Саясат

Казакстан менен Борбор Азияны Европага жакындатуу керек

7 ноября 2017 г. 12:48 1642

Казакстан Европага киреби? Көпчүлүк муну болбогон суроо деши мүмкүн. Бирок Казакстан аймагы Азияга жана Европага кирген саналуу мамлекеттин бири

Бул топко Россия менен Түркия да кирет. Урал тоолорун Европанын чыгыш чектери деген адаттагы аныктаманы эске алсак, казак аймагынын 10%зы Европада. Мисалы Түркиянын 3 пайыз гана кирет. Казакстандын европалык аймагы Британиядан чоң.

Бирок бул фактка карабастан, европа уюмдары Казакстанды эч качан Европага таандык деп караган эмес. Мисалы Евробиримдик (ЕБ) Белорусияны жакындатууну стратегиялык максаты катары карайт, бирок Астананы жерийт. 2015-жылы ЕБ аны менен кеңири кызматташуу келишимине кол койгону менен казактарды "Чыгыш кызматташтык" программасына кабыл албай келет.

Европанын башка эки трансконтиненттик өлкө менен оор алакасын эстеп, шекинген адамдар бул маселени орунсуз деши мүмкүн. Бирок Казакстан менен Борбор Азиянын өнүгүүсү Европа үчүн өтө маанилүү. Кытайлардын “Бир курчам - бир жол” демилгесинен улам бул аймак, айрыкча Казакстан, бара-бара ЕБ менен Кытайды байланыштырган маанилүү соода өтмөгүнө айланмакчы.

Россия менен Түркия барган сайын Европадан алыстаса, Казакстан алардан тетири багыт алды. Көз карандысыздыкты алгандан бери казактарда светтик режим орногон. Улутунун аныктамасында, өлкөнүн жарандары этникасына карабай, бирдей укуктарга ээ деп жазылган. Билим берүү системасы европалык моделге жараша калыптанган. Мындан сырткары, Казакстан жогорку билимин Болон жараянына жараша өзгөртүүгө бел байлаган.

Албетте, Казакстандын саясий системасы Европаныкынан таптакыр башкача. 1991-жылдан бери Нурсултан Назарбаев баш болгон казак жетекчилиги либералдашууга жана дароо батыш демократиясын киргизүүгө каршы чыгып келген. Анын ордуна саясий трансформацияга караганда экономикалык өзгөрүүгө артыкчылык берген борбордук башкаруу модели колдонулган. Бул реформалар көбүнчөсүн саясий партиялардын атаандашуусу менен эмес элиталардын макулдашуусу аркылуу ишке ашып келет.

Бирок эки жылдан бери Казакстан өзгөрө баштады. Жетекчилик 2050-жылга чейин эң өнүккөн 30 өлкөнүн катарына кирүү максатын койгон. Бул датага жетпей, Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна (ЭКӨУ) мүчө болу укугун алууга аракеттенмекчи. Мунун баары кеңири жана олуттуу саясий реформасыз мүмкүн эмес.

2008-жылы эле казак өкмөтү “Европага карай жол” аттуу мамлекеттик программа кабыл алган. 2015-жылы мамлекеттик башкарууну айкын жана натыйжалуу кылуу боюнча жүз кадамдан турган программа баштаган. Быйыл, мындан бир аз убакыт мурун, президенттин ыйгарым укуктарын азайтып, парламенттикин көбөйткөн конституциялык өзгөрүүлөр ишке кирген. Европалык демократияга чейин жол узак болгону менен Казакстан туура багытта.

Өлкө экономикалык багытта жакшы узады. Heritage Fondation Экономикалык эркиндик индекси боюнча Казакстан 42-орунга чыккан, б.а. ЕБге кирген Испания жана Бельгиядан жогору турат. Билим берүү тармагында да илгерилөө бар. 2009-жылы эле акыркы орундарды ээлеген казак студенттери учурда PISA рейтингинин орто жерине жакындап калды. Мамлекетинин натыйжалуулугу боюнча Дүйнөлүк банктын World Governanse Indicators индексинде казактар ЕБге кирген Румынияны басып өтүп, Грецияга жакындады. Бирок саясий эркиндик жана коррупция менен күрөшүүгө келгенде, Казакстандын алдында узун сапар турат. Freedom Hause уюмунун рейтингинде өлкө “эркин эмес” классына кирген, Transparensy Internationalдын коррупцияны өлчөгөн жадыбалында Орусия жана Украинага жакын 131-орунда (176 мамлекет кирген бул рейтингде Кыргызстан 2016-жылы 136-орунду алган – Саресеп). Учурдагы реформалар бул көрсөткүчтөргө кандай таасир берээрин байкайлы.

Борбор Азиянын геосаясатында Россия менен Кытай үстөмдүк кылат. Бул өлкөлөр Түркияга окшоп, жекелик башкарууга кылчактабастан кетип бара жатат. Казакстан болсо тескерисинче, бийликти мамлекеттик мекемелер арасы бөлүштүргөн, европалык башкарууга ыктоодо. Бул багытта олкө жалгыз эмес, белгилүү болгондой, Кыргызстан парламенттик республика. Эң көп калкы бар Өзбекстан да 2016-жылдан баштап, президенттик бийликти азайтуу жолуна түшүп, чеке жылытарлык реформаларга белсенип турат.

Бул өлкөлөр реформаларына жардам сураганда Москва же Пекинге эмес, европа мамлекеттери менен уюмдарына кайрылат. Мисалы Казакстан конституциясына өзгөртүү киргизерден мурун Европа Кеңешинин Венециан комиссиясына кайрылган.

Бирок Европа суук мамилесин улантууда. Албетте, ЕБ бул регионго жардамын күчөттү жана укуктук мамлекеттердин калыптануусуна бир топ көңүл буруп келет. Анткени менен, "Борбор Азиянын келечеги бүдөмүк, андан оолак болуу керек" - деген пикир үстөмдүк кылгансыйт.

Бул эскилиги жеткен көз-караш. Учурдагы Борбор Азия өтө тез өнүгүп келе жатат. Анын лидерлери Европаны саясий өнүгүүсүнүн потенциалдуу өнөктөшү катары көрүп, Россия жана Кытай үстөмдүк кылган региондо көз-карандысыз бойдон калуу үчүн ЕБден жардам күтүүдө.

Европанын Казакстанга кылган мамилесин бүтүндөй Борбор Азия карап турат. Эгер алар кызматташып кетсе, региондун башка мамлекеттери да Европага олуттуу карай баштайт.

Учурда эмне кылса болот? Казакстанга Европалык кеңештин (ЕК) эшигин ачуу зарыл. Албетте, мүчөлүккө чейин бир канча реформа демилгеленип, ишке ашуусу керек. Бирок азыр ушунун даярдыгы да билинбейт. Уюм эч кандай себепсиз Казакстанга европалык эмес азия мамлекети катары карап турат. Мындан сырткары ЕБ “Чыгыш өнөктөштүгү” алкагында Казакстан менен кызматташса жакшы болмок.

ЕБ менен ЕКтин алкагында жана өлкөлөр аралык эки тараптуу кызматташуу аркылуу бул региондо олуттуу роль ойносо болот. Саясат таануучулар айтмакчы “мүмкүнчүлүк терезеси” ачылды. Бирок, эгер сырт жактан кызыгуу жана колдоо болбосо, мындай “терезе” жабылып да калаарын тажрыйбадан билебиз. Европалык мекемелер менен кызматташууга кызыгуу артып турган дал ушул учурда европа мамлекеттери жардамга келиши керек. Мындай, саясий системасын жакшыртуу жардамы, буга чейин Борбордук Европанын көп мамлекетинин керегине жараганын билебиз.

Сванте Корнел, Svenska Dagbladet

http://inosmi.ru/politic/20171101/240661784.html