Коом

Ислам жана адеп

19 октября 2017 г. 18:29 200

Замир Ракиев, Кыргызстан мусулмандарынын азрети муфтийинин орун басары

Эң таза динибизди мусулмандар өзүбүз туура тамсил кыла албай жаткандыгыбыз учурда ар бирибизди кейитип турат. Муну Кыргызстан гана эмес, араб өлкөлөрүнөн келген аалымдар да ыйлап айтып жатканына күбөбүз. Ислам тууралуу жүз пайыз кабары бар өлкөлөрдө да динибиздин принциптери сөз менен чектелип калганы өкүнүчтүү.

Ислам ооз менен айтылып, канчалаган конференция, тегерек үстөл жана симпозиумдардын темасы болуп, калың китептер жазылып келгени менен динибиз адеп-ахлагыбызга чагылбаганы мусулмандардын арасындагы эң көйгөйлүү маселе экенин турмуш көргөзүп жатат.

Адеп-ахлак – Исламдын өзөктүк түшүнүктөрүнөн бири десек жаңылбайбыз. Адеп–ахлак болбосо, Ислам дининин жарымы тамсил кылынбай калды дегендик. Аалымдар айткандай, дини мусулмандын жүрүм-турумуна чагылып, толук кандуу жашалуусунда адеп-ахлактын оорду өзгөчө.

Адамзаттын тарыхына көз жүгүртсөк, убагында кумир болгон инсандар жүз жылга жетпей таасирин жоготконун көрөбүз. Анткени ар бир инсандын алсыз, кемчиликтүү тараптары бар. Адамзаттын асыл таажысы болгон Пайгамбарыбызды кемчиликтерден Кудай Таала арылткандыктан, ал адамкерчиликтүү кулк-мүнөздүн ээси болгон.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи вас-салам) да өзү тууралуу “Мен бул дүйнөгө адеп-ахлактуулуктун туу чокусуна жетүү үчүн жиберилдим” – деп айткан. Ошон үчүн биз Пайгамбарыбызды ээрчип, үлгү алып, өзүбүздү анын жашоосуна карай тууралаганда гана Ислам динин туура тутунган болобуз. Чынында Алла Элчисинин жогорудагы сөзү эле бизге жетиштүү болушу керек эле.

Улуу Жараткан да Ыйык Куранда: “Акыйкатта сен (о Мухаммад) кулк-мүнөздүн эң жогорку чегиндесиң” (68:4) – деп Пайгамабарыбыз Мухаммадды (саллаллаху алейхи вас-салам) алкайт. Анын мүнөзүн Жараткан берип, келиштирген, ошондуктан достору эле эмес душмандары да Пайгамбарыбыздын адептүүлүгү, жумшактыгы, кең пейилдигин баалаган. Ислам аалымдарынын бири салыштыргандай адамзаттын кайсыл бир өкүлү адамкерчиликке тиешелүү кандайдыр бир мүнөзгө жеттим десе, андан да бийик жерде Пайгамбарыбыздын туусу небак сайылып турганын көрөт.

Пайгамбарыбыздын “бейишке кирүүгө жардам берчү нерселердин эң башында Кудайдан коркуу жана жакшы мүнөз турат” - деп айтканы бар. Дагы бир хадисинде: “Кыяман күнү таразада эң оор болгон нерсенин бири – жакшы мүнөз. Чынында Алла Таала орой жана уятсыздарды жек көрөт”, - деген.

Кыргызстанда жаштардын динибизге олуттуу көңүл буруп жатканы сүйүнтөт. Эми бул кызыгууну өчүрбөй, илимди өрчүтүп, аятта жана хадисте айтылган принциптер сөзсүз практикада жашалуусу керек экенин түшүндүрүүбуз керек.

Кандайдыр бир коомду адепсиздик басып кетсе, ал жерде Ислам тууралуу сүйлөнгөн сөздүн баркы калбайт. Төрт улуу халифалардын бири – Умардын (радиаллаху анху): “Адамга окуган намазы жана туткан орозосуна гана эмес аманатка бекемдиги менен чынчылдыгына да карап баа бергиле”, - деп айтканы бар.

Акыйкатты айтуу жана аманатка бекем болуу адеп-алактуулуктун башаты болуп эсептелет. Алла Таала тапшырган дин аманатынан баштап адамдардын ортосундагы мамилеге тиешелүү нерсенин баарын аткарганда гана аманат өз ордуна келет. Пайгамбарыбыздын кайсыл жерде болбосун, канчалык ачуу болбосун чындык сөзүн сүйлөгүлө, деген маанидеги хадиси бар. Ал “Кыйынчылыктан кутулуунун жолу бир гана чынчылдыкта”, - деп кайталагандан чарчаган эмес. Динибиздин башаты адеп-ахлактуулук болсо, адеп-ахлактын башаты аманатка бекемдик жана чындык сөз деп билип, ошого жараша жашообуз керек.

Миллиарддаган мусулман болсо да ар бирибиз динбиздин талаптарына жараша адеп-ахлактуу болмоюнча Исламды башкаларга үлгү кылып, сүйдүрө албайбыз. Кайсыл гана көйгөй болбосун, анын ичинде адамдардын Исламга каршы болуусу да мусулмандардын каталарынан улам экенин моюндашыбыз керек.

“Адамдар ката кетирет, алардын арасында эң жакшылары катысын мойнуна алып, тообо кылат”, - деген Пайгамбарыбыз. Биздин коомго таасир бере албай жатканыбыздын негизги себептеринин бири да, ката жана күнөөлөрүбүздү билгибиз келбегендиги экенин моюнубузга алышыбыз керек.

Кыргыз элибиз уяттуулукту ыйман менен байланыштырып, жалган айткан адамды “ыйманыңды жебе” – деп токтоткон. Сукулдап бардык нерсеге он бармагын бирдей узаткан адамды “нысапсызга кашык сунсаң, беш ууртайт” – деп жаман көргөн.

Мусулмандардын арасында байлыкка жетип, бирок адеби жолдо калганды, кандайдыр бир макамга келип, “уят-сыйыттуулугун” эл көрсүн үчүн гана пайдаланганды кезиктирсе болот. Кыргызда “Ыймандуу бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок” – дегендей өзүнө жан-жөөкөр издегенде элдин жана диндин келечегин ойлобостон, элдин ырыскысын унчукпай кошо жешкенди, орток мүлктү жеке кызыкчылыгы үчүн оңду-солду чачкандыу тандаганга күбө болосуң.

Сүйлөгөндө, баскан-турганда, ибадатта, Кудай Таала жана коом менен байланышта, жумушта, үй-бүлөдө адеп-ахлагым аксап жаткандыктан, коомдо Исламга каршылар пайда болууда деп, ачуу чындыкты моюнга алуу зарыл. Куранда айтылган, Пайгамбарыбыз Мухаммад көрсөткөн принциптер менен жашап, жаштарыбызды жеке жакшы адеп-ахлагыбыз менен тарбиялаганда келечегибиз кең болот.