Коом

Ислам аялды сабаганга уруксат береби?

23 октября 2017 г. 9:30 507

Кыргызстанда жүргүзүлгөн изилдөө боюнча 15 жаштан 49 жашка чейинки кыз-келиндин үчтөн бири үй-бүлөсүндө түрдүү зомбулук көргөн. Алардын жарымы бул тууралуу эч кимге айткан эмес. Аялзатына кол көтөргөндүн көбү ислам буга жол берет деген шылтоо айткан. Кадыр Маликов, Чубак ажы Жалилов жана жаңы мыйзам бул тууралуу эмне дейт?

Аялды уруу адатпы?

2015-жылы Кыргызстанда үйдөгү зомбулуктун 3538 фактысы катталган. Бирок таяк жеген аялдын жүздөн бири гана милийса чакырткан. Анткени эркектер гана эмес аялдын көбү күйөсү кол көтөргөнгө акысы бар деген ойдо.

Аялына кол көтөргөн агасы боюнча бизге кайрылган кыз: “Агам аны эки эле жолу токмоктогон. Ал ажырашам деп жатса, анан кантмек эле?”, - дейт.

Үстүбуздөгү жылдын сентябрында, чоң базардын биринде 20-25 жаштагы жигит афган менен кетип бара жаткан кыргыз кызды бир чапкан. Өтүп бара жаткан адамдар кызга болуша кеткен. Жигит зомбулугун жеке көз карашы жана “принциптери” менен актаган.

Октябрдын башында куудул жана шоумен Эмиль Эсеналиев эки маалымат булагына, аялзатын какыс-кукус кылуу туура деген маек берген. “Күйөөсү бар аялдын башка бири менен жүрүп кеткенин көрсөм, мен да ургум келет. Алар укпай же түшүнбөй койсо, уруу керек”, - деген ал “Супер-Инфо” гезитине. Бул маек 78 миң нуска менен тараган.

Андан кийин Эмиль Kloop.kg сайтынын журналистерине да бул оюн тастыктаган. “Эгер аялы башка бири менен жатып жүргөнүн билип калып, андай аялды урса туура болобу деген суроо берсеңер “Ооба, бул туура”, - деп жооп берем. Эмиль аялзатын кордогонго каршы экенин жана күйөнүн көзүнө чөп салса гана сабоого болот деп эсептейт. “Мага келип, аялы тамакты көбүрөөк туздап, кийимди жуубаганы же каяша айтканы тууралуу сурашса, булар үчүн аялды урганга болбойт демекмин. Мен журналистерге ошентип эле айткам”, - дейт актёр.

Кээ бир эксперттер: “Коом исламдашкан сайын үй-бүлөдөгү зомбулук артууда. Эмнегедир аялды тарбиялаш үчүн токмоктоого ислам уруксат берет деп эсептеп алышкан”, - дейт.

Светтик көз-караш

Чет элдик болгонумдан мындай окуяларды жоромолдоо мен үчүн дайыма ыңгайсыз. Бирок санариптик доордо жашап, элдер “Мерседес” жана “Лэнд Крузер” менен жургөн кезде, кээ бир адамдардын орто кылымдагыдай, бири-бирине күч колдонуп жатканына таң калам”, - дейт Кыргызстандагы “ООН – аялдар” уюмунун өкүлү Геральд Гюнтер.

Исламда эмне делет?

Ислам аялзатын урууга же сөз менен басынтууга уруксат бербейт, - деген динаятчы жана Кыргызстандын аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов сөзүн – Кээ бир адам Ыйык Курандын Ан-ниса сүрөсүнүн:Баш ийүүсүнө күмөн аялдарга (аялыңа) насаат кылгыла, төшөктө жалгыз калтыргыла же уруп тургула”, - деген 34-аятын шылтоо кылышат. Бирок бул аятты пайгамбарыбыз Мухаммаддын кантип ачыктаганына карашыбыз керек. Анткени башка бир аятта Кудайдын Элчиси үлгү экени, жана Алла Таала ага эң сонун мүнөз бергени айтылат. Пайгамбарыбыз өмүрүндө эч бир аялына кол көтөрүп, аларды жазалаган эмес. Бул дүйнөдөн өтөөр алдындагы акыркы сөздөрүндө да аялдарга жакшы мамиледе болууну керээз кылган. Эр аялын үч күндөн ашык төшөктө жалгыз калтыра албайт, анткени ал мөөнөттөн кийин аялдын акысы башталат. Аяттагы “уруп тургула” – деген сөз биздин өлкөдөгү турмуштун зомбулук өнөкөтүнө эч тиешеси жок. Ал, мамилелер туура эмес нукта кетип жатканына аялынын көңүлүн буруу үчүн гана керек. Ислам аялзатын сабоого уруксат бербейт. Мусулмандардын же башка инсандардын аялын урганы – алардын жеке инсандык катасы”, деп бүтүрдү.

Мында: Ислам эрге тарбиялоо максатында аялына кол көтөрүүгө уруксат береби? – деген суроо турат”, - деп жоромолдойт Муфтияттын даават бөлүмүнүн башчысы Султанали Гафуров. Анын айтымында исламда күйөсү аялына нааразы экенин үч жол менен көрсөтө алат:

  • Аны менен сүйлөшпөй, суроолоруна жооп бербей коёт;
  • Анда да түшүнбөсө, аны төшөктө жалгыз калтырат;
  • Жогорудагы эки нерсе жардам бербесе, шариат урууга уруксат берет. Бирок катуу эмес! Хадисте аялзаты назик жан экени, ал кабыргадан жаратылганы. Аны туздөйм деп катуу мамиле кылсаң, сынып калышы мүмкүн экени айтылган.

Кээ бир аалымдар “уруу” – деген сөздү карандаштай болгон тиш тазалаган мисвак менен чаап коюуга уруксат деген. Мунун баары эрдин жубайына нааразы экенин билдирүү, туура нерсени жасатуу жана тарбия үчүн гана берилген. Анткени аялзаты ур-токмок менен дрессировка кылынчуу айбан эмес. Шариаттын мисвак менен “уруп тур” деген уруксатын көк-ала кылып, сөөгүн сындыра сабаса болот деп түшүнбөш керек”.

Мага аялды урууга болобу деп суроо бергендер, жубайын дароо сабагысы келет. Антүү мүмкүн эмес, - дейт, бул темага тиешелүү суроого жооп берген Кыргызстандын экс-муфтийи жана учурдагы Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы ЖалиловЭгер аял көчөөлөйм десе, ага “болбойт” – деш керек. Антсең да болбосо, аны төшөктө жалгыз калтырасың, бирок өзүнчө жатканыңарды балдарга билдиргенге болбойт. Аны үч күн таштай аласың. Эгер ал да жардам бербесе, денесинде так калбаганчалык гана урсаң болот. Мисвак менен урса болот. Бул үч нерсе жардам бербесе, кадырлуу аксакалдарды чакырып насаат айттыруу керек. Ошондош кийин гана ажырашууга уруксат. Аялды урганга болбойт деп, Куранга каршы сүйлөдү деп мага кине коюшууда. Булар диндин маңызын түшунбөгөн адамдар. Куранда аялды биздин эркектер сабагандай ур деп айтылган эмес. Эгер кыргыз аялын урса, ал сөзсүз реанимацияга түшүп калат”.

Мыйзам эмне дейт?

Үстубуздогү жылдын 28-октябрында Кыргызстанда жаңы “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан коруу жана коргоо” мыйзамы ишке кирет. Анда үйдөгү зомбулукка каршы эффективдүү чаралар каралган. Мыйзамды демилгелегендер: “Дүйнөлүк жана улуттук тажрыйба далилдегендей, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы кылмыштык жана административдик чаралар эффективдүү эмес. Себеби күнөкөр менен жапа чеккендер бири-бирине жакын адамдар болгондуктан, адатта, аларга каршы катуу чара көрүлүүсүн каалабайт. Жаңы мыйзам үй-бүлөдөгү зомбулукту жок кылуу, анын ичинде бул көйгөйдү алдын алуу үчүн түрдүү структуралардын биригип иштөө системасын түзүүгө багытталган”, - дейт.

Мындан сырткары документ зөөкүр кандай гана (диний, абийирдик же социалдык) шылтоо кылбасын, үй-бүлөлүк зомбулуктун бардык түрүнө тыюу салган.

Наталья Тимирбаева, “Открытая Азия онлайн" (котормо)

оригиналын бул жерден окуңуз http://theopenasia.net/articles/detail/razreshaet-...