Материалы на русском

FIFA Football Awards 2017

26 октября 2017 г. 8:17 394

ФИФАнын 2017-жылдын мыкты оюнчусу, мыкты машыктыруучусу жана эң мыкты голу сыяктуу наамды ыйгаруучу кечеси Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында болду. 2010-жылдан бери France Football журналы менен бирге уюштуруп келген өнөктөштүгү өткөн жылы соңуна чыгып, быйыл ФИФА тарабынан “жылдын мыктыларынын сыйлыгы” экинчи ирет берилди.

Улуттук курама командалардын машыктыруучусу, капитандары, журналисттер жана күйөрмандардын берген добушунун жыйынтыгында эң мыкты эркек футболчусу Реал Мадриддин жылдыз-оюнчусу Криштиану Роналду болду. Роналду Барселонанын аргентиналык жылдызы Лионель Месси жана Пари Сен-Жермендин формасын кийген бразилиялык Неймардан алдыга озуп чыгып, эки жыл удаа бул сыйлыкты алды.

Жылдын мыкты дарбазачысы болуп Италия курама командасынын жана Ювентустун дарбазачысы Джанлуиджи Буффон аныкталды, ал эми кыз- келиндер арасында эң мыкты оюнчу наамына Барселона формасын кийген голландиялык Лике Мартенс ээ болду.

Өткөн сезондо УЕФА Чемпиондор лигасын жана Испания Биринчи лигасында Реал Мадридди чемпиондукка жеткирген француз машыктыруучу Зинадин Зидан жылдын мыкты машыктуурусу наамын алды. Ал Массимилиано Аллегри (Ювентус) жана Антонио Контеден (Челси) көбүрөөк добуш алууга жетишти. Ал эми кыз-келиндер футболунда Голландиянын курама командасынын машыктыруучусу Сарина Вигман мыкты машыктыруучу сыйлыгына ээ болду.

Жылдын эң мыкты голуна берилүүчү Пушкаш сыйлыкты Арсеналдын француз чабуулчусу Оливье Жиру алды.

ФИФАнын Fair Play сыйлыгы Чехиянын биринчи футбол лигасында Бохемианс менен Словацко командаларынын беттешинде атаандаш команданын дарбазчысынын өмүрүн сактап калган Франсис Конеге берилди.

Эң мыкты күйөрмандар болуп шотландиялык “Селтик” командасынын күйөрмандары аныкталды. Бул номинацияга Селтик менен катар “Боруссия Дортмунд” жана “Копенгаген” талапкер болчу.

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана команданын капитаны Азамат Байматов Зинадин Зиданга (мыкты тренер) жана Криштиану Роналдуга (мыкты оюнчу) добуш беришти.

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин добушу боюнча 2017-жылдын 3 мыкты оюнчусу: Роналду («Реал Мадрид», Португалия), Неймар («ПСЖ», Бразилия) жана Н’голо Канте («Челси», Франция) болсо ал эми 3 мыкты машыктыруучулар: биринчи орунда – Зинедин Зидан «Реал Мадрид», экинчи орунда – Антонио Конте «Челси», үчүнчү орунда – Хосеп Гвардиола «Манчестер Сити» болду.

Улуттук курама команданын капитаны Азамат Байматов добушун мыкты оюнчу катары Криштиану Роналдуга, экинчи орунда Лионель Мессиге, үчүнчү орунда Серхио Рамоско берди. Байматовдун версиясы боюнча мыкты тренер З. Зидан, экинчи орунда –Антонио Конте, үчүнчү орунда Германиянын курама командасынын машыктыруучусу Йоахам Лёв болду.

ФИФАнын 2017-жылдагы символикалык курма командасы:

Дарбазачы: Джанлуиджи Буффон («Ювентус»);

Коргоочулар: Дани Алвес («ПСЖ»), Леонардо Бонуччи («Милан»), Серхио Рамос, Марсело («Реал Мадрид»);

Жарым коргоочулар: Лука Модрич, Тони Кроос («Реал Мадрид»), Андрес Иньеста («Барселона»);

Чабуулчулар: Неймар («ПСЖ»), Лионель Месси («Барселона»), Криштиану Роналду («Реал Мадрид»).

Омор Кыргыз, Саресеп гезитинин спорт кабарчысы