Маданият/Искусство

Жашоону жеңилдеткен 2 мүнөт эрежеси

4 ноября 2017 г. 6:29 1496

Өзүбүздү алдабайлы, болгонун болгондой айталы. Биз канчалаган жолу жасалчу иштерди убагында кылбай, кийинкиге калтыра беребиз. “Буюрса” деп коюп, ошону менен унутулат. Эң жаманы, мындай кылганыбыздын кесепеттери бизди абдан кыйнайт. Залакасы өзүбүзгө, ден-соолугубузга, ийгилибизге, чөнтөгүбүзгө тийет. Кээде учураса бир жөн, бирок адатка айланган болсо, анда бул абдан жаман. “Азыр убактым жок”, “Чарчап турам”, же “Башым бир аз ооруп турат, кийинчирээк эле кылам” деп коюп, маанилүү иштер калып кетет. Кичине иштер чогулуп жүрүп стресске, ооруга, кыйынчылыкка, үй-бүлө мүчөлөрү менен, достор менен, чогуу иштегендер менен, колу-коңшу, тааныш-билиштер менен мамиленин бузулуусуна да алып келет.

Эмесе мына ушул маселелерди чечкиңиз келсе, баарына жетишүүнү кааласаңыз, эффективдүү, жемиштүү, ийгиликтүү болууну кааласаңыз, анда бул макала – сиз үчүн жазылыптыр.

Негизи жасалчу иштер көбүнчө эч оор эмес. Жасай ала турган, оңой эле нерселер кээде калып калат.

Андай болбоосу үчүн, атайын бул эрежеге жакшы көңүл бурсаңыз – жетет.

Эгер бир нерсе – 2 мүнөттөн азыраак убакытта жасалуусу мүмкүн болсо – жасаңыз!

Дүйнө жүзү боюнча белгилүү болгон Дэвид Аллендин “Иштерди иреттөөнүн жолдору. Кыйналбай эффективдүү болуу” аттуу бестселлер китебинде жакшы айтылган.

Ойлонуп көрсөңүз, канчалаган иштер 2 мүнөттөн азыраак убакыт алат, бирок аткарылбайт. 1-2 идиш-аякты тамактанган соң дароо жууп коюу алардын кийинчирээк тоодой үйүлүүсүнөн сактайт. Үйгө келгенде кийимдерди тыкан илип коюу, бир нерсени колдонгон соң кайра ордуна жайгаштыруу эле жалпы үйдү толук жыйыштыруудан, керектүү нерсени таппай 2-3 саат издөөдөн сактайт. Жашоону чынында жеңилдетет.

Же бирөөнүн туулган күнү экенин уксаңыз, дароо Whatsapp’тан, же Facebook’тан кыска куттуктоо жиберип койуңуз. Балким 15-20 секунд деле убакыт кетпейт, бирок сиз:

  • -Кийин куттуктайм деп жүрүп унутуп калбайсыз;
  • -Көңүлүн алган болосуз, кубандырасыз;
  • -Жолукканда өзүңүздү күнөөлүү сезбейсиз.
  • -Иш планын түзүп алуу;
  • -Дизайнын тартуу;
  • -Канча каражат керек болоорун эсептөө;
  • -Каражаттарды кантип табуунун жолдорун жазуу (алдын ала айлык алуу, карыз суроо);
  • -Кайсыл жерде баалар жакшы экенин тактоо;
  • -Жакшы устанын номурун алуу, ж.б.у.с..

Же кээде телефон чалып, бирөөнүн номурун сурашат. “Макул, азыр салып жиберем” деген бойдон көп эле унутуп калабыз. Күткөн киши болсо үмүттөнүп жүрө берет. Балким өтө маанилүү иштерине тоскоолдук кылган болобуз, балким жоготууга учурайт. А ошончо зарыктырбай бир заматта жиберип койсок кандай сонун болмок...

Же кээде кат келет, көбүнчө бир кыска маалымат сураган эле кат. Мисалы e-mail аркылуу биз даярдаган макаланы, же кандайдыр бир тизмени эле салып жиберүү зарыл болот. Бирок ошондой нерселер да жүрө берип унутулуп калат. Бул биз кандай киши/кызматкер/ишмер экенибиздин бир көрсөткүчү, бизге канчалык ишенүүгө, иштешүүгө, чоогу болууга болоорун аныктайт. Балким узун мөөнөттө чоң ийгиликтерге жетип-жетпөөбүзгө да маанилүү салымын кошот.

Кээде тез чечим кылуу керек. Мисалы бир суроо/сунуш/чакыруу келет. “Семинарга барасызбы?”, “Тойго келе аласызбы?”, “Майрамдарда көлгө баралыбы?” деген сыяктуу суроолорго биз “Макул, ойлонуп көрөйүн” деп айтып алып, өз мойнубузга жүк артып алабыз. Көпкө ойлонуубуз керек болот, унутабыз, эстетишет, таарынтабыз, жүдөйбүз, башкалардын пландарын, же иштерин токтотобуз. Анын ордуна дароо ойлонуп туруп так жооп берген эң сонун эмеспи. “Ооба барам”, же “Кечиресиң, бара албайм” деп айтуу менен бул маселени жаап койобуз.

2 мүнөттүк старт кийин чоң иштерде да ийгиликке алып барат

Албетте, көп иштерибиз 2 мүнөттөн көбүрөөк убакытты талап кылат. Бирок, ар бир жасалчу ишти бир канча кичинекей, кыска бөлүктөргө бөлсөк болот. Албетте, “Баары бир бүтүрө албаган соң баштагандан эмне пайда?” деген суроо да болушу мүмкүн. Анткени менен эреженин экинчи бөлүгү бул маселеге жакшы жооп берет.

Жооп – биздин жалпы жашообуздун процессине байланыштуу. Физика сабактарынан эсибизде калгандай, бир дене бирөө аны түрткүчө дайыма бир абалда турат. Бул жерде деле ошондой. Бир нерсенин бир бөлүгүн баштоо аны ийгиликтүү аткаруунун биринчи тепкичи, башталышы, түрткүсү. Жалпы чоң ишти жеңилдетет жана аткарылуусу мүмкүн экенин сездирет.

Мисалы, узун бир макала жазуунун биринчи бөлүгү катары бир кыска план түзүп алууңуз, кийинкисинде мазмунун эле жазууңуз, же 2-3 бет жаза койууңуз – жалпы ишти кыйла жеңилдетет.

Же үйдө чоң ремонт жасоонун кичинекей, кыска бөлүмдөрү төмөндөгүдөй болушу мүмкүн:

Бул эреженин дагы бир укмуш өзгөчөлүгү – ар түрдүү пайдалуу иштерди өзүбүзгө адат кылсак болот.

Мисалы, китеп окуунун канчалык пайдалуу, керектүү экенин баарыбыз билебиз. Эми сиз ошону адат кылгыңыз келеби? Болгону 2 мүнөттөн окуй баштасаңыз, аз эле убакытта кантип чоң китептерди окуп калганыңызды көрөсүз. Чуркоону, же машыгууну каалайсызбы? 2 мүнөттөн баштасаңыз жетет. Пайдалуу тамактанууну кааласаңыз 1 алмадан баштаңыз. Бир күндөр келет, мөмө-жемиштерден сонун салаттарды жасап каласыз.

Эң узун сапарлар деле кичинекей кадамдардан башталат эмеспи. Бүгүн сөзсүз баштап көрүңүз, кийин жашооңузга канчалык пайда алып келгенин көрүп таң каласыз!

Баарыбызга ийгилик!

(Бөлүшүп коюңуз, башкаларга да пайдасы тийсин, балким биздин аткаминерлерге да жетип калаар :)))

Зарыл Нышан уулу, атайын Саресеп сайты үчүн