Коом

Кыргыз Германиянын кесиптик окуусуна кире алат. Эмнеден баштайсыз?

8 ноября 2017 г. 14:16 284

Немистердин жогорку окуу жайлары чет өлкөлүктөргө белгилүү. Бирок КМШнын, анын ичинен Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрү Германияда жумушчу кесибин үйрөнсө болоорун көпчүлүк билбейт. Муну кантип ишке ашырса болот?

Окуу стандарттары жогору жана төлөмдүн жоктугунан улам немис ЖОЖдорун көп чет өлкөлүктөр жактырат. Бирок Германияда жумушчу кесипке окуса да болоорун баары эле биле бербейт.

Окуунун жарымы ишканада өткөн атактуу германдык система боюнча кесиптик үйрөнүү бардык кишиге ачык. Андан да жакшысы, мындай окууну бүткөн адамды немис жумуш базары жерде калтырбайт. Эмесе ушул жолду тандаган киши эмнелерди эске алуусу керек?

Окутуунун эки модели

Кесиптик окуу Германияда бир жылдан үч жарым жылга чейин узап, анын эки модели бар. Биринчисинде, жумушчу кесиптерди кесиптик окуу жайда, же коллежде (Schulische Ausbildung) окутушат. Бул ыкма боюнча окуу көбүнчө аудиторияда өтөт. Практикасы болсо окуу жайдын алдындагы иш жайында, лабараторияда, же башка ишканалардагы кыска мөөнөттүк стаж алууда өтөт. Мындай жол менен оорукчан кароочу, жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлү, же туризм тармагынын адиси болуп чыкса болот. Теориясы практикасына үстөмдүк кылган бул ыкма Германияда аз таанылган жана анча популярдуу эмес.

Жумуш бергендер арасында экинчи ыкмадагылар - дуалдык система (Duale Ausbildung) менен окуп бүтүргөндөр кадыр-баркка ээ. Мында окуунун көпчүлүгү ишканада өтөт. Окуучу жумасына бир-эки жолу, же андан да сейрек кесиптик окуу жайга барып, теория үйрөнүп туруусу керек. Бул ыкма боюнча учурда 330 кесипти өздөштүрсө болот. Окуу орундарын ишканалар камсыздайт.

2016-жылы экинчи ыкма менен кесип үйрөтүүдө 40 миң окуу оруну бош калган. Ошол эле убакта немис жумуш базары айрыкча электроника, механика жана темир иштетүү боюнча жумушчу кадрларга муктаж.

Жумуш берүүчүнү табуу

Кыргызстандын жана башка КМШ өлкөлөрүнүн мектебин бүткөндөр немис ишканаларына шакирт болуп кире алат. Дуалдык система менен окуп башташ үчүн биринчиден кесип тандап, окуучу катары алчу ишкана табыш керек. Кесиптердин тизмесин немис кесиптик окутуунун (https://www.bibb.de/de/berufeinfo.php/search) сайтынан тапса болот.

Бош жумуш орундары тууралуу маалыматты Германияда кесиптик билим алуу мекемесинин Эмгек боюнча федералдык агенттиктин сайтындагы (jobboerse.arbeitsagentur.de) порталдардан (Аusbildung.de, Aubi-plus.de, Azubiyo.de) жана ишканаларга таандык сайттардан тапса болот.

Мисалы, 2018-жылы атактуу Bosch компаниясы техникалык кесиптер боюнча жүзгө жакын жумушчу издеген. Немис жумуш базарында кандай кесиптер керек экенин Эмгек боюнча федералдык агенттиктин “ак тизмеси” да көрсөтүп турат.

Арыз берүү

Кесиптик окууга тапшыруу боюнча арызды вакансия берем деген ишканага түздөн-түз тапшыруу керек. Жумуш бергендер адатта резюме, немис тилине которулган аттестаттын көчүрмөсү, жолдомо каттар, же практика өтөгөндүгү тууралуу күбөлүк болуусун күтөт. Кээ бир ишканалар аттестаттын немис стандарттарына шайкештигин талап кылат. Аны кайсыл мекемеге текшерүүгө жиберүү керектиги тандалган кесип жана кесиптик билимди сунган регионго жараша айырмаланат. Мындай мекемелердин Германиядагы даректери Anabin.de ("Anerkennungs und Beratungsstellen in Deutschland", "Suche nach Stellen für Berufe") порталында белгиленген.

Фирманын көбү, мисалы, немис тили жана математика боюнча онлайн тандоо тестинен өтүүнү сунушташат. Бул тапшырманы ийгиликтүү тапшырган кандидаттарды сүйлөшүүгө чакырышат.

Аттестаттагы жакшы баалардан сырткары немис тилин билүү эң маанилүү шарт. Эмгек боюнча федералдык агентигинин Чет өлкөлүктөрдү жумуш менен камсыздоого жардам берүү боюнча борбордук кызматы (ZAV) немис тилин жок эле дегенде А2 деңгээлинде билүүсүн талап кылат. Медициналык кесиптер боюнча В1 даражада талап кылынат.

“Бул расмий талап. Бирок мындай билим жетишсиз”, - дейт ZAVдын пресс-кызматынын өкүлү Беате Раабе. Себеби кесиптик окуу жай немис тилинде окутат. “Биз В1, андан да жакшысы В2 деңгээлине жетүүнү сунуштайбыз. Антпесе окуу материалын өздөштүрүүдө, сынак тапшырууда маселе чыгат”, - деп эскертет ал.

Виза алуу

КМШ мамлекетинин жараны улуттук виза алуусу шарт. Германиянын элчилигине ишкана сиз менен жазуу түрүндө келишим түзгөн соң кайрылуу керек. Бул документте окуу мөөнөтү, сыноо убагы, ишканада иштөө сааттары, окууга баруу маалы жана маянасы көрсөтүлөт.

Виза алууда акча меселеси олуттуу орун ээлейт. Дуалдык система боюнча ишкана шакиртке ай сайын маяна төлөйт. Ал кесип жана регионго жараша айырмаланат. Консулдукта ай сайын 800 евроңуз болоорун далилдешиңиз керек. Эгер шакирттин маянасы бул суммадан төмөн болсо, айырманы жапкыдай башка каражатыңыз бар экенин тастыктооңуз шарт. Аны банктык эсептин выпискасы, же каржылык колдоо кагазы менен тастыктаса болот.

Deutsche Welle, ноябрь