жерде башаламан убактан пайдаланып мүмкүн болушунча көбүрөөк “буржуйду” кырып, анын мүлкүн тоноп алуудан башка логика көрүнбөйт. Мындай сот-соболсуз өлтүрүү менен фашисттердин адамдын баш сөөгүнүн өзгөчөлүгүнө жараша жан алуусунан кандай айрымасы бар?

1918-жылы жазга маал бай-көпөстөрдөн сырткары падышачылыктын, же эски бийликтин жактоочусу болбогонуна карабай “туура эмес” ыңкылапчылар да - эсерлер, меньшевиктер жана башкалар - жаңы бийликтин душманы болуп чыга келди. Натыйжада аларды Жарандык согуштун убагында жана кийинки сталиндик террор маалында өлтүрө беришкен. “Туура эмес класстагыларды” сот-соболсуз эзүү - бул совет бийлигинин фирмалык белгиси болгон. Большевиктер мунусун жашырмак тургай, бир нече убакыт бою сыймыктанып да келишкен. Ошол эле Свердловск шаарындагы Ипатьев үйүнө 1930-жылдары пионерлерди алып келип, жер төлөсүнүн дубалындагы октун тешиктерин көргөзүп, «Бул жерде падыша, мында ханзаадалар, тигинде тактынын мураскери турган» - деп сыймыктанып айтышканын көпчүлүк биле бербейт. Ал убакта жаш балдарды өлтүргөнү үчүн сыймыктанууну эч ким туура эмес көрбөптүр. 50-70-жылдары гана совет режими бир аз тартынып, балдарды мындай коркунучтуу экскурсияларга алып барбай калышкан.

Учурда акыркы падышаны кудайлаштырып жатат деген себеп менен большевиктерди актаганга болбойт. Падыша кандай болбосун ага жана үй-бүлөсүнө кылынган мыйзамсыздык акталбайт. Айрыкча, ал кезде бир гана падышанын үй-бүлөсү мындай адилетсизикке кабылган эмес. “Туура эмес” коомдук тапта төрөлүп калгандыктан Жарандык согуш маалында жана андан кийин кадам-кадам ишке ашкан террор доорунда миңдеген үй-бүлө түп-тамыры менен жок кылынган. Алардын көрүстөнүнө ыйлап барчу эч ким жок. Анткени бир да тууганы соо калган эмес. Дворяндар менен буржуйларга ичибиз ачышпаса да, коллективдештирүү жана андан кийинки үрөй учурган окуяларда аты-жөнү билинбей, аркасынан ыйлаар эч кимиси жок жер алдына миллиондоп көмүлгөн дыйкандарды бир эстеп коёлу.

Тарыхыбызды кандай болсо ошондой кабыл алалы. 1917-жылы бийликке кан ичкич, агрессивдүү жана жырткычтык диктатураны ондогон жылга орноткон солчул радикалдар келген. Ал бийлик урап түшкөнүнө 25 жыл өтсө да, өлкөбүздүн жетекчилиги адам укуктарына, жеке эркиндикке, жеке менчикке жана гумандуулукка жийиркенич менен караган, бурмаланган советтик системанын “баалуулуктарынын” чегинде тарбияланган адамдардан турат. Жашы бир топко барып калган бул кишилерге Лениндин эстелиги жана комсомол, Дзержинский менен ЧК баа жеткис бийиктик. Себеби алар ушундай тарбияланган жана өздөрүнөн-өздөрү качып кете албайт. Бирок совет үгүтүнүн аймагынан сырткары өскөндөр, же андан чыгып кете алгандар 2017-жылдын бийиктигинен карап туруп, коммунисттер өз идеалдары үчүн курмандыкка чалган миллиондогон жан текке кетти деп акыры айтышы керек. Большевиктердин төңкөрүшү биздин өлкө үчүн керексиз болчу, ал мамлекетти алсыратты жана бир нече муундун үшүн алды. 1980-жылдардын аягында СССР өз жарандарын азык-түлүк, товар жана кызмат көрсөтүү менен камсыздай албаган жакыр жана алсыз мамлекетке айланды. Адамдардын укуктары менен эркиндиктерин сөз кылбай эле коёлу. Мына индустриялашыруу жана коллективдештирүүгө миллиондогон курмандык чалган советтик авантюранын натыйжасы.

Совет бийлиги биздин тарыхтын маанисиз туңгуюгу болду. Бул жалгандын, кандын жана баткактын арасынан намыска жана сыйынууга бир нерсе издештирүү - өзүн алдоо же айыккыс пастык. Өзүбүзгө калп айтууну токтотуп, пастыктан тообо кылсак жакшы болмок. Жүз жылды азаптан арылбай өткөрүү бир өлкө үчүн өтө эле көп мөөнөт.

Федор Крашенинников, Сноб, 7-ноябрь 2017-жыл