Материалы на русском

​Чемпиондор Лигасында эмнелер болду?

2 ноября 2017 г. 17:53 177

УЕФА уюштурган Чемпиондор Лигасы – футбол сүйүүчүлөрү дайыма катуу кызыгуу менен көрүп келген турнир. 31-октябрь жана 1-ноябрь күндөрү Чемпиондор Лигасында группадагы 4-оюндар ойнолду жана кээ бир командалар 1/8 финалга чыкты.

«A» -тобу

Швейцариядагы беттеште “Базель” “ЦСКА Москвага” 2-1 эсебинде жеңилди, ал эми “Олд Траффорд” стадионунда Манчестер Юнайтед Португалиянын чемпиону Бенфиканы 2-0 эсебинде жеңди.

Бул оюнда Бенфиканын дарбазачысы Миле Силвар жаңы рекорддун ээси болду. Ал Марсьялдын пенальтисинде голго уруксат бербей, Чемпиондор Лигасында пенальтинидеги топту тоскон эң жаш оюнчу наамына ээ болду. Эскерте кетүүчү нерсе ал 2 жума мурун Чемпиондор Лигасында ойногон “эң жаш дарбазачы” наамына ээ болгон. Буга чейин бул рекорддун ээси испаниялык Икер Касильяс болчу. Ал Европа аренасында биринчи жолу мээлей кийгенде 18 жаш 118 күн курагында болсо, Сильвар 18 жаш 52 күн курагында Европалык турнирде форма кийген.

«A» -тобунда 4 оюнда да жеңишке жеткен “Кызыл жиндер” кийинки турду камсыз кылды. Кийинки турга чыгуу үчүн Базель менен ЦСКА ат салышмакчы, ал эми Бенфика клубу азырынча упай ала элек.

«B» -тобу

Баарыбыз күткөндөй эле франциялык ПСЖ группадагы лидерлигин улантып келе жатат. Бул оюнда париждиктер Андерлехт командасын 5-0 эсебинде жеңүү менен кийинки турда ойноосун камсыздай алды.

Селтик өз талаасында Баварияга 1-2 эсебинде жеңилди жана бул жеңиш Баварияга 1/8 финалга жолдомо алып келди.

«C» -тобу

«C» -тобунда күтүлбөгөндөй кызыктуу оюндар жана күтүлбөгөн жыйынтыктар болду. Атлетико Мадрид өз талаасында азербайжандык Карабах менен 1-1 эсебинде тең чыгып, кийинки турга өтүүсүн аябагандай чоң тобокелдикке салды.

Ошондой эле Рома өз талаасында Лондондук Челсини 3-0 эсебинде жеңип, өз тобунда лидерликке жетти. Бирок 1/8 финалды эч бир команда камсыз кыла элек. Ошондуктан бул топто дагы кызыктуу оюндар күтүлөт деп айтсак болот.

«D» -тобу

Өткөн сезондун финалисти Ювентус Лиссабонго барып Спортинг менен болгон беттеште жеңишке жете албай 1-1 эсепке ыраазы болду.

Ал эми Афинадагы беттеште Олипиакос Барселона менен 0-0 эсебинде ойноп, күйөрмандарың таң калтырды. Бул беттеште Барселонанын аргентиналык супер-жылдызы Лионель Месси Чемпиондор Лигасында 119-беттешине чыгып, бул көрсөткүчтө белгилүү Златан Ибрагимович жана Хаби Алонсого жетти. Месси учурда Ибрагимович, Алонсо менен бирге 10-орунда турат. Эң көп беттешке чыккан оюнчу наамы учурда испаниялык Икер Касильяскка (166 беттеш) таандык. Ал эми бул турнирдин эң мыкты голчусу Криштиану Роналду 144 жолу бул турнирде форма кийген.

«E» -тобу

«E» -тобунда Ливерпуль “Энфилд Роуддо” Мариборду 3-0 эсебинде жеңип лидерлигин сактап калды, ал эми Спартак Москва Севильяга барып 2-1 эсебинде утулуга дуушар болду. Бул топто 1/8 финалды эч бир команда азырынча камсыз кыла элек.

«F» -тобу

«F» тобунда Сан Паоло стадионундагы оюнда Наполи англиялык Манчестер Сити командасы менен беттешти. Оюндун биринчи жарым саатында оюнга өз үстөмдүгүн койгон Наполи 1-0 алдыга чыгып, бирок оюндан 2-4 эсебинде жеңилип, кийинки турду өтө чоң тобокелдикке салды. Ал эми Хосеп Хвардиоланын командасы 1/8 финалды камсыздады.

Бул оюнда Серхио Агуэро Ман Сити формасы менен өзүнүн 178-голун Наполи дарбазасына киргизди жана Манчестер Сити тарыхындагы эң мыкты голчу болду. Ал 177 голудун автору Эрик Брукту өтүп клуб тарыхында калды.

Украинда болгон беттеш Шахтер Донецктин роттердамдык Фейенордду 3-1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.

«G» -тобу

Стамбулда болгон оюнда лидер Бешикташ менен Монако жеңүүчүнү аныктай алган жок жана оюн 1-1 эсебинде аяктады. Бул беттеште Бешикташтын чабуучусу Женк Тосун Чемпиондор Лигасында өзүнүн 5-голун жаратып, Бешикташ тарыхында Чемпиондор Лигасындагы эң мыкты голчу боло алды. Ал эми Лиссабондогу беттеште Порту германиялык РБ Лейпцигди 3-1 эсебинде жеңип алды.

«H» -тобу

Бардык футбол сүйүүчүлөр күткөн Тоттенхам – Реал Мадрид беттеши лондондуктардын жеңиши менен аяктады. Лондон клубунун 3 голуна корольдун командасы Роналдунун 1 голу менен жооп беришти. Бул оюндун жыйынтыгында Реал Мадрид группадагы лидерлигин лондондуктарга алдырып жиберди.

Ал эми “Сигнал Идуна Парктагы” беттеш 1-1 эсебинде аяктап, Боруссия Дортмунд өз күйөрмандарын кубанта алган жок. Германиядан 1 упай менен кайткан АПОЭЛ эки жолу Дортмунд менен тең таймашып күйөрмандарды таң калтыра алды.
Омор Кыргыз, Саресептин спорт кабарчысы