Коом

Окумуштуулар: үйлөнүү жана жакын достор кемакылдыктан сактайт

31 октября 2017 г. 14:51 460

Англиянын Лафборо университетинин окумуштуулары үй-бүлөө күтүү жана тыгыз достук катнаш кемакылдыктан коргойт дешет

Натыйжасы “Геронтология журналында” (геронтология - картаюуну изилдеген илим) жарык көргөн изилдөө жети жылга созулуп, ага 6677 адам катышкан.

Изилдөөгө катышкан бир да адам башында деменицияга (кемакылдык) чалдыккан эмес болчу. Илимий иш аяктап калган кезде бул диагноз 220 пациентке коюлган.

Коомдук байланышары бул оорунун башталышына кандай таасир берээрин түшүнүү үчүн окумуштуулар кемакылдыкка кабылгандар менен ага моюн сунбагандардын маалыматын салыштырган.

Достордун көптүгү эмес алардын “сапаттуулугу” маанилүү экени негизги илимий ачылыштардын бири болуп калды.

“Сизди түрдүү жана көп дос коштоп жүрүүсү мүмкүн, бирок тыгыз байланыштар гана кемакылдыктын башталышына бөгөт болуп бере алат... Бул достун канча экенине байланыштуу эмес”, - дейт профессор Иф Хогерворст.

Окумуштуу айымдын пикири боюнча жакын достор ден-соолукка кесепетин тийгизген оор стресске каршы “олпок” сыяктуу болот.

Адамдын өзүнө тиешелүү төмөнкү тогуз фактор деменцияга жол ачат:

- Орто жашта укпай калуу - кемакылдык коркунучун 9%га көтөрөт;

- Орто билимдин жоктугу - 8%;

- Чылым чегүү - 5%;

- Отүшүп кеткен депрессия - 4%;

- Кыймылсыздык - 3%;

- Коомдон четтөө - 2%;

- Жогору кан басымы - 2%;

- Семиздик - 1%;

- Экинчи типтеги диабет - 1%.

Адамга жараша өзгөрүп турган жогорудагы факторлор кемакылдыкка алып баруучу коркунучунун 35%ын түзөт. Калган 65% факторду адам көзөмөлдөй албайт.

Изилдөө жалгыз жашаган адамдын аты аталган ооруга чалдыгуусу жубайы бар адамга караганда эки эсе жогору экенин көрсөттү.

“Альцгеймер оорусу менен күрөшүү коомунун” изилдөөлөр боюнча мүдүрү доктор Дуг Браундун айтымында, үйлөнбөгөн 100 адамдын арасында деменицияга чалдыккан дагы кошумча бир адам чыгат.

Изилдөө уланып жаткандыктан аталган фактылардын кайсынысы себеп, кайсынысы натыйжа экенин айтуу али эрте.

Кемакылдык аны аныктаганга чейинки убактан ондогон жыл мурун башталаары белгилүү. Баштапкы маалда деменция адамдын баарлашуу жөндөмүнө таасир бериши мүмкүн.

Кыскасы, жалгыздык кемакылдыктын олуттуу көйгөйү дейт Доктор Браун. “Эгер кемакылдыкка чалдыккан адам керектүү колдоо таппаса, деменция толук жалгыздыкка алып келиши мүмкүн”, - дейт ал.

“Деменцияга чалдыккан адам тиешелүү коомдук байланыштарын сактап, адаттагы жашоосун улантуусу өзгөчө маанилүү”, - деп эсептейт профессор Иф Хогерворст.

Русская служба ВВС