Саясат

Казакстан ЕАЭБге бизден көп зыян келтирет

24 октября 2017 г. 17:40 3854

Интернетте акыркы убактарда Казакстандын чек араны жапканынын негизги себеби – Кытайдан кирген товарлар Кыргызстанда толук эсептелбей жатканында, деген маалымат тарады. Башкача айтканда, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) базарына кытайдын арзан товарларын агызууда

Мен Кытай менен казак жана кыргыздын соода алакаларын салыштыртырган статистиканы таап чыктым. Кытайдын статистика комитетинде 2014 жана 2015-жылдын экспорту менен импорту тууралуу статистика бар экен. 2016-жылдыкы жок. Өкүнүчтүүсү, Казакстандын статкомунун сайтында 2014-жылдын маалыматынан кийинки жылдарга таандык жаңы цифралар жок экен. Кыргызстанда 2016-жыл кирген, бардык статистиканы тапса болот. Ошондуктан 2014-жыл боюнча гана толук жадыбал түзүүгө мүмкүн болду.

2014-жыл – бул Кыргызстандын ЕАЭБге кирген жылы. Кыргыз Статкомуна караганда, биз Кытайга 32.8 АКШ долларына экспорт чыгарыпбыз, кытайлык Статкому 58.5 млн $лык товар кирген дейт.

Биз тарап Кытайдан кирген импортту 1,2 миллиард $ деп эсептесе, кытайлыктар Кыргызстанга 4,2 млрд долларга товар кирген дешкен. Мында 3 миллиарддан бир аз ашыгыраак айырма көрүнүп турат.

Бирок Казакстан менен Кытайдын статистикасын салыштырганда, кызыктуу нерсеге туш болдум. Мындай “тешик” же “боз импорт” казактарда да бар экен. Сан жагынан алып келгенде, анын көлөмү биздикине караганда алда канча жогору.

Казак жана кытай статистикасы боюнча Казакстандын кытайларга чыгарган экспорту эки өлкөнүн эсеби боюнча бирдей чыкты. Казак тарап Кытайга 9 млрд 799 миллион долларлык товар чыгардык десе, кытайлар Казакстандан 9 млрд 742 млн $га товар кирди дейт.

Бирок казактардын статистикасы боюнча Кытайдан 7 млрд 357 млн долларлык импорт кирди дегени менен, кытай статистикасы боюнча 12 млрд 710 млн долларга товар кирген экен. Айырмасы 5,3 млрд $. Ошондуктан "ЕАЭБди арзан, кытайлык товар менен ким көбүрөөк сугарып жатат" - деген суроону Кыргызстанга узатуу анча туура эмес.

Калктын санына бөлгөндө, Кыргызстан Кытайдан көбүрөөк “боз импорт” киргизип жатканы көрүнүп турат. Бирок абсолюттук цифралар менен алганда, ЕАЭБдин базарын Казакстан көбүрөөк “булгап” жатыптыр да.

Кыргызстан казак-кыргыз чек арасындагы катаалдык боюнча Евразиялык комиссия жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмына арыз киргизди.

ЕАЭБге кирип жатып, Кыргызстан өз айыл-чарба өндүрүмүн экспорттоого кеңири базар ачылат деп үмүттөнгөн. Бирок, ар жерде "бизге 180 миллиондук базар ачылып жатат" - деген бийлик, белорус, орус жана казактар айыл-чарбасына эбегейсиз субсидия чегерип тураарын эсепке алган эмес. Ошондуктан алар айыл-чарба товарларын биздикинен арзан сата алат жана бизди өзүбүздүн базардан сүрүп чыгара баштады. Мисалы, Беларусия 2013-жылы өзүнүн айыл-чарбасына 2,4 миллиард долларлык субсидия берди. Аны жалпы өндүрүмүнө бөлгөндө, өлкөнүн айыл-чарбасына кеткен каражаттын 48%ын түзгөн. Кыргызстандын бул көрсөткүчү дайыма 0,5% болгон, азыр деле ошол бойдон турат.

Натыйжада биздин өлкө Беларус, Россия жана Казакстан менен аба-ырайынын шарттарына байланыштуу аларда өнбөгөн айыл-чарба продукциясы боюнча гана атаандаша алат. Бирок бул өлкөлөр мындай товарды Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болбогон кезинде канча сатып алса, азыр деле ошончо сатып алууда. Бул маселеде эч кандай өзгөрүү болгон эмес.

Сапар Орозбаков

түп нуска: http://narynaiyp.com/sapar-orozbakov-zanimatelnaya...