Жорум

Мөңгүлөр жана “бузук телефон”

8 ноября 2017 г. 18:15 1246

Бүгүн Кыгыз Республикасынын парламентинин имаратынын жанында Суу кодексин өзгөртүүгө каршы митинг өттү. Өзгөртүү боюнча Кумтөр алтын кенинин жанындагы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү коргоодон чыгарылмакчы

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү боюнча комитети үчүнчү окууга даярдап жатып, аталган мыйзам долбоорун жактырганы калк арасында нааразылык жаратты. Долбоор үчүнчү окууда бүгүн каралмакчы, бирок бул тууралуу маалымат парламенттин сайтында жок.

Митингге чыккандардын айтымында, бул мыйзам долбоору элдин кызыкчылыгына каршы, ал кабыл алынып жатканда коомдук талкуу болгон эмес.

Суу кодексине жаңылыктарды киргизүү 2015-жылы эле демилгеленген. Негиздемесинде жазылгандай, долбоордун тексти Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайттарына жайгаштырылган. Коомдук талкуунун натыйжасында мыйзам долбооруна оңдоо жана сунуш келген эмес.

Жогорку Кеңеш аталган долбоор боюнча коомдук талкуу өткөргөндүгү тууралуу маалымат парламенттин сайтында көрүнбөйт.

Ал экинчи окуудан өтүп жатканда депутаттардын өздөрүнөн (бешинчи чакырылыш) сунуштар берилиптир.

Жогоруда тастыкталган жагдайлар мыйзам чыгаруучулар менен карапайым калк арасында байланыш көйгөйү бар экенин ачыкка чыгарды. Мындай көйгөйдүн кесепети белгилүү. Алар өз-ара түшүнбөстүктөр, коомдук абалдын чыңалуусу, митингдер ж.б...

Бул өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы тууралуу маселеге кирбей туруп, сүйлөшүү жана коомдук угуу аркылуу коомдогу чыңалууну төмөндөтүү мүмкүн экенин айталы. Тартышуунун өзү кызыкдар тараптар менен эксперттер катышкан дискуссия убагында эле чечилмек.

Жалпысынан алганда, эреже чыгарган органдар менен жарандардын ортосунда ыкчам байланыштын жоктугу маселесин жакын арада чечүү зарыл. Антпесе, элдик толкундоолорго себеп болгон нааразычылыктар дайыма пайда боло бермекчи.

precedentinfo.kg, 8-ноябрь