Маданият/Искусство

Жээнбековду сүйлөтпөсөк, ал унчукпай отура берчүдөй

23 октября 2017 г. 19:22 1985

Жарандык активист Динара Ошурахуновадан шайлоодо административдик ресурстун колдонулуусу, кетип бара жаткан Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдон эмне күтсө болот деген маселелер боюнча күчтүү пикирлер

Сооронбай Жээнбековдун легитимдүүлүгү: Башка талапкерлерге кеткен жана “баарына каршы” добуштарды алсак, салмактуу сандар чыгат. Албетте, шайлоодо олуттуу мыйзам бузуу болгонун далидөө кыйын, бирок бизди алдап кеткен сыяктуу сезим калды. Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу күмөн канча болсо, легитимдүүлүгү да ошончолук десек болот. Жетиштүү легитимдүү болгон жок. Барган сайын күмөндөр бекемделип гана бара жатат.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү: Бул президенттик шайлоого даярдык небак жүргөн. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо башталганын көп эксперт айткан. Анда чөнтөк парламент келди. Кийин баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Жарандык коом менен оппозиция катуу каршы болсо да, бийлик ал референдумду омуроолоп өткөрдү. Референдумдан кийин камоо, айып пул салуу башталды.

“Таза шайлоо!”: Мен бийликтин таза шайлоо дегенин саясий талааны күчтүү атаандаштардан тазалоо окшойт деп ойлоп калдым.

Башкалардын даярдыгы: Бийликтен башка бир да тарап өткөн президенттик шайлоого олутту даяр эмес экени билинди. Шайлоо күнү - бул натыйжа гана. Ал күн тыптынч өтүшү мүмүкүн. Шайлоого чейин талапкерлер электен өткөрүлүп, анан коомго сунулду.

Боршайком: Борбордук шайлоо комиссиясынын талапкерлерди элеп салуу укугу жок. БШКнын быйылкы аракеттерин “кыйыр шайлоо” - деп да атасак болот. Бизге: “Жарыктыктар, силер шайлаганды билбейсиңер, баласынтып алдап кетишет, биз силерге шайлоону даярдап беребиз”, - деп айтылгандай болду. Дүкөндө балага ал каалаган оюнчукту алып бергиң келбей, өзүң каалаганга түрткүлөп барсаң, бала “өзүм тандадым” - деп ойлоп калган сыяктуу.

Эки анжы болгондор: Жээнбектовду да, Бабановду да каалабагандар баарына каршы же алардан башкасын тандаганга мажбур болушту. Калк добушу пайдасыз кетип калбаш үчүн шылтоо издегенге мажбур калды.

Адмресурс: Мамлекеттин, жергиликтүү бийиликтин ресурстары бизде дайыма колдонулуп келген. Кийлигишүү деңгели гана өйдө-ылдый болуп турчу. 2010-жылы гана минималдуу болгон, себеби бийликти эч ким топтогонго үлгүрбөй калган. Жергиликтүү шайлоолор кандай оор өткөнүн көрдүк. Бул шалоолор бийлик болушунча бир тарапка топтолгон соң өттү.

Тарапсыздык: Мамлекеттик мекемелердин, кызматкерлердин баары калыстыктын үлгүсү болуш керек. Бул биздин бийликтин түшүнө да кирбейт. Бул шайлоодо бир да мамлекеттик тарап муну көрсөтө алган жок. Мамлекеттик органдар дайыма калыс болууга милдетүү! Шайлоодо абсолюттуу калыс болушу керек! Бизде мамлекеттик мекеменин баары шайлоодо бир тарапты колдоп, баш-оту менен кирип кетти. Муну “зилалиевчилик” - деп атаса болуп калды.

КТРК: Коомдук канал бир адамдын бир талапкерди колдогон ресурсуна айланып калды.

Парламент: Жогорку Кеңеш бул процесстен шайлоого чейин да, шайлоодон кийин да четтеп туруп алды.

Кандидаттардын аракеттери: Бюллетендер кол менен саналганда, Сузактагы үч участокто кызыктуу сандар чыга баштады. Кээ бир талапкерлер “бардык участокто адамдарыбыз бар” - дешкен. Эми иш ошолорго түшүп жатат. Алар жеңилгенин моюндаганда да, Боршайкомдон келген документтерди анализдеп чыгуусу керек. Мисалы Бабанов парламенттеги экинчи чоң фракцияны жетектей, ал сандарды салыштырып чыгууга милдеттүү.

Биометрикага ишеним: Биз барыбыз бул технологияга ишенгенбиз. Бирок кол менен саноодо айырмалар чыгып жатат. Биометриканы тапшырып жатканда ГРС да, Боршайком да “бир адам-бир добуш” - дешкен. Бул өтө кооптуу. Анткени биз бул технологияга ишенбей калсак, эмки шайлоону кантип өткөрөбүз? ГРС менен Боршайком добуш бергендер менен бюллетендердин арасындагы айырмачылыктар тууралуу расмий түшүндүрмө бериши керек. Жергиликтүү шайлоо мекемелери жоопко тартылышы зарыл.

Атамбаевдин Трампка окшоштугу: Балким Атамбаев Трампка окшоштур, бирок биздин мамлекеттик система АКШныкына окшош эмес. Анткени АКШда авторитардуу лидерди “ооздуктап” калчу “тормуз” системасы иштейт, бизде иштебей калды.

Түрмөдүгүлөр: Учурда абакка солонгондун баары ушул ситеманын ичинде болуп, ушундай абалга келгенге жардам беришкен. Ойгоно баштаганда, аларды четтетип салышты. Өкмөттүк эмес уюмдарды жемелеп, желмогуз кылып көрсөткөнгө бардык саясатчы жана ЖМКлар катышкан. Акыры өздөрүн камай баштаганда, “кой” – дечү эч ким калбай калды.

Саясатчы: Акыйкатты коркпой, ачык сүйлөгөн, таза саясатчылар аз экен. Эл ошондой лидерди күттү да!

Эң коркунучтуу: Шайлоо үгүтүндө, шайлоо күнү шайлоочуларды коркутуп, сабаганы 2009-жылды эстетти. Мамлекеттик коопсуздук кызматынын адамдары, министр өздөрүн криминал сыяктуу алып жүргөнү коркунучтуу. 2009-жылы мен алсыздыгымдан ыйлагам. Анткени бизди бардык шайлоо участокторунан кууп чыгып, көзүбүзчө бюллетендерди өрттөшкөн. Чарасыздык шал кылган.

Катыш: Биз элди "шайлоого катышкыла, силер гана чечесиңер" - деп үгүттөгөнбүз. Анан аларды участокто сабап жатышканы – фундаменталдык укукту тебелегендик. Муну коом, парламент талкуулашы зарыл. Бул олуттуу дискуссиянын темасы болушу керек. Муну норма катары кабыл алуу мүмкүн эмес!

Шайлоо укугу: Бизде шайлоо укугун кайра талкуулап, башынан куруп чыгыш керек болуп калды. Адамдардын зээнинде анын конституциялдуулугун кайра калыптап чыгуу зарыл. Бийлик буга катышабы-катышпайбы маанилүү эмес. Биз өткөн шайлоодон сабак алып, туура эмес көрүнүштөрдүн кайталанбашын камсыздашыбыз керек.

Система: Мамлекеттик система калыптанбаса да, бизде саясий атаандаштык бар. Атаандаштык позиция же принциптер үчүн эмес, макам үчүн болсо да, бар. Ошондуктан бизде бир адамдык башкаруу болбойт.

Өзгөрүү: Саясий абал өзгөрөт. “Мүмкүнчүлүктөр терезеси” ачылып келе жатат.

Жаңы президент: Биз жаңы президентке кандай реформаларды каалап жатканыбызды түшүндүрүүбуз керек. Анын парламент, жарандык коом, масс-медиа, сөз эркиндигине мамилеси кандай болушу керектигин түшүндүрүү зарыл.

Эски президент: Биз кетип жаткан президентке карабашыбыз керек. Ал дагы сүйлөөрү түшүнүктүү. Биз жаңы президентке карап, аны менен эмитен сүйлөшө башташыбыз керек.

Жээнбеков: Аны сүйлөтүү зарыл. Биз ага баарына угуза, ачык “буйрутма” бермейинче, анын түрдүү маселелер боюнча позициясын, келечектеги кадамдарын билбейбиз. Эгер биз унчукпай койсок, ал да унчукпаганга маш экени белгилүү.

Нарын Айып, кыскартылып которулду

материалдын видеосу http://narynaiyp.com/d-oshuraxunova-strashno-chto-...