Технология/Инновация

Сауд Арабиясында паракорлукка шектенген падышанын тууганы кармалды

6 ноября 2017 г. 19:46 70

4-ноябрда паракорлукка шектенген 11 ханзаада жана падышанын 38 үй-бүлө мүчөсү кармалды, алардын арасында министрлер, депутаттар жана ишкерлер бар болуп чыкты

Сауд Арабиясында миллиардер ханзаада Аль-Валид бин Талял кармалды. Бул тууралуу жекшемби күнү 5-ноябрда падышалыктын жогорку чөйрөсүндөгү булакка шилтеме кылуу менен Reuters маалымат агенттиги маалымдады.

Ал маалыматка ылайык, 4-ноябрь күнү кечинде паракорлукка жана кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабууга шектелген 11 ханзаада жана падышанын үй-бүлөсүнө тийиштүү 38 адам кармалып, алардын төртөөсү азыркы иштеп жаткан министрлер, депутаттар жана ишкерлер болуп чыккан. Арасында падышалыктын мурунку каржы министри Абдул-Азиз Аль-Асафд да бар.

Мындан алдын, Сауд Арависында паракорлукка каршы күрөшүү боюнча комитет түзүү жөнүндө маалымдалып, аны Сауд Араб падышалыгынын мураскору Мухаммед бин Салман жетектеген. 5-ноябрда өлкөнүн каржы министри Мухаммед бин Абдулла Аль-Жадаан билдиргендей, аталган комитеттин түзүлүшү жана акыркы катталган камоолор укук үстөмдүгүнө болгон ишенимди бекемдөөгө жана өлкөдөгү инвестициялык жагдайды сактоого багытталган.

Ханзаада Мухаммед бин Салман буга чейин өлкөнү жана анын экономикасын түп тамыры менен өзгөртүү ниетин билдирген. SPA маалымат агенттигине караганда, мураскор ханзаада мындан мурун үч аткаминерди ээрден шыпырып түшкөн, алар: улуттук гвардия министри Митаб бин Абдулла, экономика жана пландоо министри Адил Факих жана деңиз флотунун башчысы Абдулла Аль-Султан.

Сулайман Абдракманов