Саясат

ЖК ЕАЭБдин жаңы Бажы кодексин карамакчы. Ал канчалык маанилүү?

31 октября 2017 г. 19:59 275

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кодексин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Документ парламенттин расмий сайтында жарыяланган

Мыйзамдын тастыкнаамасында Бажы кодекси Биримдик келишиминин тиркемеси жана ЕАЭБдин укуктук-усулдук базасынын негизги документтеринин бири деп айтылган. Документ учурда иштеп жаткан Бажы биримдигинин кодекси жана бажы мамилелерин тескеген эки тараптуу эл аралык келишимдердин ордуна ишке кирет.

ЕАЭБдин Бажы кодекси тууралуу келишимине Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттин башчылары 2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол койгон.

Учурдагы бажы мамилелерин Бажы биримдигинин кодекси жана 21 мамлекеттик келишим тескеп келет. Бирок бул келишимдин 16сы учурдун шарттарына жооп бербей калган. Аталган документтердин тажрыйбадан өткөн беренелери жаңы Бажы кодексине кирген.

Мамлекеттер төмөнкү маселелерди өз алдынча чечет:

  • Эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык аймактардын иштеши;
  • Бажы келишимине (БК) кирген мамлекеттердин бажы органдарынын кылмыш жана административдик укук бузуулар боюнча козголгон иштерде бири-бирине укуктук жардам көрсөтүүсүн;
  • Бажы келишимине кирген мамлекеттердин жана БКнын бажы мыйзамдарын бузгандыгы боюнча кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартуунун өзгөчөлүктөрүн;
  • Биримдиктин бажы кызматтарынын жалпы коллегиясына катышуун;
  • Биримдиктин бажы кызматтарынын бажы иштери менен бажы кызматынын өкүлчүлүгүнүн кызматташуусу жана өз ара жардамдашуусун.

Жаңы Бажы кодекси бажы итерин кагаздан электрондук форматка өтүүсүн мыйзамдаштырат. Бул бизнестин каражатын бир топ үнөмдөйт, бажы жараянын тездетет, мындан сырткары декларацияны каттоодон баштап, товарды бажы аймагынан чыгарганга чейинки бардык этаптан “адамдык факторду” жокко чыгарат.

Мыйзам кабыл алынгандай кийин “Бирдиктүү терезе” принциби толук бекип, экспортточулардын отчёт тапшыруусу жеңилдейт. Башкача айтканда, товарлардык декларацияны тастыктаган документтин кереги жок болуп калат. Бул бизнестин чыгымдарын азайтып, товар катталгандан баштап, чыгарып жиберүү мөөнөтүн 4 (азыр 24 саат) саатка чейин кыскартат. Бажы органына декларацияны каттоого 1 саат гана берилет.

kaktus. media