Технология/Инновация

Санариптик өлкө: (Кыргызстан) Эстонияниядай боло алабы?

5 ноября 2017 г. 15:37 569

Кыргызстанда “Таза коом” долбору “электрондук өкмөттү” киргизгене турат. Эстония өкмөтүн 1997-жылдан бери “онлайнга” чыгаруу аракетинде. 1,5 миллион калкы бар мамлекеттин жетишкендиктери жана көйгөйлөрү тууралуу кеп кылмакчыбыз

Мамлекеттик мекемеде узун кезекке туруу бизде көнүмүш адат. Сааттап күтүп, бир чиновниктен алган тил катты экинчи аткаминерге кол койдурайын десең, ал жерде да киши толтура...

Мындай көрксүз жана зэриктирген жерде эмне менен алектенесиз? Телефонуңуздан бир нерселерди карап, келген катка жооп берип, убактыңызды текке кетирбегенге аракет кыласыз.

Бул кагаздын баарын үйдөн же ишканаңыздан смартфон менен толтуруп, жиберип, кайра жообун алсаңыз кандай сонун болоор эле?

Эмне үчүн электрондук төлөм бар, манжанын учун логин катары колдонууга мүмкүн болгон доордо формалдуу маселени чиновниктин көзүнө тиктеп отуруп чечиш керек? Андан көрө телефон аркылуу бүтүрсөк жакшы болбойт беле?

Эстонияда мунун баары мүмкүн.

Бул өлкөдө бир убактарда “Скайп” ойлонуп табылган, эми толугу менен санариптик коомго жетүү аракети күч.

Эстонияда e-Estonia деп аталган демилгени көп мамлекет үлгү катары көрө баштады. Бул чакан өлкөнүн өкмөтү дээрлик бардык кызматын бирдиктүү жана калкына ыңгайлуу интернет-платформага жүктөгөн.

Мекеменин веб-сайтында e-Esnonia “электрондук мамлекеттин (e-state) уландысы” - деп жазылган.

e-Estonia 1997-жылы ишке кирген. 2000-жылдан баштап жарандар ал аркылуу салык төлөй баштаган. Учурда эстондордун 95%ы салыкты интернеттен төлөйт. Ал аркылуу дарынын рецептин, анализдердин натыйжасын алып, керектүү кагаздарга кол коюп, добуш берсе болот.

Учурда бул маалыматтын баары өлкө ичинде гана сакталып турат, - дейт e-Esanoniaнын пресс-кызматынын өкүлү Анна Пиперал. - Бирок анын көчүрмөлөрүн биздин ар бир элчиликтеги мамлекеттикинтернет-булуткасактаганга аракет кылуудабыз.

Финляндия, Япония жана Кипр Эстониянын тажрыйбасын пайдаланып же эстон компаниялары менен кызматташып, санариптик платформаны Ай-ди кард аркылуу салык төлөөгө жана шайлоодо добуш берүү үчүн колдонуп баштады.

“Бул өлкө бир да мамлекет жете элек чектерге жетти”, - дейт Вашингтондогу Бруклин институтунун аналитикалык борборунун вице-перзиденти Даррэл Уэст.

Санариптик мамлекет жаштарга жумуш орундарын ачып бергени менен да пайдалуу. Анткени аны иштетүү үчүн техникалык кесипкөйлөр керек.

“Бизге инжененер, дизайнер, бета-тестер, программист, копирайтер, коомдук желе боюнча эксперт, веб-ишететүүчүлөр барган сайын көбүрөөк керек болуп баштады, - дейт Пиперал айым.

Башкаруу жана интернет боюнча кесипкөйдүн көбү Эстониянын жетишкендиктерин жогору баалап, аны үлгү мамлекет катары кабылдашат.

1991-жылы совет доору аяктаары менен Эстония бардык эски нерселерден баш тартып, нөлдөн баштоону чечти. Мамлекеттик мекемеде кагаз колдонбоо да негизги өзгөчөлүк катары каралган дейт Оксфорд институтунда коом менен интернеттин алакасы боюнча адистешкен профессор Хелен Маргеттс.

“Бул багытта алар башка мамлекеттерге караганда бир топ илгерилей алышкан”, - деп баса белгилейт Маргеттс.

Бирок биз жума сайын фейсбуктагы профилдерди, миңдеген адамдын электрондук почтосун жарып кирип кеткени, кредиттик карта жана банктык паролдордун уурдалганы тууралуу кабарлар келген дүйнөдө жашап жатабыз.

Адамдар борборлоштурулган жана талкалап кирип кетүү коркунучу бар онлайн-платформага ыймандай сырын аманатка бере алмак беле дешет сындагандар.

АКШнын Мичиган университетинин окумуштуулары эстондук онлайн добуш берүү системасынын негизги кооптуу жерлерин аныктоо максатында изилдөө жүргүзгөн. Андан кийин андан дароо баш тартууга чакырышкан.

e-Estoniaнын өкүлдөрү мындай кооптонууга жооп катары колдонулган блокчейн технологиясы “хакер болобу, системдик администратор же өкмөт болсун, платформадагы маалыматты жашыруун өзгөртө албайт” - дейт.

“Бардык нерсеңиз бир платформада болгондо, киберкооптуулук артат”, - деп, Уэст 2007-жылы көпчүлүк эксперт Россиянын Эстонияга каршы кибер согушу деп баа берген окуяны эске салат.

Анда банктык серверлер иштен чыгып, банкоматтар иштебей калган. Эстон журнадисттери макаласын сайтка жүктөй албай кыйналган, дейт Би-би-синин кабарчысы Дэмьен Макгиннес.

Россиялык кибер чабуулга шаарды бомбалоого тете аракет деген баа берилген.

Көпчүлүк өкмөт интернет аркылуу добуш берүүгө өтүүдөн кибер кооптуулуктун айынан тайсалдап турат деген ойдо эксперттер. Россиянын башка мамлекеттердин шайлоосуна таасир берген деген кабарлар ого бетер чочулатат.

Ага карабастан e-Estonia системасын иштетекен Анна Пиперал мамлекетинин добуш берүү системасы бир да жолу талкаланып же иштен чыгарылбаганын айтат. Балким, маалыматты ар бири өзүнчө талкаланышы мүмкүн болгон АКШдагыдай миллиондогон электрондук машинада сактоого караганда, күчтүү корголгон бир программада сактоо коопсуздур.

Уэсттин айтымында ансыз деле шайоолонун натыйжасына түрдүү башка жолдор менен таасир берсе болот. Мисалы: жалган маалымат, адаштырган шайлоо компаниялары, калп жарнама же соцтармактардан чабуул коюу менен. (Биз добуш сатып алуунун түрдүү ыкмалары, жердештик, адмресурс, криминал менен диний авторитеттерди пайдаланууну да кошсок болот - Саресеп).

Артыкчылыгы кооптуулугунан жогору болсо да эстон моделин башка мамлекетте колдонсо болобу?

Эстония муну кантип ишке ашырды?

Өкмөт муну өзүнүн негизги приоритети катары караган дейт эксперттер.

Бирок Эстония 1,3 млн калкы бар чакан мамлекет. (Буга Маргеттстин жообу даяр. А "эки миллиард колдонуучусу бар Фейсбук деле ишин тескеп жатпайбы" - дейт).

АКШ же Англия сыяктуу ири мамлекеттер менен Эстонияны салыштыруу - алманы апельсинге окшотуу дегендик.

Англия менен америкалык башкаруу системасы татаал жана чаташкан абалда. Ал жакта миңдеген мекеме бар, мыйзамдары аймактарына жараша өзгөрүп кете берет.

Мамлекет чоң болгон сайын Эстониядагыдай бирдиктүү платформаны түзүү татаалдашып кете бермекчи. Мисалы ири мамлекетте бир нече расмийлешкен тил бар болушу мүмкүн. Мамлекет чакан болсо, мунун баары жеңилирээк түзүлөт.

Британия менен АКШнын салык системасын эле алып көрөлү. “Алар эбегейсиз ири мекемелер. Албетте бир ууч адамдан турган борбор башкарып кирсе аларга жакмак беле, - дейт Маргеттс. - Чоң мамлекеттердин маселеси ушунда. Алар илгертен берки эскирип калган системаларды сүйрөгөн бойдон келе жатышат”.

Бирок санариптик өкмөттүн ишин тескеп алсак, ал бизди эскирип калган мамлекеттик мекемелердеги аягы көрүнбөгөн кезектерден, заарын чачкан чиновниктерден куткарат.

Санариптик өкмөт биринчи кезекте карапайым калк үчүн ыңгайлуу.

Эл аралык атайын кызматтардын аңдышмайы жана кибер согуштарга толгон, барган сайын татаалдашып бара жаткан дүйнөдө күнүмдүк турмушка керек нерсенин баарын санарипке өткөрүү токтобостон улана бермекчи.

Келечек ушундай. Ошондуктан эрте же кеч жашоонун башка тармактары сыяктуу эле, өкмөт да санарипке кирээринен күмөн саноого себеп жок. Бул XXI кылымдын чечилүүсү зарыл болгон негизги маселеси.

“Amazon - болгону бир веб-сайтта, чынбы? Сиз аны элестеткенде оюңузга имараттар келбейт да. Өкмөт жөнүндө ойлонгондо, килейген имараттын ичиндеги элге толгон бөлмөлөр эске түшөт. Бирок кичине алдыга карай баш баксак, ал да болгону бир веб-сайт экенин көрөбүз”, - деп кыялданат Маргеттс.

Брайан Лафкин, BBC Future