Экономика

Кыргызстан өзүн тойгуза алабы?

20 октября 2017 г. 15:28 873

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк уюмунун (FAO) маалыматы боюнча 2020-жылга чейин азык-түлүктүн баасы жыл сайын 3-4%га кымбаттап турат. Эгер кубат берүүчү заттардын (мунай-газ, электир...) наркы өссө же дүйнө экономикасы ыкчамдаса, азыктар мындан да тез кымбаттайт.

Азак-түлүк коопсуздугун камсыздаш үчүн жергиликтүү айыл-чарбанын өндүрүмү барган сайын туруктуу артуусу зарыл. Бул үчүн айыл-чарбада эффективдүү технологиялар колдонулуп, азык-түлүк керектөөсү жогорулап, мамлекет айылды колдоп кубатташы зарыл.

Учурда Кыргызстан керектүү азыктар менен өзүн толук камсыздай албайт. Ошондуктан импортко көз-каранды. Өлкөбүз адамга күндө керек деген 9 түрлүү азыктын үчөөнү гана жеткиликтүү өндүрөт. Алар: картөшкө, жашылча жемиш жана сүт азыктары. Ошондуктан азык-түлүк коопсуздугун камсыздаш үчүн жакшылап акыл калчашыбыз керек.

ЕАЭБге кылчактоо

Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу жана агормаркетинг бөлүмүнүн башчысы Анара Беккулиевага “Калган жетишсиз алты азык-түлүк түрү боюнча эмне дейсиз” - деген суроо узаттык.

Анара айым, буга чейин кабыл алынган “КРдин 2015-2017-жылдарынын азык-түлүк коопсуздугу программасынын” мөөнөтү аяктаган деп, төмөкү маалыматты билдирди: “Учурда жаңы программа түзүлүүдө. Ал азык-түлүктүн жетиштигин; азыкка жетүү жеңилдигин; азыктануунун сапаты, ар түрдүүлүгү жана каллорийлигин; көзөмөл жана коопсуздугун камсыздоого багытталган. Жаңы программада азыктын табигийлиги көздөлүп, жашыл экономиканы өнүктүрүү да каралат”.

Бөлүм башчынын айтымында, өлкөдө азык-түлүктү майда чарбалар өндүргөндүктөн, табигий таза азыктарга басымдык бар. “Кыргызстандын азыктарын таанытуу (брендинг) көйгөйүн чечүү керек. Айыл-чарбаны каржылоо да каралууда. Быйыл экспортко багытталган тармактарга жеңилдетилген насыялар берилмекчи”, - деп кошумчалады Анара Беккулиева.

Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) Экспортточулардын бирдиктүү тизмесине биздин 28 компания кирген. Алардын 12си сүт, калганы бал жана балык өндүрөт. Эт боюнча бир экспорттоочу катталган. 2020-жылга чейин Кыргызстанга берилген жеңилдиктерди пайдаланып, экспорттоочулардын тизмесине көбүрөөк ишкана кирип калса жакшы болот. ЕАЭБдин аймагында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн бирдиктүү усулдар киргизилмекчи.

“Алма быш, оозума түш” - дебейли

Кыргызстан ички керектөөсүн толук камсыздоо аракетинде. Ошондуктан кант өндүрүү кайра жанданды.

Учурда “Кайыңды кант” ишканасы калктын шекерге болгон талабын 50%га аткара алат. Быйыл жеңилдетилген 14 миллион долларлык насыя алып, “Кошой” заводу да ишке кирди. Дыйкандар ошого жараша кант кызылчасын көбүрөөк айдап кирди. Азыркыдай темп менен кетсек, Кудай буюрса, 2-3 жылда сырттан кант албай калабыз.

А.Беккулиеванын маалыматы боюнча Айыл чарба министирлиги парламенттин тапшырмасы менен жумуртка жана эт азыктарын жетиштүү өлчөмдө өндүрүү программасын иштеп чыккан.

Рапс кайсыл муктаждыкты жабат?

“Аталык-групп” көп тармактуу компаниясы азык-түлүк коопсуздугуна тикелей жардам берип келет.

“Биз быйыл Суусамырда, деңиз деңгээлинен 2600 метрлик бийиктикте рапстын немистер өндүргөн уругун айдадык. Кыргызстан тоолу болгондуктан айдоо жана сугат жерлери жетишсиз. Биз буга чейин колдонулбай келген жерлерди иштете баштадык. Суусамырда салттуу дан катары айдалып келген арпа тизеден ашпай калган жерге, биздин рапс белге чейин көтөрүлүп, 50% майлуулукка жетти. Аны 8 гектарга айдаганбыз, эмдиги жылы көбөйтөбүз. Дыйкандар мындай түшүмдү көрүп, шымаланып калышты. Бул тажрыйба таркаса, биз тоолуу жерлерди өздөштүрө баштайбыз. Азыр, жайыт делгени менен, мал жайылбай калган 10 миллион гектар жер бар. Биз ушинтип азык-түлүк коопсуздугун камсыздап кирдик”, - дейт компаниянын башчысы Туратбек Үкүбаев.

Ал май сыккан завод иштеп баштаганын сүйүнчүлөп: “Кыргызстан суу майдын 90%ын сырттан экспорттоого мажбур. Эстейин десең, май чыгарган бир да ата-мекендик ишкана эске келбейт. Биз Өзгөндө өлкөнүн 15% муктаждыгын жапкан завод салууну чечтик. Анда софлор сыгылат. Ал суусуз эле өсө берген өсүмдүк. Учурда Ош менен Жалал-Абад облусунда суу келбей, эч нерсе өспөй турган 80 миң гектар жер бар. Биз дыйкандарга үрөөн беребиз. Андан кийин софлорду алардан сатып алып, эл аралык сапаттагы май чыгарабыз. Компания: дыйкан - урук чыгарган чарба - завод - керектөөчү чынжырчасын (кластер) баш-аягы ишке киргизип жатат. Майды сыгууда, анын баасын төмөндөткөн заманбап технологияны колдонууда башка өндүрүүчүлөргө үлгү бололу деп чечтик. Биз эң заманбап техника иштетүү менен Кыргызстанды бир нече деңгээлге жогорулатабыз” - деп кошумчалады.

Барды барктоо

Бизде табигий, органикалык жашылча-жемиш өндүрүүгө жакшы шарттар бар. “Ошол эле алмаларды алсак, биздикиндей даамдуусун дүйнөнүн бир да жеринен таппайсың. Аларга химия колдонуунун кереги жок. Биздин сарымсакчы! Орусияга барганымда, чесногу жетилгенче 18 жолу дарылаганын көрүп, оозумду ачкам. Бизде дары-пары колдонулбайт. Албетте, эки-үч жолу дары чачып койсо зыяны тийбейт. Кык сепкенде аргасыздан дары колдоносуң, анткени андан оору жугушу мүмкүн. Бирок табигий жер-жемишке болушунча басым кылуу керек, ал бизге чоң артыкчылык берет”, - дейт Туратбек Үкүбаев.

Европага алга!

Кыргыз айыл-чарба азыктары Европа жана дүйнөдө тааныла баштады. Кыргызстан 2014-жылга чейин жыл сайын Германияда өткөн “Жашыл апта” көргөзмөсүнө катышып келген. Ал аркылуу европалыктар кыргыз балы, төө буурчагы, кийизден жасалган буюмдар менен таанышкан. Буга окшогон иш-чараларга катышып, айыл-чарба өндүрүмүбүздү коңшуларга гана эмес, бүт дүйнөгө сатып, валюталык каражат таап, мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун жапа тырмак камсыздашыбыз керек дейт кесипкөйлөр.

"Радио Азаттык" сайтынан которулду