Материалы на русском

Валерий Кичин Кыргызстан курама командасынан баш тартты

7 ноября 2017 г. 22:18 550

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасында улуттук форма кийип келген Валерий Кичин федерациянын дарегине расмий арыз менен кайрылып, улуттук курама командада ойноодон баш тартканын билдирди.

Учурда Валерий Кичин Орусиянын «Енисей» футбол клубунун сол канаттагы коргоочусу болуп тер төгүп келет. Ал акыркы жолу үстүбүздөгү жылдын 28-мартындагы Макао менен өткөн беттеште улуттук форма менен көк майсаңга чыккан. Ал эми 14-июндагы Индия жана 10-октябрдагы Мьянмар менен беттешүүдө мурда алган жаракатынан улам команданын тизмесине кирген эмес.

Азыркы учурда Кичиндин жараты айыккан жана 4-ноябрда ФНЛдин кезектеги «Енисей» менен «Сибирь» командаларынын ортосундагы оюнда көк майсаң үстүнө чыккан.

Кичин эң алгачкы жолу 2011-жылы Өзбекстан менен өткөн беттеште улуттук курама команданын формасын кийген. Ал карьерасында Кыргызстандын курама командасынын катарында 23 расмий беттешке катышканы менен расмий оюндагы голу жок. Бирок расмий эмес оюндарда 3 голдун ээси болууга жетишкен.

Айтмакчы, Кыргызстан улуттук курама командасы учурда Малайзияда даярдыгын улантып жатат. 14-ноябрда Азия-2019 чемпионатына тандоо оюндарында Макао менен беттешмекчи. Беттеш Makau Olimpic оюнталаасында өтөт.