Технология/Инновация

Диний-саясий-мураскорлук реформасыбы? Саудиядагы саясий кармаштын чоо-жайы

7 ноября 2017 г. 14:52 83

Сауд Арабиядагы окуялар тууралуу жакшы макаланы Зэк Бошон www.vox.com интернет сайтына жазган экен. Макалада учурдагы падыша Салмандын уулу Мухаммед бин Салмандын бийликке секириги жана учурдагы окуяларда негизги ролду ойноп жатканы тууралуу баяндалат. Аталган маалыматтын негизинде окуяга көз салып көрөлү

Сауди бийлик өкүлдөрүнүн акыркы 50 жылда болуп көрбөгөндөй камалышы, азыркы падыша Салмандын уулу Мухаммеддин аракеттерине байланыштуу делет.

Падыша Салман бийликке келери менен эле так талаш башталган экен. Себеби Салман такка отурганда 79 жашка толуп, оорукчан экени айтылып, бийлиги көпкө узабачуудай көрунгөн. Бул жагдай сарайда тымызын бийлик талашуу оюнунун башталуусуна түрткү берген.

Бирок Салман падышанын баласы Мухаммед чыйрак чыккан. Атасы такка минери менен коргоо министри болгон Мухаммед, Саудия саясатында таасирдүү боло баштаган. Атүгүл де-факто өкмөт башчысындай кыймылдап келет. Йеменге Саудиянын аскерий кийлигишүүсүнүн аркасында дал ушул 32 жаштагы жигит турган.

Йеменде Ирандын куйругу катары эсетелген хусилейрге каршы Саудиянын таасирин артыруу согушу 13500 кишинин өмүрүн алып, мектеп, бейтапканалардын талкаланышына алып келген. 28 миллион йемендиктин 20 миллиону азыр жардамга муктаж болуп, сириялыктардан да кыйын абалда экени айтылат. Бул жагынан алып караганда, болочок падыша Мухаммед тышкы иштерде Иранга каршы өтө эрегиште экени жана аймакка дестабилдүүлүк алып келери азыртан белгилүү болуп калгандай. Катар өлкөсү менен болгон кризисте да бул канзааданын олутуу ролу бар деп айтылат.

Тышкы саясатта мындай агрессивдүү болгону менен канзаада ички саясатта реформист, экономикада алысты көрө билген киши экенине ынанууга болот. Себеби канзаада диний элитанын бийликтеги таасирин азайтууга баш оту менен киришкен. Диний полициянын жарандарды кармоо укугун жойгон. Аялдардын унаа айдоосун, стадиондо күйөрман болуусун камсыз кылды. Андан сырткары, ал диний толеранттуулукту алдыга чыгарууга белсенгенин, учурдагы басымдуу болгон диний көз карашты кабылдабай: “Биз мелүүн, дүйнөдөгү бардык диндерге жана салттарга ачык мурунку кезибизге кайтабыз. Алдыдагы 30 жылды деструктивдүү идеялар менен күрөшүүгө корото албайбыз”, - деп октябрдагы конференцияда айтканы, анын реформачыл адам экенинен кабар берет.

Анын экономика жаатында реформачыл экенин да тасткытоочу кадамдары бар. Сауд Арабиясынын мунайга таянган жана анын арзандап кетиши менен кризиске кептелген экономикасын алтернативдик жолдор менен туңгуюктан алып чыгуу дымагы канзаадада жок эмес. Февраль айында Саудия өкүмөтү альтернативдик энергия тармагына 50 миллиард АКШ доллары көлөмүндөгү инвестиция планын жар салган. Албетте акыркы учурларда сөз болуп жаткан бионикалык роботтун Судияда жарандык алышы, ультра-заманбап шаар долбоорун да айта кетсе болор.

Иранга каршы агрессивдүү саясат АКШ тарабынан колдоо тапканы да маанилүү. АКШ президенти Трамптын Саудияга ыктаган жана Иранга каршы саясаты канзааданын саясаты менен дал келет. Октябрдын аягында кайра Мухаммед бин Салман менен Трамптын салмактуу жардамчысы Жэйред Кушнер көптөгөн жолугушуунун бирин өткөргөнү, жеке мамиленин да жумшарганы тууралуу кабар берет.

Канзаада Мухаммед 2017-жылдын июнь айында бийлигин чыңдоочу маанилүү кадамдарынын бирин жасады. Атасын көндүрүп, Мухаммед Найефди расмий мураскерликтен алдырып, өзүн койдурду. Армиянын төңкөрүш кылып жиберүүсүнө каршы падышаны коргоо үчүн түзүлгөн улуттук коргоо аскердик бирдигинин командирлерин өзүнө жакын кишилерге алмаштырган.

Жаш канзааданын мурдатан өз-ара ымалашуу менен жең ичинен чечилип келген саястка бүлүк салган учурдагы кадамдары муну менен эле тынчып калбай турганы, айрыкча атасынын ордуна тактыга отурарда козголоңго жол ачары айтылууда. Себеби ал бир топ душман топтоого жетишти.

Албетте жаш канзааданын Сауд Араб падышалыгын коррупциядан арылтып, экономикалык реформа жасап, дүйнөгө радикализмди экспорттоогон диний көз-караштан узактатып, толеранттуу маанай түзөт жана тышкы саясатын жаштык-мастык эмес, акылмандык менен жүргүзөт деп үмүт кылып туралы. Себеби бул дүйнө тынчтыгы жана мусулмандардын келечеги үчүн маанилүү.

Жумакунов Эсенгелди, саясат жана дин таануучу