Саясат

Кыргыз демократиясынын дүбүртүбү же казак-орус тирешиби?

1 ноября 2017 г. 13:23 1515

Кыргызстан менен Казакстандын чегарасында чыккан көйгөйдү, башкача айтканда, Кыргызстандын жүк ташуучу унааларынын Казакстанга өтүүсүн чектөө тууралуу айрым ойлорду айта кетсек

Албетте чырдын башы - Бабановдун шайлоого батыл кириши жана Назарбаевди зыярат кылышы менен башталды. Буга Атамбаевдин реакциясы катуу болуп, ага каршы Назарбаев чегараны жаап, Кыргызстанды «муунтуп” кирди.

Бул маселеде биринчиден айрым жеке кызыкчылыктар бар болгону менен бара-бара бул аймактык көйүөйгө айланышы мүмкүн сыяктуу. Чыгаранын жабылышы менен Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) доо кетип жатат десек болот. Себеби, биримдиктин келишимине ылайык чек арада тоскоолдуктар болбошу керек эле. Атамбаев ЕАЭБке ашыкча ишенип алганын айтканы да муну тастыктайт. Ал гана эмес кыргыз бийлиги алтернативалык соода катнаш шериктерин издеп баштаганы, Кытай менен темир жолду баштоо керектиги тууралуу сөздөр да ушул эле мааниде.

Албетте, ар тараптуулук узак мөөнөттө Кыргызстанга пайдасы тийиши мүмкүн. Себеби, бир гана жакка көз карандылык туңгуюгунан чыгууга, кайрадан жанданган эл аралык Жибек Жолунун боюнда дүйнөлүк соодага интеграция болууга түрткү бермекчи.

Кайрадан жанданган, темир жол өткөн Жибек Жолу бир эле Кыргызстанга эмес жалпы аймакка ошол эле Казакстанга, атүгүл Орусияга чейин оң таасир бериши мүмкүн. Бирок Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун буга чейин салынбай келишинде ар кандай себептер айтылып келген эмеспи. Орусиянын муну каалабагандыгы, анын таасир берген аймагынын тарып, Кытайга өтүп кетиши сыяктуу ойлор менен катар эле, Транссибирдик магистралынан кыска атаандаш темир жолдун пайда болушу менен түшүндүрүүгө болот.

Назарбаевге келсек ал бул тоскоолдукту жалгыз эле кыргыздарга өчөшүү менен эмес, Орусиянын таасирин азайтуу аракети менен да кылып жатат го деген ой кетет. Орусиянын акыркы учурлардагы агрессивдүү кадамдары, Кырымды тартып алышы, орустар жашаган аймактарды коргоо шылтоосу менен армиясын киргизүү ниетин билдириши, орустар аркылуу референдум менен ал аймактарды каратып алуу коркунучу Назарбаевдин үшүн алган болсо керек.

Путиндин жакында Казакстан деген мамлекет деле жокко эсе деген маанидеги сөздөрү кыйла талкуу жаратканы эсимде. Мына ушулар кошул-ташыл болуп турганда чегараны жаап, Евробиримдикти алсыратуу, башкача айтканда Орусияны четтетүүгө Кыргызстан менен кайым айтышуу Назарбаевге жакшы шылтоо болуп берген шекилдүү.

Латын алфивитине өтүү да тегин жерден эмес. Назарбаев чынында Орусияга каршы иштеп жаткан болсо, мында ага дем берип жаткан тарап Америка жана анын жан-жөкөрлөрү болушу мүмкүн. Албетте, Кытай дагы буга көз кыскандыр.

Албетте мунун бары убакыттын өтүшү менен ачык-айкын болор. Бирок чынында мындай эрегиш бар болсо, ал КМШ аймагында чоң тополоң чыгаруу коркунучуна ээ десек болот. Казакстан менен Орусия ортосунда чыр чыкса, Татарстан жана башка өлкөлөр да жөн турбашы мүмкүн. Бул же Орусияны таркап кетүүсүнө же Орусиянын Казакстан баштаган көп өлкөдө чаң-будуң салуусуна алып барышы мүмкүн. Путин ошондуктан бугуп жаткандыр.

Ошол эле учурда, бул окуялар тууралуу Путиндин көп деле сыр бербей жатышын кантип түшүнүүгө болот? А балким медалдын наркы бетинде бул автократтардын кызматташтыгы болуп жүрбөсүн? Путин менен Назарбаев чындап эле ак каргадай болуп барган сайын басыгы катуулап бара жаткан кыргыз демократиясын өлтүрүүгө белсенишкендир.

Чынында атаандаштык менен өткөн шайлоо, 54 пайыз араң алган бийликтин өкүлү Кыргызстандагы демократиянын дүбүртү болуп аларды уктатпай жаткандыр. Андай болсо, Кыргызстан демократиясы утушта десек болот.

Албетте, демократиянын да куну бар. Муну төлөп баштаганыбыз ушул болсо керек. Бирок демократия алдыга жыла турган болсо, көп иштер али алдыда. Демократия жараянын токтотуу кыйын. Адамзаттын тарыхы, Европанын тарыхы муну тастыктайт. Эл улам утушка ээ болгон сайын, ого бетер кубаттанып көбүрөөк эркиндик талап кылууга өтөт. Англис тилинде муну «revolution of rising expectations» деп койот. Кыргызчасы “үмүттүн артуусунан жаралган революция”.

Айтайын дегеним кыргыз коому барган сайын көбүрөөк демократия талап кылат деген үмүттөмүн. Казак башбаканын шардана кылуусу менен ого бетер талкуулана баштаган бажыдагы коррупция тууралуу талаптар токотобой, шылуундар ачыкка чыгып ачык-айкындуулук болсо экен. Казакстан менен чегара маселеси тезирээк чечилсе экен. Тынчтык бузулбаса экен. Алтернативалык жолдор, экономиканы диверсификациялоо иштери аны менен токтоп калбаса экен. Ушундай үмүттүү “экендер” ойду ээлеп турат.

Эсен Кайгы, Саресеп сайтынын блогери