Материалы на русском

Жылдызы жанган Роджер Федерер!

31 октября 2017 г. 8:57 209

Швейцариялык спортчу Роджер Федерер теннис тарыхына өз ысымын унутулгус кылып жазууда. Ал Базель турниринде финалда аргентиналык атаандашын 2-1 эсебинде жеңип, бул сезондо 7-кубогун жеңип алды. Ошондой эле карьерасында Базел кубогун 8 жолу жеңип жаңы рекорд койду.

Мекени Швейцарияда өткөн турнирде жалпы дүйнө рейтингинин 2-номери Роджер Федерер рейтингде 19-номердеги Хуан-Мартин дель Потрону 6-7, 6-4 жана 6-3түк сеттер менен 2-1 эсебинде жеңип, Базелде 8-жолу чемпион болду. Финалдык беттеш 2 саат 32 минутага созулду.

36 жаштагы Федерер бул сезон жетинчи, ал эми карьерасында 95-жеке чемпиондуктитулуна ээ болду. Мунун менен бирге карьерасындагы акчалай сыйлыгы 109 852 000 долларга жетип, бул багытта атаандашы Новак Джоковичтен алдыга озуп чыкты жана эң көп акчалай сыйык алган тенисчи болду.

Федерер Базель жеңишинде 464 589 доллар сыйлык алуу менен жалпы суммада 46 000 АКШ доллары өлчөмүндө Новак Джоковичтен алдыда келе жатат. Ал эми үчүнчү орунда карьерасында 91 миллион доллар жеңип алган Рафаэль Надаль турат. Джокович акчалай сыйлыгы 100 миллион долларды ашкан биринчи теннисчи болчу, бирок бул сезон жылдагыдан айырмаланып, турнирлерде 2 миллион доллар сыйлык алды.

Учурда Федерер рейтинг боюнча испаниялык атаандашы Рафаэль Надальдан 1460 упай айырмасы менен 2-орунда турат. Эгер Федерер Париждеги турнирде жакшы ийгилик көрсөтүп, Надаль мелдештин алгачкы этабында жоготуп ала турган болсо рейтингдин биринчи сабы Лондондо боло турган жыйынтыктоочу ATP чемпионатында белгилүү болмокчу.

Омор Кыргыз, Саресеп гезитинин спорт кабарчысы