Маданият/Искусство

Эми башкача суроо берели

26 октября 2017 г. 10:12 1031

Хамидулла Садиллаев, дин таануучу, блогер

Өлкөбүз эгемендүүлүгүн алып, дин эркиндиги мекенибиздин жети дубанына тарап, кеңири жайылганына Алла Таалага көп шүгүрлөрдү келтирип, жадакалса күн сайын Аллага рахмат айтуубуз ар бирибиздин милдетибиз деп эсептейм.

Дин эркиндиги жайылган соң, дин аалымдары ар түрдүү массалык маалымат каражаттары аркылуу ислам динин таратууда. Диний үгүт-насааттарды угуп, динди бекем карманып, сооп-иштерди күн өткөн сайын көбүрөөк жасаган мусулмандардын сообунчалык соопту Алла Таалам дин аалымдарына да берген болсун.

Акыркы мезгилде кыргыз коомчулугунда дин кармануу түшүнүгүн кеңейтүүдө Чубак ажыбыздын мээнети зор десем адашпайм. Муну менен мечит-медреселерде, диний окуу жайларда жана диний мекемелерде дин үчүн кызмат көрсөткөн мусулман бир туугандарымдын салымын кемсинткен жокмун. Бирок ар бир дин тармагында кызмат өтөгөн киши өзүнүн эмгегин Чубак ажынын эмгенине салыштырып, жыйынтыгын байкай алат.

Айтайын дегеним, Чубак ажы - Алла Таалам ал кишинин илимине илим кошкон болсун - окуусун аяктап келип, көптөн бери айтылбай келген көптөгөн диний маселелерге коомчулуктун көңүлүн бурду десем жаңылышпайм. Ал кишинин мээнети жана ачуу чындыкты түз айтуусу жергебиздеги көптөгөн мусулмандардын көзүн ачты.

Баарыңыздар билгендей, келме келтирип, намаз окуу, орозо кармоо, зекет берүү, ажылыкка баруу булар ислам дининин түркүктөрү. Эми булардан башка да маселелерге көңүл бурчу күн келип жетти окшойт.

Биз ислам динин беш парз менен чектебестен, жашообуздун баардык тармагын исламдаштыруубуз керек. Бул дүйнөгө келгенден баштап, кайра акыркы сапарга кеткенче мусулманча жашообуз ар бирибиздин диний милдетибиз.

Мугалим, окуучу, куруучу, медик, мал доктур, тигүүчү, унаа оңдоочу, агроном, соодагер, дыйкан, айдоочу, бухгалтер жана башка кесип ээлери: “Сынак учурунда кээ бир суроолорго досум “жардам” берсе кандай болот? Орто билим алгандыгы тууралуу күбөлүктү тааныштар аркылуу баланча мектепте “окуду” деп алса кандай болот? Чек-арадан товарларды аткезчилик жолу аркылуу алып өтүп, соода кылса кандай болот? Иштеген мекемеге 800 сомдук соода кылып, аны дүкөндүн ээси менен сүйлөшүп дүмүрчөккө 1000 сом деп жаздырып, ашыкча 200 сомду “кызмат акы” катары алса болобу? Иш сапарга (командировка) чыкканда досумдун үйүндө жашап, кайсы бир мейманканада түнөдү деген маалымкатты бухгалтерияга тапшырса болобу? Жумушта кесиптешимдин мекемени жакшыртуу боюнча ой жүгүртүп, бирге тапкан пикирди жалпы жыйында өзүмдүкү кылып айтсам күнөө болбойбу? - деген суроону узатууну үйрөнүшүбүз керек.