Саясат

Кыргыз-казак чек арасынын көмүскөсү

19 октября 2017 г. 16:05 4156

Эки бир-тууган туугандарынан жашырып, баарына тиешелүү мүлктү колдонуп келген. Балдарынын айынан буга чейин жаап-жашырып келген сыр ортого чыга баштады. Эми эки эле жол бар: же пайданы бардык туугандар арасы бөлүшөт, же туугандарын бөлүп, эки айры жолго түшөт

Азаттыктын журналисти Уланбек Эгизбаевдин фейсбукта кечээ 18-октябрда жарыялаган материалы боюнча казак чек арачылары кыргыз жарандарынан сол чөнтөккө акча алып, чек-арадан өткөрө баштаган. Бул “жоомарттыктан” пайдаланып өтүп кетейин деген эл басырык болуп, бир келин эси ооп калыптыр. Мындан жаны кейиген Улан инибиз фейстеги видеосун: “Кандай болгон күндө да адамча мамиле керек го. Же кыргыз-казак - бир-тууган деп бекер эле айтабызбы?”, - деген пост менен коштогон.

Тил агыткан бир адам, азап тарткан миң адам...

Подтемабызды да У.Эгизбаевдин постуна жараша койдук. Бирок тил агыткан адамды жалгыздатпай баарыбыз эле кыргыз-казак чек-арасындагы кырдаал боюнча бир нерсе сүйлөдүк окшойт.

Төмөндө кыргыз социалдык медиада айтылган ойлордун кыскача мазмундарын берели:

- Кыргыздын президенттигине талапкер Ө. Бабанов казактын ажосу Н.Назарбаевге бара калганда биздин президент А.Атамбаев катуу сүйлөдү. Казак тарап кысаңдап, чек-араны жаба баштады;

- Назарбаевдин “шайлоо убагында өйдө-төмөн сөз боло берет, кыргыз элине жамандык кылбайбыз” - деген сөзү калп чыкты.

- Атамбаев 3 пайыздык рейтинги бар Сооронбай Жээнбековду президентикке өткөрүш үчүн тилин агытты, эми Жээнбеков барып кечирим сурап койсун...

Кыскасы меселе эки бир-туугандын араздашканына окшоп турат. Бирок чек ара жакында ачылган күнү да көйгөйдүн негизги түйүндөрү чечилмейинче, эртең болбосо бүрсүгүнү ал кайра жабылуусу мүмкүн.

ЕАЭБдин бюджетинен сырткары кеткен миллиондор

Казакстандын kazinform.kz интернет сайтына Кытайдан Кыргызстанга кирген жашыруун импорттун айынан Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) былтыр 300 миллиондой жоготушу мүмкүн деген маалымат чыккан. Ал боюнча кытай бажысы 2014-жылы 5,2 миллиард долларлык товар Кыргызстанга чыкты десе, кыргыз тараптын маалыматы боюнча 1,1 млрд долларлык товар кирген. 2015-жылы кытайдыкы боюнча 4,3 млрддык товар кирсе, кыргыздыкы боюнча 1,0 млрд. Өткөн 2016-жылы кытайлар 5,6 млрддык товар чыкты десе, биздин бажы 1,5 млрдга кирди деп, ортодо 4,1 млрд айырма чыккан. Дал ушул 4,1 млрддык айырмадан ЕАЭБдин капчыгына 300 млн АКШ доллар пошлина түшмөк экен. Жогорудагы цифралар үлкөн Казакстан 2016-жылы Кытайдан 3,6 млрд долларлык товар алып кирген (биздики 5,6 млрд$) деген салыштырмалуу маалымат менен коштолгон.

Эмне үчүн мынчалык айырма бар деген суроого кыргыз тарап "кытайлар менен товарды саноо ыкмасынан айырма” - деп тил эмизген.

Миллиондор сиңген тараптар

“Мынча товар кайда кетип жатат” - деген суроого төмөнкү жооптор бар:

- Кытайдан кирген кээ бир жүк ташуучу унаалар кыргыз бажысында кагазга түшүрүлбөй, түп-оту менен “жоголот”, андан соң Кыргызстанда же ЕАЭБдин бир мамлекетинин базарына “сиңип” кетет;

- кыргыз бажысында мисалы, тери кийимди “жасалма териден” - деп бажы төлөмү эселеп төмөндөтүлгөн товар ички базарда сатылат же Казакстан менен Орусияга чыгарылат;

- салмагына жараша бажы төлөмү алынган товардын кили төмөндөтүлүп, ЕАЭБдин бюджетине түшкөн каражат азаят;

- Кытайдан товар кирди, Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Белорусия же Арменияда сатылды деп бул өлкөнүн биринде кошумча нарк салыгы адам же фирмага кайтарылып берилет. Мындай учурда ЕАЭБдин эмес, конкреттүү бир өлкө бюджеттик каражатынан ажырайт.

Жогорудагы кандай жол колдонбосун өлкөлөр аралык жашыруун схемасыз 4,1 миллиард долларлык товардын “сиңип” кетүүсү кыйын.

Бул тууралуу Казакстандын Жер реформасы боюнча комиссиясынын мүчөсү, серепчи Мухтар Тайжандын exclusive.kz сайтында: “Биздикилер менен кыргыз тараптын шылуундары чек-арада жылдар бою акча жасап келишкен... Ошондуктан учурдагы чек-ара ызы-чуусу жөн эле шылтоо. Биз казак-орус чек арасында канча жоготуп жатабыз? Болбогон шылтоо менен орусиялыктар биздин канча товарды киргизбей коюп жатышат? Орусиялык саясатчылардын казак тарыхы жана мамлекеттүүлүгү тууралуу шылдың сөздөрүн канча жолу жутуп тим болдук? Анан кыргыздарга келгенде эле намысыбыз ойгонуп кетет. Алардын демократиясы алдыга озуп кеткенине ичибиз күйүп жаткан жокпу?”, - деп айткан сөзү жарыяланган.

Тайжандын сөзүнүн бизди маашырканткан акыркы бөлүгүнө эмес, кыргыз-казак чек арасында капчыгын кампайтып жаткан шылуундар тууралуу айтылган жагына көңүл коëлу. Кытайдын бажысы берген жогорудагы статистика боюнча ЕАЭБдин бюджетине түшпөй жаткан каражатты эле эске алганда, элди эки дөөнүн ортосуна салып берген шылуундардын чөнтөгүнө күндө бир миллион доллар түшүп жатат десек болот.

Кайым айтышуу тазаланууга себеп болобу?

Казактардын маалымат булактары бүгүн түнү саат 00дөн бир нече мүнөт өткөндө казак менен кыргыз өкмөтү жакшы натыйжага жеткендигин сүйүнчүлөдү. Ошол сааттан баштап чек-арада жүргүнчүлөр, жүргүнчү ташыган автоуналар, жеңил автоуналар жана жүк ташуучу бош унааларга артыкчылык каралары айтылды.

РКнын премьер-министри Бакыт Сагинтаев Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков баштаган делегация туралуу: “Бизге 30 кишилик абройлуу команда келди. Ошондуктан экономикалык маселелердин кеңири спектри боюнча майда-чүйдөсүнөн бери сүйлөшүүгө мүмкүндүк болду... Мисалы, биздин бажы кызматыбыз Казакстандын аймагы аркылуу Кытайдан өткөн товарларды кыргыз импортчулары туура эмес декларациялаганы тууралуу фактарды ырастоодо. Биз мындан жоготууга учурап жатабыз... Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстан өзүнө алган милдеттерди аткарып, ЕАЭБдин экономикалык кызыкчылыктарын орундатууга даяр экенин кепилдеди... Сүйлөшүүдөгү макулдашууларды оордундатуу үчүн вице премьер-министрлердин деңгелинде эки тараптуу иш тобу түзүлүп, беш күн ичинде Жол картасын чийип чыкмай болду”, - деп айткан.

Мындан улам премьер-министр Сапар Исаковдун командасы эл аралык топтун миллиондогон долларлык жашырылган схемаларына каршы аттанды десек болот. Эгер чын эле ушундай болсо, кыргыз масс-медиасында жана социалдык медиада өкмөт башчыга чабуул башталаары шексиз. Анткени казактардын ири коррупционерлери мунай-газ тармагындагы каражатка тоюнушу мүмкүн. Кытайдан аткезчилик схемалары аркылуу кирген товар болсо биздин арам кекиртектер үчүн негизги киреше булагы экенин унутпайлы.

Ошондуктан кыргыз-казак чек-арасындагы маселелер боюнча казак оппозициясы Назарбаевди, кыргыз оппозициясы Атамбаевди күнөөлөгөнү туура. Анткени эки бийликке жакын шылуундардын айынан эки элдин кылымдан бери келе жаткан достугунун пайдубалына зак кетпеши керек.