Технология/Инновация

Ф. Гүлен төңкөрүш аракети жана мыйзамсыздык боюнча Ал-Ахрам гезитине интервью берди

6 ноября 2017 г. 19:33 1917

Египеттин эң ири Ал-Ахрам гезити, 2016-жылдын 15-июлундагы Түркиядагы төңкөрүш аракети, учурдагы мыйзамсыздыктар боюнча Фетхуллах Гүленден интервью алды. Маекте, Түркиянын Батыш блогунан Россия-Кытай-Иран тарапка өткөнү, Евробиримдик, АКШ, НАТО менен мамиленин начарлашы тууралуу ойлорун айтты

Урматтуу Фетхуллах мырза! Бир жыл мурунку интервьюдан бери көп суу акты. Түркиядагы саясий абал боюнча быйылкы окуялардын айланасында эмне айтасыз?

Түркия акыркы беш жылда жалгыз адамдын бийлиги орногон мамлекетке айланды. Эл аралык уюмдар, Евробиримдик, Бириккен улуттар уюму, адам укуктарын коргогон уюмдар бул боюнча жетиштүү эле айтышты. Рапорттор даярдашты. Карапайым адамдардын укуктары жана эркиндиги тебеленди. Мыйзамдын үстөмдүгү менен көз карандысыз сотту түшүбүздө гана көрө турган болдук. 2004-жылкы Евробиримдикке мүчөлүк боюнча Түркия менен башталган сүйлөшүүлөрдөн алыстап кеттик.

Кызмат кыймылы жөнүндө кайчы пикир жараткан рапорттор бар. Биздин гезиттин окурмандары үчүн бир аныктама берип коёсузбу? Негизделиши, максаты жана мекемелери жөнүндө?

Мындан 50 жылдай мурун бир канча жоро-жолдош менен бирге жаштарга кол сунуп, жардам берүү боюнча сөз кылганда, жамаат, кыймыл же дагы бир нерсе түптөө ою жок болчу. Болгону коомдогу ар кандай социалдык көйгөйлөрдү көрүп, 3-5 адамдын мүмкүнчүлүгү менен колдон келген аракетти көрө баштадык. Сабатсыздык, жакырчылык, араздашуу сыяктуу коомдук балээлерден кутулуунун жолу билим берүүдө жатат. Ошондуктан жоро-жолдоштор жаштарга кол суналы деп чечтик. Бул пикирди колдогон жана ишенген адамдар тез эле көбөйүп, миллиондорго жетти. Кудайга ишенген адамдар катары биздин максатыбыз – Алла Тааланын ыраазылыгына жетүү же сооп табуу эле. Жаран катары болсо коомдо адамдар бири-бири менен келишүүсүн, бири-бирин сыйлоосун, автоматтын эмес, тынчтыктын үнү чыгышын самадык. Жаштардын заманбап илим алышын, өзүн бактылуу кылган бакытын башкаларды бактылуу кылуу менен издеген, адамдардын бир бирине сый-урмат көрсөтүү менталитетинде өсүүсүн камсыздаган коом түптөөнү кыялдандык.

Кызмат кыймылын кээ бир чалгындоо мекемелери менен байланышы бар деп шек жаратканга аракет кылгандар бар. Бул жалааларга кандай жооп бересиз?

Кызмат кыймылы эч бир мамлекеттин чалгындоо кызматы менен байланышы жок. Балким, бүгүн кызмат кыймылынын ыктыярчыларынын жабыр тартышы жана башына түшкөн көйгөйлөр алардын көз-карандысыз экенинин далилидир.

Ихваны-Муслим (Египеттеги Мусулман агайындар уюму) мүчөлөрүнүн жана аларга тиешелүү медиа органдарынын Түркияда асыралып жатышын кандай баалайсыз? Өз өлкөсүндө тыйуу салынган мындай бир уюмдун түрк өкмөтү менен жакын мамилесин кантип түшүнсө болот? Аларды бириктирген эмне? Келечекте мамилеси кандай болушу мүмкүн?

Түрк өкмөтү Ихваны-Муслим менен чынында бирдей баалуулук жана түшүнүктө болгону үчүн аларды калкалап жатабы же аларды өз контролунда кармоо үчүн ушундай кылып жатабы, бул нерсени талашса болот. Менин оюмча, аларды калкалоосунун негизги себеби, түрк бийлиги жеке саясий кызыкчылыгы менен таасирин бүтүндөй мусулман дүйнөсүнө жаюуда аларды курал катары көрүүсүндө жатат. Жакынкы эле жылдары Палестина, өзгөчө Газза тууралуу аябай көп сөздөрдү айтышты, бирок иш жүзүндө аларга канчалык жардам жана пайда алып келди, карап көрүү керек.

Эрдогандын арап өлкөлөрүнүн ички иштерине аралашуусун кандай карайсыз? Буга эмне себеп?

Эрдоган өзүн мусулман дүйнөнүн лидери катары көрүүнү самаганы сыр эмес. Ошондуктан жакынкы өтмүштө дүйнөнүн ар тарабына жайылып, билим берүү жана маданият мекемелерин ачкан Кызмат кыймылынынадамдарынан аны Эмирул Мумин (Мусулмандардын лидери) деп аташын күткөн. Бул нерсенин ишке ашпасын түшүнгөндө мурда колдоп, баалап келген адамдарды душман катары көрүп, каршы тарапка өттү. Азыр Түркияга коңшу же башка көптөгөн өлкөдө ар кандай жолдор менен ички иштерине аралашууда. Эч бир өлкө сырттан бирөөнүн ички иштерине аралашуусуна жакшы карабайт деп ойлойм.

Катар менен Түркиянын биримдиги тактикабы же стратегиябы? Доха менен Анкараны бириктирген эмне? Бири-биринен эмне айырышы мүмкүн?

Бул биримдиктин негизинде эки өлкөнүн жана калктын бирдиктүү кызыкчылыгына караганда лидерлердин саясий кызыкчылыгы менен ой-максаттары үстөмдүк кылат.

Эрдогандын Сауд Аравия менен Катардын ортосундагы араздашууда Катардын тарабын кармануусу Түркия – Сауд Арабия мамилелерине кандай таасир этет?

Акыркы убакта Түркиянын тышкы саясатынын туруктуулугу тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес. Дос деген өлкөлөр менен бир заматта душман, же тескериси да болуп калып жатат. Сауд Арабияны канааттандыра турган аргументтер келтирсе, мамилени оңдой алышы мүмкүн.

Түркиянын Катардын тарабында болуусу регионго жана мусулмандарга салым кошоорун ойлойсузбу?

Эрдогандын башкаруусундагы Түркия ушул убакытка чейин регионго жана мусулмандарга эч кандай салымы болбогондой, мындан кийин деле болуп кетет деп ойлобойм. Мусулмандарга пайдасы тиет деп жар салган ар кыймылында өздөрүнүн жеке жана саясий кызыкчылыктары бар экенин көрүүгө болот.

Массалык маалымат каражаттарын коркутуу максатында 10-августта түрк полициясы 35 журналистти кармады. Эмне айтасыз бул боюнча?

Түркиянын медиа тарыхында эч качан мындай көрүнүш болгон эмес. Түркияда чыныгы журналисттик кесипти аркалайм дегендер түрмөгө кирүү ыктымалын эске албай коё албайт.

Төңкөрүш аракетинен бери бир жыл өттү. 200 миң адам жумуштан бошотулду. 180 миң адам камалды. Бул катаал, ырайымсыз коопсуздук чараларына эмне дейсиз?

Төңкөрүш аракетинен кийин дароо жумуштан бошотуу жана кармоолор бул иштин алдын ала пландалганын жана төңкөрүш аракети менен байланышы жоктугун эл аралык эксперттер да айтып келет. Төңкөрүш аракетинин эртеси 16-июлда сот-прокуратура тармагынан 2700дөй адамдын дароо жумуштан бошотулушу мунун анык далили. Муну менен саясий бийлик мамлекеттик кызматка адистерге караганда өзүнүн саясий көз-карашына жакын адамдарды же саясий тандемде болгон Догу Перинчек же Девлет Бахчелинин партиясындагы адамдарды кызматка коюуу максаты ташыганын көрсө болот.

Ушундай көп мамлекеттик кызматкерден баштап, ишкерлерге чейин камалгандар боюнча эл аралык коомчулуктун унчукпоосун кандай жорууйсуз?

Чынында эл аралык коомчулуктун, өзгөчө Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн реакциясы биз күткөндөй болбоду. Кээ бирлери муну Түркиянын Сириялык качкындарды өз аймагында кармоосу менен түшүндүрүштү, кээ бирилери мамлекеттер ортосундагы прагматик мамилелер деп жооруду. Кандай гана себеп болбосун, унчукпай коюуну адамкерчилик жана адеп-аклактык жактан түшүндүрүү мүмкүн эмес. Түркиянын миллиондогон Сириялыкка кучак ачуусунун негизги себеби – түрк калкынын аларды жабыр тарткан тууганы катары көрүүсү. Бул Эрдогандын жеке чечими эмес. Ошондуктан качкындарга байланыштуу адам укуктарынын тебеленишине унчукпай коюуу туура көрүлбөшү керек. Эгерде Евробиримдик бул маселеде таасирдүүрөөк санкция койгондо, адам укуктары маселесинде мынчалык жымжырттык орнобойт эле. Эксперттердин оюу боюнча, АКШ да Түркиядагы стратегиялык аскер базаларынын айынан бир санкция коё албай жатат. Бирок учурдагыдай абал улана берсе, өлкөнүн стабилдүүлүгүн кооптондурган шарттар пайда болот, Орто Чыгышта да, дүйнө үчүн да кооптондурган абал жаралышы мүмкүн.

Кызмат кыймылы, “массалык тазалоо”, камоо жана соттук процесстерде биринчи бута болду. Эрдоган бийлигинин сизди жана кызмат кыймылынын ыктыярчыларын күнөөлөсүнө эмне деп жооп берээр элеңиз?

Бул маселе боюнча бир канча себеп бар. Бирөөсү, Эрдоган максимум күчкө жетүүнү самап, кызмат кыймылына ар нерсени шылтап жатат. Ар негатив окуяда Кызматты күнөөлөп, себеп катары көрсөткүсү келип, саясий максат көздөөдө. Мисалы, 2013-жылдагы 17/25-декабрдагы коррупциялык иштерди шылтоо кылып, бүт сот-прокуратура системасын өзүнүн жеке куралы кылып алды. Андан кийин аз сандагы эркин медиа органдарынын үнүн толук өчүрдү же өзүнүн жакын адамдарынын көзөмөлүнө өткөрүп берди. Былтыркы төнкөрүш аракетинен кийин Куралуу Күчтөрдү да өз карамагына алды. Булардын баарын ишке ашыруу үчүн дайыма бир күнөөкөр таап, баардык күнөөнү ага оодарууга маш болуп калган. Алар менен бирдей саясий көз-карашта болбогондор арасынан кызмат кыймылы эң ынгайлуусу эле. Себеби, кызмат кыймылынын адамдарына канча куугунтук жана зуулум кылса да алар эч качан күч колдонууга барбайт. Мыйзамдын чегинен чыгышпаарын билишчү.

Азыркы болуп жаткан окуялар баштала электе эле жаман ниети болгонун кийинчерээк билдик. Эрдоган менен бир канча жолу кыска жолуккам. Партиясын түптөп жатканда менин кеңешими жана колдоому алыш үчүн зыяратка келген болчу. Зыяраттан чыгып жатканда, биз жөнүндө “мүмкүнчүлүк болоору менен булардын ишин бүтүрөм” - дегенин анын жанында жүргөн бирөө бизге кийин айткан. Демек, ал баштан эле ушундай ниети бар экен эле. Анын саясий идеологиясында баардыгы ага баш ийип, ант берүүсүн күтүү бар. Балким, ошону ишке ашыра албаганы үчүн, башкаларга сабак болсун деп бизге чабуул кылып жатат.

Эрдоганга караштуу күчтөр силерди бир жылдан бери жок кыла албашы кандай маани туюндурат?

Түрмөгө камалган адамдардын канчоосу чындап кызмат кыймылынын ыктыярчысы экени талаштуу маселе болушу мүмкүн. Менин оюмча, жалгыз эле кызмат кыймылынын ыктыярчылары эле эмес, өздөрү менен бирдей көз-карашта болбогон көп адамдарды да чөгөлөтүүнү көздөп жатса керек. Кызмат кыймылына тиешеси жок адамдарды да, ал тургай, кызмат кыймылы жөнүндө терс пикирде болгондорду деле камап салганы медиа органдарында жазылды.

Коомдук ынтымакты кайрадан калыбына келтирүү үчүн түрк калкы жана саясатчыларына канча убакыт кетет?

Түркиянын кайрадан коомдук ынтымакты орнотуу үчүн менимче бир муундун өмүрү же 25 жылдай керек. Азыркы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу аркылуу демократиялык жана тынчтык жолдор менен бул убакытты азайтса болобу, билбейм. Бул убакыт кыскараак болсо экен деп тилейм.

Анкара менен Вашингтон, сизди экстрадацияло боюнча кайсы этапка келишти?

Бул боюнча Америкалык жоопту кишилердин коомчулукка билдиргенинен башка маалыматым жок.

АКШда дайыма жашаганга уруксат ала алдыңызбы?

2008-жылы алгамын.

Оппозициялык Республикачыл элдик партия баштаган Анкарадан Стамбулга созулган “Акыйкат” жөө жүрүшүнүн себептери эмнелер эле? Максатына жеттиби?

Бул жөө жүрүш демократиялык иш-чара катары позитивдүү болду. Бирок жетиштүү болгон жок. Уланган жок. Мурда да көп мүмкүнчүлүктөр ишке ашпай калган. Кантсе да көпчүлүк коркуп калган учурда, мындай жүрүш демократия үчүн позитивдүү жараян.

Граждандык баш көтөрүү, калктын укугун сыйлабаган бийликке каршы колдонулган курч курал. Анкарадагы өчөшкөн жана заалым бийликке каршы бул курч куралды колдонууну ойлоп жатасызбы?

Акыркы 50 жылда куугунтукталганда же күч колдонулганда кызмат кыймылынын ыктыярчылары мыйзам чегинде тынчтык жолу менен иш алып баруу принцибинен тайыган жок. Мындан кийин деле куугунтукка кабылса, муштум менен жооп бербейт, мыйзамдык негизден, тынчтык жолунан кайтпайт.

Эрдоган Түркияны ушинтип башкарууда кайсы күчкө таянып жатат?

Макиавелисттик принциптерге жараша прагматикалык тандемдерди түзө алганына, медианын жана мамлекеттин күчүн калкты коркутууга колдоно алганына таянып жатат.

Башкаруу формасын эске алганда Түркиядагы башкаруу системасын кандай атайт элеңиз? Эрдоган айткандай демократиялык башкаруубу же репрессиялык диктаторлук режимби?

Жалгыз адам бийлигин орнотуу багытына бурулган, ырааттуу тенденция бар. Мамлекеттик органдар шал абалда. Мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигинин көз карандысыздыгы деген принциптер иштебей, тарыхта калды.

АКШнын жаңы бийлиги жана башка агымдар менен мамилеңиз жөнүндө айтып бересизби?

АКШ мамлекеттүүлүк салтын карманган, күчтүү өлкө. Бийлик алмашып, кээ бир нерселер өзгөргөнү менен көп маселеде туруктуу көз-караш бар.

Азыркы администрация же мурдагы бийлик менен эч качан жеке жолукпадым. Бирок АКШ ушуга чейин дүйнөдө демократия, эркиндик жана мыйзам үстөмдүгүн издеген адамдарга дайыма үмүт болду, мындан кийин ушундай болот деп ойлойм. Ушуга чейин терс бир сигнал албадым.

Египет бийлиги жана эли менен мамилеңиз кандай денгээлде?

Ал жактагы жоро-жолдоштор азыркы учурга чейин бийликтин аларга оң көз менен караганын билдиришти.

Египет калкын инсандык, диний жана тарыхый аспекттен тууган катары көрөбүз. Египет, Бедиүззаман айткандай, Ислам дүйнөсүнүн эң бай потанциалы бар өлкөлөрүнүн бири катары эсептелинет.

Эрдоган, Африкада, өзгөчө Чыгыш Африкада таасирин күчөтүү максатында аракет кылууда. Анкара менен Адис-Абеба ортосунда, Египеттин суусун буу максатында, Эфиопияга таандык Ронесанс ГЭСи маселесинде Египеттин зыянына иш алып барышы боюнча бир биримдик барбы? Далил барбы?

Бул боюнча маалыматым жок.

Эрдогандын Германиядагы түрктөргө Меркелдин партиясына добуш бербөө чакырыгына кандай карайсыз?

Туура эмес жана сабатсыз аракет деп ойлойм.

Акыркы учурда НАТО, Евробиримдик жана АКШ менен Түркиянын ортосундагы чыңалуу, мамилелерге кандай таасирин тийгизет?

Эрдоган бийлиги менен Европа жана АКШнын ортосундагы кризистин учурдагы абалын көрүп, стратегиялык өнөктөш маселисинде, Батыш Эрдоган бийлигине ишеним көрсөтө албай турган чекке жетип калды деп ойлойм. АКШдагы кээ бир пикир борборлорунда Түркияны НАТОдон чыгаруу ойлору айтылып жатат. Германия жакында Түркиядагы аскерлерин Иорданиягы которду. Биз Евробиримдик жана АКШ менен Түркиянын мамилеси үзүлүүсүн каалабайбыз. Себеби, ушуга чейинки мамилелер түрк демократиясынын өнүгүшүнө пайдалуу болду. Бирок, алар Эрдоган бийлигинин туура эмес жана акылга сыйгыс иштеринен ыңгайсыздык сезип жатканы, алардын акыркы кыймылдарынан билинип турат. Региондо башка альтернативаларды караштырып жатат. Бул кризистер күчөп, улана берсе, Европа жана АКШга караганда Түркия көбүрөөк жапа чегет

Аль-Ахрам, 4-ноябрь