Саясат

Темир Сариевдин өзү жана ниети

3 ноября 2017 г. 4:05 2297


Жаңы өкмөттүн компетенттүүлүгү суроо жаратып турат. “Боткону” бышырган Бабанов, Назарбаев жана Атамбаевден дайын жок. Түйшүк коомчулукка, эксперттерге жана мамлекеттин келечеги үчүн күйгөн саясатчыларга эле түштү.

Учурда гибриддик акыбалда турабыз. Буга чейин КМШ, ОДКБ, ШОС же ЕврАзЭС сыяктуу постсоветтик түзүмдүн баарында формалдуулук өкүм сүргөн. Азыр түзүлгөн келишим, эреже жана укуктук режимдерге баш ийүү жараяны башталгансыйт.

Жакындагы кыргыз-казак президенттеринин тирешүүсү мамлекеттер аралык келишимдин беренелерине жараша иш кылбагандыктын көйгөйлөрүн оркойтуп көрсөтүп койду.

Кырчылдашып жүрүп эртең экөө тең жок болуп кетсе эки өкмөт менен эл тирешип тура бериши керекпи? Мындай кыжыңдашуу болбошу керек эле. Бул араздашуудан эки тарап менен Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген мамлекеттер гана эмес, алар менен түрдүү келишим түзгөн өлкөнүн баары сокку жеши мүмкүн экени билинди.

Ошондуктан Кыргызстан либералдык демократиялык башкарууга жалгыз өзү гана ыктабай, Казакстан, Орусия жана Борбор Азиядагы бардык мамлекеттердин демократиялык аракеттерине колунан келген салымын кошуусу керек.

Ошондо гана мамлекеттик деңгээлдеги чечимдер эки лидердин каалоосуна жараша эмес, кеңири коомдук талкууга жараша кабыл алынат. Анын натыйжасында, өкмөт жана президенттик администрация утурумдук кызыкчылыктардын эмес, стратегиялык укуктук талаанын ичинде аракет кылууга мажбур болот.

Бажы Биримдиги практикалык жактан иштеген деле эмес. Анын уландысы болгон ЕАЭБге Кыргызстан кирип жатканда бул уюмга бизге чейин киргендер эмне сунуштап жатканын да так билген эмес. Биздин өлкө деле эмнени кабыл алып жатканын даана түшүнбөй калган сыяктуу. Бардык маселени “сүйүү” жеңет деген ой болгон. Бирок акча санашып, бөлүшө келгенде көйгөйлөр чыга келди.

Эрежелердин так эместиги, түшүнүксүздүгү, башынан эле ал эрежелерге моюн сунуу ниети алсыз болгону шайлоого байланыштуу кайым айтышууга жана тирешүүгө себеп болду.

Кечээ гана Темир Сариев менен Олег Панкратов 24.kg агенттигинде уюштурган тегерек үстөлдө ЕАЭБдин иштөө эрежелери талкулана баштады.

Темир мырзанын айтымында ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн вице-премьерлери ай сайын, премьерлери үч айда бирден жолугушуп туруусу керек экени билинди. Эгер маселелер келишимдин беренелери менен чечилбесе, бул уюмдун соту ал беренелерди кеңири талкуулап, көйгөдү жөндөшү керек экен. Демек, өкмөттүк жана укуктук баскычтардан өткөндөн кийин гана маселе саясий макамга, б.а., президенттик деңгээлге чыгат.

Мында учурдагы жаңы өкмөттүн компетенттүлүгү суроо жаратып турат. “Боткону” бышырган Бабанов, Назарбаев жана Атамбаевдерден болсо дайын жок. Түйшүк коомчулукка, эксперттерге, мекен жана ЕАЭБдин келечеги үчүн күйгөн саясатчыларга эле түштү.

Мында Темир Сариевдин ЕАЭБге кирүүдө чоң озуйпа жүктөнгөнү жана бул жоопкерчиликти бийликте болсо да, болбосо да мойнунан алып салбаганы мактоого татыйт.

Биздин өлкөлөрдүн саясаты "баланча президенттин доорундагы", "түкүнчө партиянын маалындагы" саясат болбошу керек. Чынында жакында өткөн шайлоо көп суроо жаратса да, Темир Сариевдин бардык күмөндөрүн жыйыштырып салып, жаш өкмөт бутуна турсун, мамлекет ушул абалдан чыгып кетсин деген аракети эң туура.

Өкүнүчтүүсү, калыптанган эки күч, бийликтеги президент Атамбаев менен оппозициядагы Бабанов тарап чек ара жана ЕАЭБдин келечегин куруудан четтеп туруп алды. Кээси сезимталдыкка алдырып, буга чейинки бардык жетишкендиктерди тээп, кесирлик кылып турат.

Эң негизкиси, ЕАЭБдин чалалыгын көргөн элдер демократиядан өкүнүп, сууп калбашы керек. Бул өңүттөн караганда демократия - бирге кабыл алган эрежелерге баш ийүү дегендик. Алар пайдалуу болсо колдонуп, пайда алып келбесе, же башкага пайда берип, сени чыгымга учуратса баш тартуу эмес.

Бийлик да, системдүү жана системдеше элек оппозиция да, эксперттик коомчулук да мамлекеттин келечеги үчүн бирге иштөөнү эми гана үйрөнө баштады. Кыргызстан муну тезирээк өздөштүрүп, ЕАЭБге кирген бардык мамлекеттерди өз ритмине салуусу керек.

Ошол эле Казакстан менен Орусиянын элитасы оңолоюн деген аракетте. Алар биздин кеңешибизге жана тажрыйбага муктаж. Өз очогубузду тиктеп отурбай, баш көтөрүп, башкаларга жардам берүүгө өтүүбүз керек. Эки жолу катуу чалынсак да, башыбыздан өткөн тарыхыбыз менен Евразия чөлкөмүнө демократия тажрыйбасын сунуп келе жатабыз.

Биз жеке, үй-бүлөлүк жана топтук башкаруунун канчалык зыян экенин, жалпы эл менен бирге аракеттенүүнүн канчалык пайда алып келээрин өз тагдырыбыз менен көрсөтө алдык.

Учурда Кыргызстанда кыргызчыл, батышчыл, орусчул, кытайчыл, арабчыл же түркчүл болобу, айтор бардык демократиялык күчтөр Сооронбай Жээнбековго чоң үмүт артып олтурат. Анын администрациясы туура жана тез калыптанып кетишине моралдык салымын кошуп жатат. Ошол эле убакта Темир Сариевге окшогон саясатчылар (ал жалгыз эмес деп үмүттөнөбүз) жеке жолугушууларда Сооронбай Жээнбековго саясий колдоо көрсөтүүдө. Мунун баары Кыргызстанда саясий маданият калыптанып келе жатканынан кабар берет.

Албетте, аалым айтмакчы, инсан ниетине жараша кээде шайтанды уялтып, кээде периштени суктандырат. Бул маселеде Темир Сариевдин ниети кандай экенин экс-премьер жана бир Кудай өзү билет. Биз бир гана анын учурдагы аракеттери мактоого татырлык экенин айта алабыз.