Экономика

​Кыргызстанда эл аралык резервдин абалы кандай? Адис жооп берет

6 октября 2017 г. 15:35 1408

Биздин республика дүйнөлүк финансылык системанын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Бул - Кыргызстан башка мамлекеттер менен көзгө көрүнбөгөн экономикалык жипчелер менен байланышкан дегенди түшүндүрөт. Бардык эле өлкөлөрдүн туруктуулугун аныктоо үчүн көбүнчө экономикалык көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналган алтын валюталык кам же резервинин деңгээли эсепке алынат.

Улуттук банктын акча кредит операциялар башкармалыгынын эл аралык камдарды жайгаштыруу бөлүмүнүн башкы экономисти Нагима Жаманкуловадан эл аралык резервтердин (камдардын) түзүмүн, кайсы булактардан толукталып, кандай максатта сарпталат деген суроолорубузга жооп алдык.

Эл аралык кам резервдердер үч багытта пайдаланылат.

Эл аралык резервдер (же алтынвалюта резервдер) бул өлкөнүн тышкы активдери. Алар акча кредитти жөнгө салуучу орган, тагыраак айтканда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндө болуп, бир нече иш-чараларды аткарууга багытталат:

  • улуттук валютанын курсун колдоо;
  • мамлекеттин тышкы карыздары боюнча төлөмдөр;
  • өлкөбүздүн тышкы милдеттенмелерин тейлөө;
  • Чет элдик валютада насыя менен гранттарды алуу: өкмөт же Улуттук банк чет элдик насыялар менен гранттарды чет элдик валютада тартуу менен эл аралык резервдердин активине киргизет.
  • Чет элдик валюталарды ички рынокто, эгерде өлкөнүн экономикасында ашыкча чет элдик валюта айланса, анда Борбордук банк ички рынокто чет элдик валютаны сатып алып, дал ушундай кадам менен өзүнүн эл аралык камдарын толуктайт.
  • Алтынды ички рынокто сатып алуу. Кыргызстандын ички рыногунда алтындын баштапкы сатылышында Улуттук банк биринчи болуп сатып алуунун артыкчылык укугуна ээ.
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын камдарды башкаруудан түшкөн кирешелери.

Улуттук валютанын курсуна колдоо көрсөтүү

Улуттук банк эл аралык резервдерди валюталык интервенцияларды өткөрүүдө колдонот. Башкача айтканда, чет элдик валютага болгон суроо-талаптын тең салмактуулугу бузулган убакта, курстун кескин серпилүүсүнүн алдын алуу үчүн чет элдик акчаларды валюта рыногунда сатуу (же сатып алуу) үчүн пайдаланылат.

Мамлекеттин тышкы карыздарын тейлөө

Мамлекеттин тышкы карызы бул - өкмөттүн чет өлкө уюмдардын же өкмөттөрдүн алдындагы карыздары. Тышкы мамлекеттик карыздар чет элдик валюта түрүндө алынат. Ошондуктан, өкмөт тышкы карыздарын төлөгөн маалда, Улуттук банктан чет элдик валюталарды сатып алат, башкача айтканда эл аралык резервдердин кандайдыр бир бөлүгүн сатып алат.

Тышкы милдеттенмелерди тейлөө

Мындан тышкары, эгерде өлкөбүз ар кандай эл аралык уюмдардын мүчөсү болсо, (мисалы Бириккен Улуттар Уюму) анда, өкмөт милдеттүү түрдө мүчөлүк акы төлөп турууга тийиш. Эл аралык статуска ылайык мүчөлүк акылар дагы чет элдик валютада кабыл алынат. Ошондуктан, өкмөт мүчөлүк акыларын төлөгөн маалда дагы Борбордук банктан чет элдик валютаны сатып алат. Бул дагы эл аралык камдардын эсебинен алынат.

Резервдерди башкарууда Улуттук банк принциптерге таянат

Эл аралык резервдерди башкаруу процессинде Улуттук банк эки негизги принципти колдойт. Булар коопсуздук принциби жана ликвиддүүлүк принциби.

  • Ликвиддүүлүк принциби – бул зарылчылык кездерде активдерди акчага тез айландырууну билдирет;
  • Коопсуздук принциби – бул каражатты жоготуу мүмкүнчүлүгүн минимумга жеткирүү дегенди билдирет.

Ошол принциптерди сактабасак, эл аралык резервдердин кандайдыр бир бөлүгүн же толугу менен жоготуу коркунучу бар. Ошондуктан, Улуттук банктын же жалпы республикабыздын милдеттерин аткара албайбыз. Экономикалык кризистик кубулуштарды жөнгө салуу үчүн Улуттук банктын резервдери зарыл деңгээлде болуш керек.

Мындан тышкары, резервдердин жетишсиздиги же жоголушу эл аралык коомчулук алдында өлкөбүз өз милдеттерин аткара албай калышы мүмкүн. Эгерде, Өкмөт өз убагында чет элдик валютада тышкы карыздарын төлөй албай калса, анда Кыргызстанга айып санкциялар салынып, ал биздин экономикабызга келечекте терс таасир тийгизиши мүмкүн.

Кыргызстандын алтын валюта камынын көлөмү

Эл аралык камдарынын көлөмү 2017-жылдын сентябрь айынын аягына карата 2135 млн. АКШ долларын түздү.

Эл аралык резервдин курамына алтындагы активдер, атайын карыз алуу укугу (АКУ) менен чет элдик валюталар портфели кирет.

Эл аралык камдардагы валюталык портфель АКШ долларынан, евродон, швейцария франкынан, англия фунтунан, канада, австралия жана сингапур долларларынан, япон иенасынан, китай юаны менен орус рублдарынан, норвегия кронасынан турат.

Алтын тууралуу сөз кылсак, акыркы жылдары дүйнөлүк финансы кризисинин натыйжасына туруштук берүү максатында Улуттук банк эл аралык камдарды ички булактар аркылуу толуктоо боюнча чараларды жүргүзүүдө, тактап айтканда ички рынокто алтынды улуттук валютага сатып алууну жүргүзүүдө. Анын негизинде Улуттук банктын эл аралык камдарынын тутумундагы алтындын өлчөмү өсүүдө.

Атайын карыз алуу укугу (СДР) –Эл аралык Валюта фонду тарабынан чыгарылган жана анын мүчө өлкөлөрүнүн арасында бөлүштүрүлгөн резервдик актив. Бүгүнкү күндө Атайын Карыз Укугу негизинен Эл аралык Валюта фондунун эсептешүү бирдиги катары кызмат көргөзөт.

Бүгүн эл аралык резервдер кайсы булактардан толукталып турат?

Улуттук банктын эл аралык резервдери төмөндөгү булактар аркылуу толукталат:

  • Чет элдик валютада насыя менен гранттарды алуу: өкмөт же Улуттук банк чет элдик насыялар менен гранттарды чет элдик валютада тартуу менен эл аралык резервдердин активине киргизет.Чет элдик валюталарды ички рынокто, эгерде өлкөнүн экономикасында ашыкча чет элдик валюта айланса, анда Борбордук банк ички рынокто чет элдик валютаны сатып алып, дал ушундай кадам менен өзүнүн эл аралык камдарын толуктайт.
  • Алтынды ички рынокто сатып алуу. Кыргызстандын ички рыногунда алтындын баштапкы сатылышында Улуттук банк биринчи болуп сатып алуунун артыкчылык укугуна ээ.
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын камдарды башкаруудан түшкөн кирешелери.
  • Алтынды ички рынокто сатып алуу. Кыргызстандын ички рыногунда алтындын баштапкы сатылышында Улуттук банк биринчи болуп сатып алуунун артыкчылык укугуна ээ.
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын камдарды башкаруудан түшкөн кирешелери.

Эл аралык камдардын жайгашуусундагы негизги факторлор...

Улуттук банк эл аралык резервдерди жогорку ишенимдүү жана өтүмдүү инструменттерге инвестициялайт. Булар - облигациялар, депозиттер жана бир күндүк репо операциялар.

Облигациялардын портфели Австралия жана Канада мамлекеттеринин жана эл аралык финансылык уюмдардын баалуу кагаздарынан турат. Депозиттер болсо, чет элдик абдан ишенимдүү банктарда сакталат.

Эл аралык резервтерди башкаруу дүйнөлүк рыноктогу абалга карата жүргүзүлөт. Бирок, ошол эле учурда Улуттук банк өзүнүн максаттарына жана милдеттерине таянып, тезирээк киреше табуу операцияларды жасабайт. Тескерисинче, ал процессте узак мөөнөттүү инвестициялык максаттарга карата көп факторлор эске алынат. Негизинен, булар өлкөбүздүн тышкы милдеттеринин түзүмү, ички валюталык рынок жана дүйнөлүк экономиканын абалы.

Эл аралык кам же резерв өлкөнүн финансылык абалынын туруктуулугу үчүн эң маанилүү экендигин белгилей кетмекчибиз. Ошондой эле эл аралык резерв өлкөнүн экономикалык муктаждыгына жооп берүүсү үчүн керектүү деңгээлде колдоого алынып турушу зарыл.