Саясат

​Бийликке мамлекетти жаңылоо үчүн Сейтек Качкынбайдан 5 парадигма

26 октября 2017 г. 17:30 1462


“Кереге” коомдук фонду уюштурган түз эфирде белгилүү саясат таануучу Сейтек Качкынбай өлкөнү жана улутту өзгөртүп, күчтөндүрчү негизги 5 принципке токтолду

Сейтек Качкынбай салыштырмалуу политология боюнча Япониянын Васада университетинде магистрлик жактаган жаш кыргыз окумуштуусу. Ал жапон, кытай, корей жана англис тилинде маалымат алууга жөндөмү бар. Ошондуктан төмөндө өзү айткандай, “учурдагы жана жаңы шайланган президент менен премьер-министрге тапшырма катары” - сунушталган принциптерди кеңири илимий жана терең тажрыйба булактарынан алган.

Анын бир нече жылдан бери кыргыз коомуна сунуштап келе жаткан “дааватынын” негизги темасы – Кыргыз мамлекетин модерндештирүү парадигмалары.

Сейтек мырза улус (мамлекетти) жана улуттун жаңыланышы (модерндешүүсү) үчүн төмөнкү 5 парадигманы сунуштайт:

  • Мамлекет куруу (Кыргыз мамлекети курулган” - деп күлбөй коё туруңуз);
  • Улут куруу (Ооба, таң калбаңыз);
  • Демократташтыруу;
  • Эркин экономика;
  • Тышкы саясат.

1-парадигма – Мамлекет куруу (State building ). Жаш саясат таануучу кыргыз түзгөн чабал мамлекет күчтүүгө айланышы үчүн эң оболу ар бир жаран салык төлөөчү болушу керек дейт.

С.Качкынбай: “Парламенттик жана президенттик шайлоодо талапкердин баары акча коротуп, мектеп, бакча жана башка социалдык объекттерди салам” - деп убада берет, бирок каражатты кайдан алаарын айтышпайт”, - дейт.

Көрсө учурда жарандарын бекер окутуп, арзан дарылап жаткан өнүккөн мамлекеттер мындай абалга жүздөгөн жылдарда араң жетиптир. Башында салык төлөй алган тайпаларды колдоп, салыкты жеңилдетип, аны элден жыйноону жөнөкөйлөштүргөн экен.

Салык эффективдүү жыйналышы үчүн, Сейтек мырзанын айтымында, мамлекеттик мекемелер чакан болуп, кызматкерлерге татыктуу маяна берилиш керек.

Ошондуктан Кыргыз мамлекетиндеги 39 министрликти 10-15ке чейин азайтуу керек. Бизде анча министрлик жок деген ой келет, бирок жаш окумуштуу учурдагы 16 министрликке 7 агенттик, 10 мамлекеттик кызмат жана 6 мамлекеттик фондду да кошкон. Себеби алардын баары иш жүзүндө мамлекеттин бюджетинен бирдей эле каржыланат. Имараты, кызматкерлери, кымбат унаалары, катчылары ж.б.у.с. нерсенин баары бар.

Башында үч эки-эсе кыскарган мамлекеттик кызмат орундарына конкурс уюштурулат. Конкурс өткөргөн комиссиянын 50чет өлкөлүктөрдөн турат. Кадр тандоо комиссиясына коррупциясын ийгиликтүү жеңген Сингапур, Финляндия, Норвегия, Грузия сыяктуу мамлекеттин кесипкөйлөрү кирет. Кыргызстан тараптан комиссияга мамлекеттик органдан гана эмес журналистика, бизнес сыяктуу жарандык коомдун өкүлдөрү да кирүүсү шарт экен.

Тандоо 3 критерийге жараша болот. Биринчиси, кесипкөйлүк, мисалы, “эгер айыл-чарба тармагына алынып жатса, дыйканчылык менен малчылыкты катыра билген бири керек”, - дейт С.Качкынбай. Экинчиси, TOЕFL аттуу англис тилин өздөштүрүүнү жана сын ой жүгүртүү боюнча анын (TOЕFL) IBT вариантынан 60 баллдан кем албагандар алынат. Себеби учурда дүйнөлүк деңгээлде маалымат алып, ой жүгүртө алган кызматкерлери бар мамлекет утат. Үчүнчүсү, Кыргыз тил деңгээлинин сынагы (КТДС) боюнча да жетиштүү даражага ээ болушу зарыл. Анткени чиновниктер мамлекеттик тилде кызмат көрсөтүшөт. Мында дүйнөлүк рейтингде ТОР-800гө кирген окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык берилсе жакшы болот деген ойдо саясат таануучу.

Конкурста өтө албай, кыскарган мамлекеттик кызматкерлерге учурдагы маянасынын бир жылдык сумма өлчөмүндөгү каражат жөлөк пул катары берилет.

Албетте, дүйнөлүк деңгээлдеги кесипкөйлөрдү иштетиш үчүн аларга татыктуу маяна берилиши шарт. Сейтек мырзанын айтымында - мамлекеттик кызматка орношкон адам болгон убактысын ишке бергендиктен, ага татыктуу акы төлөнүшү керек. Министрликтер эки-үч эсе азайганда, бошогон макамдарга чегерилип келген каражаттан мамкызматкердин маянасын 30-35 миң сомго чейин көтөрсө болот.

Бул жерде мамлекеттик сектордун азайганынан коркпош керек, анткени дүйнө тажрыйбасы боюнча, анын азаюусу менен паракорлук да эселеп төмөндөйт экен.

2-парадигма – Улут куруу (Nation building): Жаш окумуштуу Сейтек Качкынбай “дүйнөдө кабыл алынган терминология боюнча улут этнос эмес, улут - бул жарандык” - дейт. Ошон үчүн Кыргыз мамлекетинде жашаган адамдын баары кыргыз. Алар: кыргыз, бирок этникалык өзбек, орус же уйгур болушу мүмкүн.

Кээде бөтөн чек арадан өтүп жатканда “Эмне үчүн ээрчиткен адамдарың кыргыз паспортун алып жүрөт, бирок улутун башка деп жаздырып алган” - деген окуяларга туш болуп жүрөм, - дейт Сейтек мырза. - Улутту паспортко жазуу Совет доорунан калган эски адат”.

Бул маселеде кыргыз өкмөтүнүн жаңы биометрикалык паспорттон “улут” графасын алып салганын колдогон саясат таануучу, мамлекет муну жакшы түшүндүрө албагандыктан, коомдун кээ бир тайпалары тарабынан сынга кабылды деген ойдо.

3-парадигма – Демократташуу: Мында демократияны оңолуу куралы катары эмес өзүнчө баалуулук деп түшүнүү өтө маанилүү деген ойдо С.Качкынбай. Анткени демократиясы жок мамлекеттер деле өсүп жатат, бирок өнүгүүсүндө маселе бар. Бирок: “Үй-бүлөң менен кечки тамакты ижарага алынган батирде же өз үйүңдө чалкалап олтуруп ичүүнүн чоң айырмасы бар”, - дейт жаш окумуштуу. Жеке эркиндикти учурда демократия гана камсыздай алат.

Мындан сырткары мыйзам баарына бирдей күчкө ээ болгон мамлекетте адилеттүүлүк орноп, ички жана сырткы инвестиция жанданат экен. Андай болбогон учурда адамдар аргасыздан тууганчылык, достук, тааныштык, криминалдык жана башка бейформал уюмдарга кайрылууга мажбур болот.

Кыргызстандын парламенттик башкарууга туруктуу ыктап келгени эң туура дейт саясат таануучу. Анткени 1973-1989-жылдар арасы парламенттик башкаруудагы 65% мамлекет чыныгы демократиялык стандарттарга жеткен болсо, президенти башкарган мамлекеттин 5% гана демократташа алган. Совет державасы тарагандан кийин дароо парламенттик системага өткөн Монголия демократиялык критерийлердин 81%на дал келген. Экинчи орунга Польша (66%), үчүнчүгө Грузия (59%) чыккан. Кыргызстан 53 айыз менен 4-орунда.

Мамлекеттин парламенттик башкарууга толугу менен өтүүсүнүн эки көрсөткүчү бар экен, алар:

  • Эл өкүлдөрүнүн кол тийбестик жана кеңири ыйгарым укуктардын берилүүсү (иммунитет);
  • Мамлекеттеги балдык күч органдары (УКМК, ИИМ, Куралдуу күчтөр, Финпол ж.б.у.с.) парламентке баш ийиши.

4-парадигма – Экономика: Мында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү эң чоң ролду ойнойт дейт политолог Сейтек Качкынбай. Мисалы Японияда экономика секторунун 98,4%ын ушул эки тармак ээлеген. Кылганы гана Тойота, Ниссан, Сони сыяктуу ири ишканаларга таандык. Керектөөчү өзгөчө нерсеге гана көңүл бурган азыркы доордо, бул ири компаниялар да аргасыздан өндүрүшүнүн бир топ бөлүктөрүн тез өзгөрүүгө жөндөмдүү чакан бизнеске буйрутма кылууга аргасыз экен.

Башка серепчилердин айтымында чакан жана орто бизнеси күчтүү өлкөлөр каржы, экономика жана саясий туруктуу келет.

5-парадигма – Тышкы саясат: Сейтек мырзанын тышкы саясат парадигмасы эң жөнөкөй жана түшүнүктүү дейт. Өлкөнүн тышкы саясаты буга чейинки төрт парадигмада айтылган баалуулук жана принциптерди коргоп, өнүктүрүүгө шарт түзүүсү керек экен. Ошондуктан жогорудагы парадигмаларда айтылган нерселерге жардам бере алчу мамлекеттер менен байланыш түзүп, мамилелешип, келген делегацияларын кудадай тосуп сыйлайбыз. Кыскасы сырткы саясатыбыз ички саясаттын уландысы болуусу зарыл дейт адис.

Жаш окумуштуу кийинки президент Бишкек-Бээжин темир жолун салууну мөөнөтүнүн негизги максаты катары көрсө жакшы дейт. Анткени миллиарддаган Кытай бизге товар жөнөтүп акча чыгарып кетүү гана эмес, туристтеринин бир кичине бөлүгү менен гана чөнтөгүбүздү долларга толтурууга жардам берет. Эң негизгиси биз бир-тууган болсо да казактарга жалдырап отура бербей Кытай аркылуу океанга чыгып, бүткүл дүйнө менен соода кыла алабыз.

P.S. Сейтек Качкынбайдын мамлекетти жаңылоо боюнча 5 парадигмасына карата суроо, сунуштарыңыздарды Вотсап жана Мэссенжерден +996 555 204-571 номуруна жиберсеңиздер болот.