Коом

HRW уюмунун өкүлү Борбор Азия тууралуу: “Кыргызстандан сырткары жерде диктатор көп”

30 октября 2017 г. 21:28 735

Human Right Watch уюмунун изилдөөчүсү Стив Свердлов Казакстан, Өзбекстан, Түкмөнстан жана Тажикстанга караганда Кыргызстандагы адам укутары эмнеси менен айырмаланаарын айтып берди

- Стив, сиз Борбор Азияга дайыма көз салып турасыз. Ал жакта адам укуктарын сактоо боюнча бир нерсе өзгөрдүбү? Жалпысынан алганда кандай оң жана терс тенденциялар бар?

- Жалпысынан алганда, адам укуктарын бузган режимдерге таасир берчү мекеме, институт жана механизмдери Борбор Азияда дайыма жетишпей келет. Мисалы Адам укуктары боюнча еворопа соту же Европа Кеңеши сыяктуу уюмдар жок. Биз Кыргызстандан башка жерде ит ыйлаарлык абалды жана оор көйгөйлөрдү көрүп келебиз. Алардын арасында кыйноо, сөз, дин тутуу жана пикир айтуу эркиндигинин жоктугун айтсак болот.

Кыргызстан бул өңүттө дайыма айырмаланып келген. Мындан сырткары учурда Өзбекстандагы өзгөрүүлөр тууралуу айта кетсе болот. Бирок жалпысынан алганда, адам укуктары Борбор Азияда олуттуу жана оор боюнча калууда.

- Сиздердин уюм Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринде иштейби же кандайдыр бир мамлекетке кирүү мүмкүн эмеспи?

- Бардык уюмдар жана журналисттер үчүн Туркмөнстанга кирүү башынан эле мүмкүн эмес. Бирок биз бул өлкөдөгү абалды бишкектик кеңсебизден чагылдырганга аракеттенебиз. Биз борбор азиялык региондо дайыма иштеген саналуу уюмдардын бирибиз.

- Жакында Кыргызстанда президенттик шайлоолор өттү. Ал жерде скандал тутанды. Активисттер өкмөттүн серверинде Кыргызстандын жарандарынын өздүк маалыматына жол ачкан жеке сайтты таап чыкты. Ал президенттик партиянын талапкери Сооронбай Жээнбековго берилген добуштарды санаптыр. HRW боюнча бул шайлоо кандай өттү?

- Биз ОБСЕ миссиясынын олуттуу бузуулар болсо да, жалпысынан шайлоо атаандаштыкта өттү деген маалыматына таянабыз. Бузуу дегенде шайлоо учурунда адмресурстун колдонулганын айтса болот.

Албетте атамбаевдик жана бабановдук команда ортосундагы дисбалансты эске алганда, шайлоо мындан да жакшы өтсө болмок деген ой келет.

Укук коргоо уюму катары алдыга карашыбыз керек. Биз жаңы президент Сооронбай Жээнбековго негизги приоритеттер эске алынган кат даярдадык. Анын адам укуктарына тиешелүү абалды жакшыртуу боюнча уникалдуу мүмкүнчүлү бар экенин айтып, ошону карманууга чакырдык. Бул опоңой эле нерсе. Жээнбеков сын пикир бар экенин билээрин, журналисттер куугунтукка алынгандан коркпостон иштей берсе болоорун улам белгилеп турушу керек.

- 2015-жылы Human Right Watchтун Бишкектеги мүдүрүнө Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган эле. Азыр абал кандай?

- Ооба, биздин күчтүү коллегабыз Мира Ритманга Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган. Биз бул маселени дайыма козгоп келебиз. Мен БУУ баш болгон башка уюмдар да Мира тууралуу маселени көтөрүп келе жатат деген ойдомун. Биз бул маселени жаңы өкмөт менен талкууласак оң жакка чечилээрине үмүттөнөбүз.

Төмөндө Human Right Watch уюмунун өкүлү Стив Свердловдун Борбор Азиянын башка мамлекеттери тууралуу ойлорун тезис түрүндө келтиребиз:

КАЗАКСТАН:

- Биздин Казакстандагы сөз эркиндиги тууралуу олуттуу чочулообуз бар;

- Дин эркиндиги олутуу тынчыздануу жаратууда;

- Эркин профсоюздар да катуу куугунтукта;

- Жалпысынан алганда абал өтө жаман.

ТАЖИКСТАН:

- Бул өтө жарды мамлекет болгондуктан, батыш донор жана инвестициялардын бар экени маанилүү. Аларды, барган сайын оорлошуп бара жаткан адам укуктары жаатындагы абалды оңдоодо, өкмөткө таасир эткен рычаг катары колдонсо болот;

- Акыркы төрт жылда жарылып кетүүгө жакын абал түзүлдү;

- Исламдык кайра жаралуу партиясы террордук деп атап, талкаланганы абийирсиз аракет жана адам укуктары менен универсалдуу баалуулуктарды бузуу. Бул партия демократия менен ислам бирге жашап кетээрин көрсөткөн. Бул партиянын жоктугу диалог талаасын каалабаган режим үчүн олуттуу коркунуч;

- Акыркы эки жылда пайда болгон 150-200 саясий туткунду “сиңирип алуу” кыйын.

ТҮРКМӨНСТАН:

- 2002-жылы өтө көп адам дайынсыз жоголгон. Алар кайда экени тууралуу жана тирүүбү деген суроого жооп жок;

- Бердимухаммедовдун акчаларын кабыл алган немис банктары суроо берип баштаса болот. Болгон мүмкүнчүлүктү колдонуу керек.

ӨЗБЕКСТАН:

- Мирзиëев эле эмес өзбек элитасынын жана орто жашаган элдин бир бөлүгү өзгөрүүнү аябай каалап турат. Биз бул абалды “чочулатуу менен бирге прогресс” - деп атадык;

- Биз өкмөттү бардык саясий туткундарды бошотууга чакырып жатабыз;

- Абактан чыккан адамдар позитивдүү иштегенге даяр. Биз да өкмөт менен ийкемдүү иштешибиз керек;

- Өкмөт менен жолукканда, биздин эркин иштөөбүзгө шарт коюлбаганы сүйүнттү. Бирок өкмөт менен көп маселе боюнча макул боло албаганыбыз белгилүү. Биз каттоого алынбаган, жашынууга мажбур болгон активисттер менен да өлкөнүн абалын жакшыртуу жаатында бирге иштешибиз керек.

Александр Касаткин, Настоящее время