Материалы на русском

ФИФА Дүйнө чемпиону-2018 канча миллион доллар аларын жарыялады

28 октября 2017 г. 10:17 160
2018-жылы Орусияда өтүүчү футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышуучу командалар дээрлик аныкталып, футбол сүйүүчүлөр дүйнө биринчилигин чыдамсыздык менен күтүүдө, ал эми чемпионаттын уюштуруучусу ФИФА даярдыгын улантуда жана командаларга бере турган акчалай сыйлыктын көлөмүн белгиледи

ФИФАнын директору Джанни Инфантино 2018-жылы боло турган дүйнө чемпионатына катышуучу 32 командага жалпы 400 миллион доллар сыйлык берерин жарыялады. Ал эми 2014-жылы Бразилияда өткөн дүйнөлүк чемпионатка ФИФА 358 миллион долларакчалай сыйлык тапшырган.

Өз тобунан кийинки турга өтпөй калган командаларга 2014-жылдагыдай 8 миллиондон доллар тапшырылат.

Ал эми кийинки турлардагы сыйлыктын көлөмү жогорулады:

1/8 финал: 2014-жылы 9 миллион доллар болсо, 2018-жылы 12 миллион долларга жогорулады.

Чейрек финал: 2014-жылы 14 миллион доллар болчу, ал эми 2018-жылы 16 миллион долларга көтөрүлдү.

Төртүнчүлүк: 2014-жылы 20 миллион берилген, 2018-жылы 22 миллион доллар алат.

Үчүнчүлүк: 2014-жылы 22 миллион доллар сыйлык алган болсо, 2018-жылы 24 миллион доллар сыйлык алат.

Финалист: 2014-жылы 25 миллион доллар сыйлык тапшырылган, ал эми 2018-жылы 28 миллион доллар сыйлык тартууланмакчы.

Чемпион: 2014-жылы 35 миллион доллар сыйлык алган. 2018-жылы 38 миллион сыйлык алат.

Баарыбызга маалым болгондой буга чейин дүйнө биринчилигине катышуучу 23 улуттук курама команда белгилүү болгон: Орусия, Бельгия, Англия, Германия, Испания, Исландия, Польша, Сербия, Франция, Португалия, Бразилия, Уругвай, Аргентина, Колумбия, Япония, Түштүк Корея, Иран, Сауд Аравиясы, Коста-Рика, Мексика, Панама, Египет жана Нигерия.

Омор Кыргыз, Саресеп гезитинин спорт кабарчысы