Коом

Интернеттеги коомдук тармактар натыйжа алууга жетиштүүбү?

17 октября 2017 г. 21:05 1751

Жекшемби 15-октябрда Кыргызстанда өткөн шайлоодогу мыйзамсыздыктар интернеттеги социалдык медиада кеңири жайылганы менен алардын укуктук натыйжасы нөл же көп нөл (000,000...) бойдон калууда.

Социалдык медиа жалгыз өзү натыйжа берүүчү аракет катары жетишсиз экенин башынан белгилей кетүү керек. Бир нерсе тууралуу кабарлоо, аны айтуу, коомдук тармак аркылуу чагылдыруу ызы-чууга себеп болушу мүмкүн, бирок олуттуу өзгөрүүгө алып келбейт.

Мисалы көз алдыбызда жасалып жаткан кылмыш тууралуу он чакты адам соцмедиада ызы-чуу кылып, бир нерсени ишке ашырган сыяктуу ойго келет. Бирок алардын бири милицияга кабар берсе пайдалуурак болуп, кылмыш ким тарабынан жасалып жатса да, убактылуу болсо да токтотулмак.

Кылмышка тоскоол болуу соцмедианы колдонууну жок дегенде 1 деген натыйжага алып келмек. Соцмедиадагы активизм (интернеттеги коомдук тармактагы дүйнөлүк кыймыл) аркылуу бул 1ди 10 же 100гө чыгарса болот. Активдүүлүк болбосо, биздин аракет бир 0 (нөл) же көптөгөн нөлдөр (000...) бойдон кала берет.

Мисалы өткөн аптанын аягында натыйжаланган шайлоодогу бюллетендерди айру, жулуп алуу, добуш сатып алуулар интернетте кеңири жайылганы менен баары биригип, ошол күн үчүн да, келечек үчүн да көп нөл бойдон калды. Башкача айтканда укуктук натыйжа берип, туура прецеденттин пайда болуусуна себеп боло алган жок.

Соцмедиага жүктөгөн маалымат реалдуу турмушка таасир берүүсүнө аракет кылуу керек. Мисалы учурдагы технологияларды колдонуп, интернеттеги маалыматты укук-коргоо органдарынын электрондук кат кутучасына жиберип, күндө бир маал кат жазып, эртели кеч телефон чалып, сурап турсак натыйжа бериши мүмкүн. Соцмедиада тараган укуксуздукту укук-коргоо органдары гана эмес тиешелүү министрге же министрликтерге жиберсе да болот.

Ошондуктан интернеттеги соцмедианы пассив колдонуу, жакшы жана актив колдонуу деген даражаларга бөлсөк болот. Активдүүлүк 1 болсо, соцмедиа аны 10, 100 же 1000ге жеткире алат. Эгер андай болбосо, көтөрүлгөн ызы-чуунун мааниси деле калбайт.

Мисалы жакында тараган 40 секунддук видеону 288 миң адам ачканы менен аны 48 миң гана адам аягына чейин көрүп, тиешелүү мэссэж алган. Бул видеого 15 миң адам реакция берген. Андагы сураныч эң жөнөкөй жана түшүнүктүү болгону менен көңүл бургандар жетишээрлик санда болгон эмес.

Укук бузууга каршы укуктук аракеттерди баштатуу үчүн болгон окуя боюнча далилдене тургандай, төмөндөгүдөй эң жөнөкөй маалымат топтоо керек;

- Укукту ким бузган. Даана билинбесе, кимдер болушу мүмкүн;

- Кимдин укугу бузулган;

- Аты жөндөрү ким;

- Окуя кайсыл жерде, кайсыл убакта болгон;

- Ким бул окуяга күбө болду;

-Окуя укук коргоо органдарына кабарландыбы;

- Окуя сизге кантип жетти?

Бул сыяктуу топтолгон маалыматты фото, аудио же видео материалдары менен бирге фейсбук же башка соцмедиадан таратуу менен бирге мындай иштер менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдарга же адамдарга берсеңиз да жакшы болот. Алардын сайттарын же коомдук баракчаларын интернеттен табуу оңой.

Окуя тиешелүү укук коргоо же башка органдардын расмий документтерине кирген болсо, таасири ого бетер артат. Мындай натыйжа келечекте буга окшогон окуянын кайталануусуна бөгөт болот. Расмий документке окуянын катышуучуларынын аты-жөнү катталып калганы дурус. Себеби алар тиешелүү органдардын көңүлүн буруп калат.

Окуя аягына чыкпай калган убакта да аны расмий документтерде чагылып калганы жакшы болот. Анткени биздин өлкөнүн шарттарында укуксуз аракетке барган адам укук коргоо, прокуратура жана сот органдары тарабынан чоң чыгымдарга кириптер болуп, кийин мындай зулумдукка баруудан мурда миң ойлонуп калат.

Кыргызстандын күчтүү жана активдүү инсандарынын көбү твитерде отургандыктан, окуяны бир-эки сөздөн турган кыска твит менен коштоп, сүрөтүн же кыска видеосун койсоңуз жакшы натыйжа берет. Мындан сырткары өзүңүздүн твитти кыргыз твитеринде көп каралып жаткан твитке “учкаштырып” койсоңуз ого бетер күчтөнөт. Твитерде көп окурманы бар адамдарга жеке твит аркылуу өз кабарыңызды жеткирип, алардын жардамын алсаңыз ого бетер жакшы.

Окуяда запкы жеген адамдын кесиптештери аркылуу, мисалы, мугалим болсо, билим берүүгө жакын уюмга, бизнемен болсо, ишкерлердин ассоциациясына кайрылсаңыз максатка ылайык болот.

Жардамды кар тобу сыяктуу чоңойтууга мүмкүн. Мисалы абройлуу жеке менчик же коомдук уюм, же мамлекеттик мекеменин бул окуяга көңүл бургандыгын далилдей алсаңыз, кийинки күчтүү тарапташтарды табуу жеңилдейт.

Активизм кыймылы аркылуу коомдук тартип жана укукту коргоо дүйнөдө барган сайын күч алып бара жатат. Анткени адамдар бүгүн кимдир бирөөнүн кайгысына кайдыгер калса, эртең буга окшогон адилетсиздик, зордук жана зомбулукка өздөрү же жакындары кабылып калуусуна ишене баштады. Коомчулук кандайдыр бир кылмыштуулукту токтотпосо, кылмышкер эртеси андан да жаман ишке бел байлашы мүмкүн.

Мындай маселеде адамдардын бири-биринин улуту, региону, дини же башка айырмачылыктарына карабастан жардам бергени туура болот. Анткени адам укугу менен инсан акысынын кандайдыр бир айырмачылыгы жок. Мыйзам, салттык жана диний принциптер адамды эзелтен бирдей коруп келгенин унутпайлы. Бул маселеде мусулмандарга өзгөчө милдет жүктөлөөрү шексиз.