Технология/Инновация

2030-жылга чейин кесипкөй техник аялдар көбөйүшү керек. Кантебиз?

6 ноября 2017 г. 18:51 72

Статистикалык маалыматтар көңүл жылытпайт. STEM (илим, технология, инженерия, математика) кесиптерде Америка Кошмо Штаттарында аялдар болгону 25%ды түзөт. АКШнын Улуттук илим фондунун маалыматына караганда, Америкада 2006-2014-жыл арасында информатиканы тандаган аялдар азайган

Биология, медицинага байланыштуу жана социалдык илимдерде көрсөткүч жакшыраак, физикалык илимдерде да абал бир аз оңолуп келаткандай, бирок жалпы абал жакшы эмес.

Аялдардын активдүүлүгү эмнеге маанилүү? Изилдөөлөргө караганда, эмгек жамааттары түркүн адамдан куралса натыйжалуу болот. Ар кандай раса, тажрыйба жана кесиптеги аял-эркектер түрдүү көз-караштары менен жаңы, инновативдүү чечимдерге келишет. Төртүнчү Өндүрүштүк Ыңкылап (4IR) алып келген өзгөрүүлөрдү эске алсак, ар бир баалуу пикирге кулак салбасак болбойт.

STEM жаатында жумуш орундары көбөйүүдө. Алардын айлык маянасы да жогору, себеби дал ушул STEM 4-өндүрүштүк революциянын жетишкендигин, анын ичинде жогорку сапаттагы саламаттык сактоо жана билим берүү кызматын, жашоонун жогорку стандарттарын колдонууга шарт түзөт. Ошондой эле STEM жааты бул революция алып келген көйгөйлөрдү чечүүдө да маанилүү. Мисалы климаттын өзгөрүшү, кибер-согуш жана салттуу кесиптердин өз ара интеграциясы сыяктуу маселелер. Андыктан аялзатынын бул революциянын жетишкендигин колдонууга да, анын кесепеттерин жоюууга да катышуусу өтө маанилүү.

Бул жөндөмдүүлүк маселеси эмес

Аялдардын STEM жаатында аз экенинин айрым себептерин билебиз. Аларга коом колдобой тоскоол болгону, ийгиликтүү өрнөктүн жоктугу, айланасынын кысымы жана коркутуусу себеп болуп келет.

Изилдөөлөрдүн натыйжасы мунун жөндөмдүүлүк маселеси эмес экенин көрсөттү. STEM тармагы аз өнүккөн коомдордо аялдар эки эсе көп түшүнбөстүккө кабылат. Кээ бир өнугүп келаткан өлкөлөрдө кыздар билим алуу жана ишке орношуу укугу үчүн күрөшүп келет. Көптөгөн программалар аркылуу кырдаалды оңдоо аракети кылынган жана алар түрдүү жыйынтык берген. Ошого карабай бул маселени чечүүнүн натыйжалуу жолу кайсы? Чечилет деп үмүттөнсө болобу, али белгисиз...

Өрнөк болчу бирөөнүн жоктугу баарына түшүнүктүү. Балдар укугун коргоочу Мариан Райт Эдлман: “Силер көрбөгөн нерсени өрнөк тута албайсыңар”, - дейт. Окуучуларга илим адамынын сүрөтүн тарткыла дегенде, көбү ак жуумал, халатчан эркекти тарткан. Кинотасмаларда да илимпоздор көбүнчө эркек образында берилет.

Бирок Американын башкы технологу Мэган Смит менен Ютубдун жетекчиси Сьюзен Войджитски медиада окумуштуу жана инженердин портретин өзгөртө баштаган. “Жашыруун фигуралар” сыяктуу фильмдеги каармандардын укмуштай ийгилиги аялзаттын тарыхка кошкон салымын көргөзүп, кыздарга өздөрүн алардын ордунда элестетүүгө жардам берет. Бул кинодо бир топ африка тектүү америкалык аялдар 1960-жылдарда NASA агенттигинде инженерия жана математика тармактарында иштеп, биринчи адамдын космоско учуусуна чоң салым кошкондугу баяндалат.

Башкаларга жардам берүү илими

Изилдөөлөр аялдар дүйнөнүн өзгөрүүсүнө салым кошкусу келгенин көрсөтөт. Мисалы, Американын университеттик аялдары ассоциациясынын изилдөөсү аялзаттын жардамдашууга жана башкалар менен бирге иштөөгө байланышкан жумуштарга артыкчылык берээрин көрсөткөн.

Калифорниядагы Харви Мадд колледжи муну иш жүзүндө көргөзгөн. Алар кызматташуу жана көйгөй чечүүгө багытталган компьютердик сабат жана инженерия курстарын ачкан. Бул демилге натыйжа берип, колледж көпчүлүгү аялзатынан турган бүтүрүүчү чыгарып келет.

Дартмут колледжи да көйгөй чечүү, кызматташуу жана студенттерге колдоо көрсөтүүгө басым жасаган инженердик окуу программасын киргизүү менен ушундай эле ийгиликке жеткен. Буга чейинки университетке даярдоочу математика жана инженерия курстары аялдарды качырып келсе, учурда баарына кантип билим берип жетишебиз деген маселе жаралган.

Бир топ коомдун тажрыйбасынан өткөн дагы бир чечим бар. Ал - бала бакча курагында эле компьютердик код жазуу боюнча үйрөнүү программаларын киргизүү. Балакайлар кыз-эркек экенин анча аңдабаган, гендердик стереотиптер пайда боло элек кезинде эле кыз-эркек дебей кызыктуу кесипке даярдайт.

Карли Клосстун “Клосси менен бирге коддо” (Kode with Klossy) программасы кыз-келиндерди технологиялык кесип тандоого шыктандырат. “Коддоо менен алектенген кыздар” (Girls Who Code) сыяктуу кесиптик топко 40 миң кыз катталган. Аларга код жазуу кызыктуу экени жана аны менен турмуш көйгөйлөрүн чечүүгө болоору көрсөтүлгөн. Англияда Сью Блэк жетектеген #techmums өңдүү программалар аялдарга ийгиликтүү болуш үчүн керектелүүчү санариптик жөндөмдөрдү үйрөтөт. Булар күн санап көбөйгөн инновативдик мисалдардын айрымдары гана.

4-өндүрүштүк ыңкылап маалымат алуу жана колдонууну, кесипти, иштөө жолдору менен ыкмаларын өзгөртүүдө. Бул укмуштуудай тез, буга чейин болуп көрбөгөндөй ыкчам кетип бара жатат. Мындан улам, калктын бардык катмарын бул жараянга аралашып, салым кошуусун камсыздообуз керек.

Андыктан кыздарга үлгү аялзатын таап, келечектүү жөндөм жана кесиптерди үйрөтүп, дем берип, техникалык кесиптер дүйнөнү жакшы жакка өзгөртө аларын көрсөтүшүбүз керек. 2030-жылга чейин аялзаты да бул ыңкылаптын жетишкендигин адамзаттын пайдалуу колдонуусуна салымын кошот деп ишенебиз.

Эллен Стофан, University College London