Материалы на русском

Баракелде, Англиянын жаш футболчулары!

30 октября 2017 г. 10:07 331

2017-жылы жаштар арасындагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Англиянын U-20 командасынан кийин U-17 командасы да чемпион болду. Ошондой эле Европа чемпионатында U-19 командасы чемпион болуп, U-21 жана U-17 командалары финалда пенальти менен гана жеңилип калган

Индияда ФИФА U-17 дүйнөлүк чемпионат аяктады. 17 жашка чейинки жаш оюнчулардын таймашында финалда Англия (U-17) Испаниянын (U-17) курама командасын 5-2 эсебинде жеңип дүйнө чемпиону болду. Бул эки команда үстүбүздөгү жылдын май айында U-17 Европа чемпионатында финалда беттешип Англия (U-17) жаш матадорлорго пенальтилерде жеңилип, кубокко бир кадам жетпей калган.

Англия футболдун мекени болсо да тарыхында бир гана жолу 1966-жылы үй ээси болгон турнирде Дүйнө кубогун багындырууга жетишкен. Ал эми быйылкы чемпионаттарда жаштарга жумшаган мээнетинин жемишин жыйнап жатат.

Индияда откөн FIFA U-17 WORLD CUP Англиялык жаш футболчулардын жеңиши менен аяктады. Дүйнө чемпионатынын финалында Испанияга 2-0 эсеби менен жеңилип жатып, 5-2 эсеби менен утушка ээ болуп, чемпион наамын алууга жетишти.

2017-жылы Англия башка жаш категорияларында да жакшы ийгиликтерге жетти.

Англия U-20 Дүйнө кубогу финалында Венесуэланы 1-0 эсебинде женип чыккан. Англиялыктар U-17 категориясында ийгиликке жетип, ФИФАнын жаш оюнчулар арасында уюштурулган эки турнирде да чемпион боло алды.

Европа чемпионатында U-17 командасы финалист болсо, U-19 командасы чемпион болду. U-21 командасы жарым финалда Германияга пенальтилерде утулуп калган.

U-17 Дүйнө чемпионатында англиялык Райан Брюстер мыкты чабуулчу болуп “Алтын бут кийим”, Фил Фоден мыкты оюнчу катары “Алтын топ” сыйлыгына ээ болушту.

Ошондой эле Англия 2016-жылы, 2017-жылы Тулон турниринде эки жыл удаа чемпион болду.

Омор Кыргыз, Саресеп гезитинин спорт кабарчысы