Материалы на русском

Футболчу Айдана Оторбаева эмнеге Кыргызстанда ойногусу келбейт?

8 ноября 2017 г. 11:04 1455

Айдана Оторбаева Кыргызстанда айымдар футболу бар экенин далилдеген таланттуу кыз. Ал көпчүлүктүн назарын айымдар футболуна бура алды. Эмесе анын айымдар футболу, феминизм жана карьерасы тууралуу маегине көңүл бурсак...

Айымдар футболу, анын өнүгүүсү жана андагы орду

- Айымдар футболу боюнча чемпионат Кыргызстанда 2003 же 2004-жылдан бери бар, так датасын айта албайм. Ошол учурларда айымдар футболунун лигасы түзүлүп, кубогу ойнотулуп, командалар негизделген.

Бирок андан бери 14 жыл өткөнү менен спорттун бул түрү эми араң кас-кас туруп, биринчи кадам шилтөөгө аракет кылууда десек болот. Анын келечеги кең экени талашсыз. Ал эми аны таанытууга келсек, акыркы эки жылда мен миңдеген кыргызстандыкка айымдар футболун тааныттым деп эсептейм. Мурунураак минтип айтуудан тартынчумун. Азыр болсо муну ишенимдүү айта алам.

Жакында Голландияда айымдар футболун өнүктүрүү боюнча конференцияга катыштым. Мен Азиядан барган жалгыз өкүл экем. Япониядан да, Кореядан да келишпептир. Мына ошол жерден көп нерсе үйрөндүм.

Ал жерде катышып, сөз сүйлөгөндөрдүн окуялары аябай шыктандырды. Алар чын эле тең укуктуулук үчүн күрөшүшкөн. Чындап келгенде, эркек жана айымдар футболунда иштегендердин маянасы асман менен жердей айырмаланат. Жөн эле футбол ойнош үчүн күрөшүп, ийгиликке жеткендердин көп окуялары бар. Мунун баарын биздин өлкөдө ишке ашырса болот. Бирок бир ууч кишинин күчү жетпейт. Аны кыздар өздөрү каалашы керек, ал мамлекетке зарыл болушу керек, жакшы кадрлар керек.

Феминизм жөнүндө

Мен өзүмдү фемин катары көрбөйм. Мисалы исламды алсак, аны туура көрсөткөндөр бар, бурмалагандар да жок эмес. Феминизм да ушундай. Аны бурмалап, агрессиялуудай көрсөткөн айымдар да бар. Бир жергиликтүү фемин менен жолукканым эсимде. Анын сүйлөгөнүндө кыжырлануу сезилип турду. Мага анча жаккан жок. Аялзатынын укугу үчүн күрөшүү - агрессия көрсөтүү эмес. Ал мага фемин эмес эле, эркекти жек көргөн киши болуп көрүндү.

Адатта аялдар да, эркектер да маселени жөнөкөйлөтүп, феминизмди башкача көрсөтүшөт. Ошондуктан феминизм, чынын айтканда, негативдүү бааланат.

Ооба, мен спорт жаатында кыздардын укугу үчүн күрөшөм, спортту аялдардыкы жана эркектердики деп бөлбөйм. Мен каалагандын баары спорт менен алектенишин жактырам, аларды эч ким тыйбашы керек.

Ооба, менин кандайдыр бир тарабым феминдикке жакындыр, бирок өзүмдү антип атай албайм. Анткени, кээ бир турмуштук учурларда: “Сен эркексиңби, сен кыл...” деп салам. 22 жашка келип алып, эми өзүмдү 100% феминмин десем, чындыкка коошпой, эки жүздүүлүк болуп калат.

Футболдун жашоомдогу орду

Мен турмушка чыккандан кийин да сүйгөн кесибим менен алектенем деп жатам. Бул 100 пайыздык чечим. Эгер 30 жашымда күйөөгө тийсем, ден-соолук жакшы болсо, 35 жашка чейин футбол ойнойм. Анткени спорттук мүмкүнчүлүк чектелүү. Табият өзүнүкүн талап кылгандыктан, 35 жашта күчтүү натыйжа көрсөтө албайсың.

Алты жаштарымда башталган максатым менен кыялым бүтүндөй футболго байланган. Менин кыймыл-аракетимдин баары футболдун тегерегинде.

Футболду таштоо тууралуу да ойлогон убактарым болгон. Бизнес жана билимдеги лидерлик боюнча Enactus коомунда иштеп жүргөн кезимде Японияга баруу, же Кыргызстанда калып коомдук долбоорлор менен иштөө тандоосу болгон. Ошол кезде мен келесоолонуп бир жыл эс алып, үйдө калайын деген чечим кабыл алгам. Ооба мен шансымды качырдым, бирок Кудай бир гана мүмкүнчүлүк бербесине ишенем.

Ооруп, кайра сакайып жүргөн учурларымда футболду таштоо ойлору бат-бат келип турду. Жаңы айыгып чыккан убакта өтө начар болгонум эсимде. Бир нече жолу машыгуудан чыкканымда мурун жеңил эле кылган нерселеримди аткара албай калганыма ызаланып ыйлагам. Өзүмө аябай таарынып, ыйлап, “Болду, мындан кийин машыкпайм” - дечүмүн. Бирок эртең менен ойгонгондо эле баарын унутуп, кийимдеримди жыйнаштырып алып, машыгууга жөнөчүмүн. Бул жагынан жеңил адаммын деп эсептейм.

Келечек жөнүндө

Мен карьера жасап, ойногум келет. Бирок Кыргызстандан сырткары жерлерде. Мекенди сүйүү - сөзсүз ушул жерде калып ойноо дегендик эмес, бул кем акылдык.

Бир маегимде клубум менен жарандыгымды Германия, же Американыкына алмаштыргым келет дегем. Бул курама командага чыккынчылык кылуу дегендик да эмес. Мен өз тамырымды, кайсыл жерден баштаганымды эч качан унутпайм.

Эгер сен келечегиңди Кыргызстанда гана элестетсең, анда баарын таштап салып, карапайым эл ойногон футболго кете бер деген кеңеш берет элем. Анда күндө убактыңды коротуп машыгуунун деле кажети жок.

Мен келечекте бүткүл дүйнөнүн кыздарын шыктандыргым келет, бирок Кыргызстандын кыздары өз максаттары үчүн күрөшүп, аракет кылуусу мен үчүн маанилүү.

Андан кийин кыргыз кызы чет өлкөдө ийгиликке жетсе, мекенибиздин кыздары үчүн жакшы өрнөк болмок. Анткени ийгилик керек экениңдин белгиси да. Мында да мекенчилдиктин үлүшү бар.

Январдан баштап мен Красноярскта Орусиянын жогорку лигасында ойноп баштайм. Бирок мен үчүн Орусия анык чет өлкө эмес. Бир жыл мурун Орусия же Казакстанда ойнойм деп элестеткен эмесмин. Анткени Казакстан жакшыраак ойносо да, спорт жагынан аны өстүрчү аянт катары карабайм.

Орусияга да баргым келген эмес. Ал жак суук, эли биздикиндей боорукер эмес, Европага баргым келчү. Бирок ойлонуп отуруп, тажрыйба баарынан улук дедим.

Биздин машыгуулар дүйнөлүк деңгээлде эмес. Ошондуктан тажрыйба менен жакшы даярдык жок Европа тандоосуна бара албайм. Анткени Кыргызстанда менин сапаттуу машыгуум жокко эсе. Көп дегенде 8-10 оюн болот. Анын баары эле сапаттуу жана чыныгы атаандаштык эмес.

Устатым менен кеңешип көргөн соң тажрыйба топтоп, башка деңгээлде ойнош үчүн Орусияга учууну чечтик. Андан кийин гана Европалык лига турат. Албетте, ал жак суук, бирок кыздардан үйрөнчү көп нерселер, өнүгүү шарттары бар. Кыргызстанда өзүмдү бир карыш бийик сезем, ал жакта болсо башкалар менен бирдей болом, физикалык жактан арттамын. Мага топту жөн эле бере салышпайт.

Мен өзүмө ишенүүм менен эбегейсиз дымагымдын себебин билбейм. Көпчүлүк өзүңө ашыкча ишенесиң, мактанчааксың деши мүмкүн. Муну көбүнчө кыздар айтат. Бирок мен 5 жылдан кийин Европа менен Американын алдыңкы клубдарында ойноорума ишенем.

“Енисейде” тажрыйба топтогон соң, бир жылдан кийин мени негизги максатыма - Европалык жана Америкалык лигага жакындаткан клуб пайда болооруна ишенем.

Спорттук карьерам аяктаган соң ФИФА, же УЕФАда дүйнөлүк айымдар футболун өнүктүргөн макамды ээлегим келет. Болбосо, бизнесвумен болуп, Кыргызстандагы айымдар футболун өнүктүрүү үчүн инвестиция кылам.

Мындан сырткары мени жазуучулук кызыктырат. Мен дүйнөнүн алдыңкы клубунда ийгиликке жеткенимден баштап эл “Менин кыялымдын сапары” деген афтобиографиялык чыгармамды күтө берсе болот.

Мен балдарды же команданы машыктырбасымды даана билем. Анткени өзүмдү машыктыруучу катары элестете албайм. Футболдо мен оюнчу гана боло алам.

kaktus-media, 5-ноябрь

http://kaktus.media/doc/365749_fytbolistka_aydana_...