Маданият/Искусство

Финляндия идеалдуу мектеп тапканын айтууда. Анын кандай экенин көрөлү

1 ноября 2017 г. 11:34 507

Финляндиянын мектептери класстарды бөлгөн дубалдардан баш тартууда. Бир гана физикалык барьерлерден эмес, окуучуларды сабак жана жаш-курагы боюнча бөлүүдөн да баш тартышып, окуучулар билимге болгон талабын ачык айта алат.


CityLab архитектура сайтынын маалыматы боюнча, учурда өлкө дымактуу өзгөрүүлөргө белсенип, 4800 мектептин дизайнын өзгөтүүгө киришти. 2015-жылы 57, ал эми 2016-жылы 44 жаңы мектеп курула баштаган, калган мектептер ачыктык принцибине жараша имаратын оңдоп, өзгөртүүдө.

CityLab август айында маалымдагандай, көптөгөн мектептер эски, салттуу макеттерин сактап калса да, негизги максат – аларды акырындык менен учурдун талабына жараша адаптациялоо жана жаңылоо. Жаңы мектептер акустика маселесин эске алуу менен долбоорлонгон, себеби буга чейин жаңы түзулгөн чөйрөнүн ашыкча ызы-чуулуугу сынга алынган.


Билим берүү Департаментинин башкы архитектору Рейно Тапанинен, жаңы дизайн окуу чөйрөсүнүн ызы-чуусун басаңдатаарын айткан. Бул максатта жумшак отургучтар, чоң балыштар, кресло-качалка, дивандар жана жеке баарлашууларга ылайыктап жылдырууга мүмкүн болгон тосмолор колдонулаарын маалымдаган.

Баары көнгөн парталар жоголуп, алардын ордуна ар курактагы окуучулар бирге билим алуусуна ылайыкташкан чөйрө келди. Финляндия мектептеринде жашына карабай аралашкан топтордо окушат жана окуучулар кичинесинен эмнени окуп үйрөнгүсү келгени тууралуу ойлорун айта алышат.

Феноменге негизделген билим берүү

Өткөн жылы Education Week Финляндия Билим берүү министри Санни Гран-Лаасонен менен маегин жарыялап, анда министр айым ишке ашкан жаңы өзгөрүүлөрдөн сөз кылып, алардын ичинде салтуу, бир дисциплинаны гана окуткан сабактарынан баш тартып, эми “мультидисциплиналык” билим берүүгө өтүшкөнүн билдирген.

Жаңы окуу программасын түзүү үчүн “Феноменге негизделген” (PBL) деп айтылган билим берүү ыкмасынын натыйжалуулугун билиш үчүн керектүү узак мөөнөт берилиши зарыл. Бул убакыт ичинде окуучулар салттуу сабактарын жаңы ачык жана мультидисциплинардык чөйрөдө окушат. Балдар мындай сабактарды пландоого катышып, өздөрүн эмнени канчалык деңгээлде үйрөнгөнүн баалоого жөндөмдүү болушу керек.

Гран-Лаасонен айым билдиргендей, мектептер мисалы “климаттын өзгөрүүсү” темасын тандап, аны ар тараптуу жактан, математика сыяктуу дисциплиналарды колдонуп, талдай алышат. Мындай ыкма окуучуларга климаттын өзгөрүүсү сыяктуу маселеге комплекстүү, ар тараптан кароону үйрөтөт. PBLдин жактоочулары бул ыкманы учурда ийгиликтүү адам болуш үчүн эң керектүү болгон критикалык ой жүгүртүү жөндөмүн калыптайт деп айтышууда.

Хельсинки Университетинин билим берүү психологиясы боюнча профессор Кристи Лонка BBC маалымат агенттигине: “Реалдуу жашоого келгенде, биздин мээ маселени дисциплинага бөлбөй, бирдиктүү алып, ар тарабынан карайт. Мисалы глобалдык кризис, миграция, экономика өңдүү дүйнөлүк көйгөйлөрдү бүгүнкү ааламдашкан дүйнөдө талдоо үчүн керек болгон жөндөмдөрдү балдарга үйрөтпөй келатабыз”, - деп айткан.

Финляндиянын эркинирээк болгон билим берүү таризи калк тарабынан жакшы кабыл алынды. Өлкө акыркы жылдарда эл аралык PISA рейтингинде биринчи болбой жатса да илим жана окуу боюнча көптөгөн европалык өлкөлөр арасындагы атаандаштыкта алдына ат салдырбай келет.


Буга чейин да ийкемдүү билим чөйрөлөр курулуп, билим берүү ыкмалары менен эксперименттер жүргузулүп келген. Компьютердик технологиялар, билим берүү жана дизайн маселелери боюнча 20 жылдан ашуун убакыттан бери атайын кампания жүргүзүп, Англиянын өкмөтүнө кеңеш берип келген профессор Стивен Хеппеллдин айтымында, 21-кылымга ылайыктуу билим берүү модели керек, ошондуктан эски билим берүү ыкмалардан баш тартуу зарыл. Хеппел Австралиянын Перт шаарындагы Уэсли колледжинде ийкемдүү илим-билим чөйрөсүн курууга катышып, андагы окутууда кандай ыкма колдонуу керектиги тууралуу китеп жазган. Кээ бир аракеттер жолдуу болбогонунун себебин ал, мугалимдер стол, дубал жок жаңы чөйрөдө кантип иштээрин билбей, эмерек, экран, өсүмдүктөр менен өткөн кылымдын “жабык жашиктерин” кайра түзүүгө аракеттенгенин айтат.

Хеппел, эң башында окуучулардын кандай чөйрөдө окугусу, эмнени үйрөнгүсү келгени тууралуу пикирлерин угуу керектигин айтат. “Окуучулардын жакшы пикирлери бар. Алар силер көрбөгөн нерсени көрүшөт. Мындан сырткары алар бул талкууга катышканда өз билим алуусу тууралуу ой-жүгүртүү жана жаңы нерсе үйрөнүү аркылуу жалпыланган түшүнүк калыптайт”, - дейт профессор.

Бирок Финляндиянын жетишкендигин түшүнүү үчүн башка да факторлорду эске алуу керек. BBC маалымат кызматы Финляндия менен башка, Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн билим берүү системаларынын арасындагы айырмачылыктарды төмөнкүдөй тизмектеп чыккан:

  • Билим берүү- жогору бааланган, урматталган жана жакшы төлөнгөн кесип;
  • Мугалимдерди текшерүү жана аларга баа берүү практикасы жок;
  • Окуу күндөрү кыска, жайкы каникул 10 жумага созулат;
  • Окуучулардын билим деңгээлин мугалимдери баалайт. Жалгыз жалпы улуттук экзамен 18 жашка чейин билим алгандар үчүн гана каралган;
  • Орто класстын көлөмү – 19 окуучу;
  • Окутуу ыкмасына жана баланын окуу жөндөмүнө олуттуу көңүл буруу – ийгиликтин негизи болуп саналат.

Адам Жезарт, www.weforum.org

Булак: https://www.weforum.org/agenda/2017/10/why-finland...