Маданият/Искусство

Дин улуттук маданиятка каршы радикалдашабы?

17 октября 2017 г. 11:13 1163

Дин таануучу Жакшылык Борочоров

Коомчулукта ислам дининин радикалдашуусу тууралуу сөздөр айтылып, кээ бир илимий конференциялардын темасы да болуп жатат.

Кудай Тааладан келген чыныгы дин эч качан радикалдашпайт. Аны адам же кандайдыр бир топ туура эмес түшүнүп, өкүмдүк, зарылдык жана жайыздык категорияларын алмаштырып, ката колдонуп, диндин аброюна шек келтириши мүмкүн.

Ошол эле убакта илимий чөйрөдө этнос жана этномаданияттын так аныктамасы калыптанып чыга элек. Кээ бири этносту “кан жана аймактык” жактан байланышы бар адамардын тобу катары аныктайт. Демек, бул боюнча бир атадан тараган жана белгилүү бир аймакта жашаган адамдар калыптаган маданиятты биз этномаданият дешибиз керек.

Башка, кеңейтилген аныктамага ылайык, этникалык топтун өзгөчөлүктөрүнө адамдын расасы, тили, дини жана каада-салттары да киргизилген.

Культуролог жана философтортор этномаданиятты дүйнө саясатында “жумшак күч” деп аныкташкан. Ал күчтүү болсо, башка маданиятарга таасир берип, алсыз болсо, алардын таасиринде калып, жуурулушуп, дайыма байып турган нерсе. Диндар адам калкынын этномаданиятын сиңирип, бакубат ички дүйнөгө ээ болуп, же андан кол жууп, жардыланышы мүмкүн.

Дин болсо, Жараткан берген өзөктүк эрежелердин топтому. Анын буйрук камтыган же зарыл талаптарын билип туруп аткарбаган адам күнөөкөр болот жана Кудай Таала алдында мындай мамилеси үчүн жооп берет. Диндин кошумча талаптарын колунан келишинче аткарып сооп, заманбап тил менен айтканда "суперпризге" жеткирүүчү "бонустарга" ээ болот.

Дин менен этномаданият бири-бирине каршы келген категорияларга кирбейт. Тескерисинче бири-бирин толуктап, байытып турат. Жараткандын адамзатка жиберген акыркы Элчиси Мухаммад пайгамбырыбыз арабдардын каада-салт жана үрп-адаттарын, учурдун илимий тили менен айтканда, этномаданиятын толугу менен четке каккан эмес. Ага берилген Ыйык Курандын талаптарына жараша иррационалдуу ишеним, адилетсиздик, укуксуздук, теңсиздик, спирттик ичимдик, гендердик зомбулук, кумар оюндары жана үстөк пайыз сыяктуу ар бир этностун келечегине балта чапкан нерселерге каршы чыккан. Өмүрүнүн аягына чейин, эң туура жана жумшак жолдор менен араб этномаданиятын алардан тазалап, исламдык эрежелер менен кубаттап, ал кездеги дүйнөнүн эң күчтүү цивилизациясынын пайдубалын түптөгөн.

Пайгамбарлык салтты улаган укуктук мектептердин эң күчтүүсү болгон жана мусулмандын 70-80 пайызын камтыган ханафий мазхабында жергиликтүү этностун каада-салттары менен үрп-адаттары исламдык укуктук беш негиздин бирине кирет. Ачыктап айтканда, эгер этномаданиятка кирген кандайдыр бир эреже Ыйык Куран, Пайгамбарлык салт, ислам аалымдарынын бирдиктүү ой-пикири жана мурун буга окшогон маселе боюнча чыгарылган чечимге каршы келбесе, аны укуктук өкүм катары колдонсо болот. Буга атанын үйү кичүү баласына калуусу, жети атадан өтмөйүнчө урпактарынын баш кошпоосу, дасторкондо отуруу иерархиясы жана устукан бөлүштүрүү эрежелерин мисал кылсак болот.

Кыргыз салты менен Исламдын эрежелери кантип жуурулушуп өз ара байыганын улутубуздун негизги маданий коддорунун бири болгон “Манас” эпосунан байкасак болот. Кыргыздар баланча же түкүнчө кылымда Исламды кабыл алган деп тартышсак болот. Бирок бул баатырдык дастандын биринчи сабынан акыркы сабына чейин Ислам дини жана ата-бабабыздын каада-салты менен үрп-адаты эки бекем жиптен эшилген кыл арканга окшоп турат. Мындан улам байыркыдан бери баатыр элибиз Ислам динин кылычтан корккондуктан эмес, өзүнүн этномаданиятына төп келгендиктен, чын көңүлдөн кабыл алганын билсек болот.

Учурдагы радикал динчилдер менен радикал улутчулдардын интернет айдыңындагы кайым айтышуусу жана тирешүүсүнө токтолсок - эки тарап тең динди да, этномаданиятты да түшүнбөйт, түшүнгөндү мындай кой, билбейт.

Бул жерде терминдерге токтоло кетүү туура болот деген ойдомун. Динчил менен диндар жана улутчул менен улутмандын бири-биринен айырмасы бар.

Динчил менен улутчул меркантилдик, материалдык жана конъюктуралык жеке же топтук кызыкчылыгы үчүн бири динди, экинчиси этномаданиятты колдонот. Материалдык максаты болбогон учурда да өзүнүн эгосун башка адам же топтордон жогору коюу максатын көздөйт. Алардын дин же маданият боюнча маалыматы он чакты слогандан гана турат. Ошондуктан диндин да, этномаданияттын да тагдыры аларды кызыктырбайт. Сүйлөгөндөрү Ыйык Куранда айтылгандай, эч кимге пайда алып келбеген, адаштырган “болгону бир бош сөздөр”. Динчилдик менен улутчулдук бир убакта бир адам же топто жашабайт. Анткени алар ыкластуу диалогдон жана толеранттуулуктан алыс.

Диндар менен улутман дин менен салттын маңызын терең жана кенен түшүнөт. Ар бир сөздү баалайт, кыргызда айтылгандай “ойносо да ойлонуп сүйлөйт”. Адамдын көңүлүн Жараткандын тактысы катары карап, аны сындыргандан айбыгат. Ар бир чоочун көрүнгөн адам, Кудай Таала кааласа, анын өзүнөн эселеп жогорку адептүү жана күчтүү диндар да, улутман да болуп кетээрин эсинен чыгарбайт. Керек болсо, башкалардын, айрыкча жаш муундун өзүнөн да илимдүү, адептүү жана күчтүү болуусун каалайт, жана бул асыл оюнун орундалышын Алла Тааладан тилеп, дайыма позитивдүү аракетте болот. Өзөгү бекем болгондуктан, ал ар бир жаңылыкка ачык, прогресс жана технология сунган артыкчылыктарды дини жана улутунун келечеги үчүн колдоно билет. Бир эле адам жана топ бир убакта диндар да, улутман да болот алат. Анткени бул эки категорияны бири-бирин дайыма байытып турган алмаштыргыс кенч катары билет. Курандагы “силерди бир ата жана бир энеден жаратып, бири-бириңерге кызыгып, өз-ара байууңар үчүн уруу жана улуттарга бөлдүк” жана “Кудайга ишенгендин баары бир-тууган” – деген принциптерди карманат.

Радикал жана ашынган динчилдик менен улутчулдук туңгуюкка алып барып кептеп салчу жол. Аны туу туткан элдер жана мамлекеттер же жок болуп кеткенин, же катуу жабыркаганын адамзат тарыхы ачык көрсөтүп турат. Муну жөөт элинин катаал өтмүшүнөн, крестчилердин жортуулуна катышкан элдерден, немистер менен жапондордун экинчи дүйнөлүк согушунан кийинки абалынан жана учурдагы Сирия менен Ирактын башынан өткөрүп жаткан күндөрүнөн көрсөк болот.

Ошондуктан чыныгы дин менен маданият радикалдашпайт. Аны карманган адам же эл түрдүү саясий, экономикалык жана турмуштук себептерден улам белгилүү бир мөөнөткө радикал пикирлерди колдоп, туура эмес иш-аракеттерге баруусу мүмкүн. Кудайга шүгүр кыргыз эли ашкере улутчулдук жана динчилдик оорусунан айыгып келе жатат.

Мамлекетибиздин жетекчилиги да радикалдыктын бардык түрүнө каршы жана ага алгылыктуу чараларды көрүүдө. Мисалы, ханафий укуктук мектеби менен матуридий ишенимин колдоо деген эмне? Бул оор күнөө жасаган адамды да эч ким “каапыр” дей албайт жана мусулман өзүнүн динге берилгенин кийим-кечеси жана жүрүш-турушу менен көрсөтүүгө милдеттүү эмес дегендик. Бул сыяктуу базалык түшүнүктөр сиңген коом бардык радикалдыкты алдын алат. Ар бир диндар жана улутман мамлекети менен коомунун мындай аракеттерине колунан келишинче салымын аябашы керек.