Акча көп

Ишти жаңы баштаганда эмне үчүн баары шыр кетпейт? Дүйнөлүк эксперттер жооп беришет

7 октября 2017 г. 15:35

Баарыбыз ката кетиребиз. Кээ бири чоң жоготууларга алып келсе, кээ бири оңой чечилет.

Жеке ишкер ишин баштаган убакта “жардыргычтар” кайсы жерде жайгашканын билишпейт. Жаш ишкерлерге жардам берүү максатында Young Entrepreneur Council дүйнөлүк организациясы кетирген каталарын жана андан алган сабактары жөнүндө айтып берүүдө. Анда сөз башынан болсун.

- Иштен кетирүүнү кечеңдетүү

“Мен бул баланын биздин ишке жарабай тургандыгын билгем. Анын ишке болгон жөндөмдүүлүгү жетишсиз. Мага бул бала мурун жакшы иштээрин айтышкан, бирок мен анын ишинин жемишин көрө алган жокмун. Эмнегедир иштен кетирүү чечимин кечеңдетип жаттым. Менде көптөгөн шылтоолор болду. Натыйжада команда таркап, ишкана маданияты бузулду. Себеби мен аны өз убагында иштен кетирген жокмун”. Лорен Элмор, Firmatek.

- Бири-бирине окшош жумушчулар

“Жумушчуларыңыздын ар кандай жөндөмү болушу керек. Өзгөчө кардарлардын тилин таап,товар сатууну жакшы өздөштүргөн жумушчу болуусу шарт. Туруктуу кардарга көбүрөөк сатуу жаңы кардар издеп сатууга караганда кыйла оңой”. Марк Цвердлинг, Generation Z Marketing.

- Чечим чыгарууда чечкиндүү болуу керек

“Жеке ишкерлердин негизги каталарынын бири чечим чыгарууда чечкинсиз болгондугунда. Азыр мен бул жөн гана жоопкерчиликти өзүнө алуудан коркуу сезими экенин билдим. Жеке ишкер - бул бир катар чечимдердин кабыл алынуусу, ал эми чечим – прогресс . Эң жакшысы - бул баштоо, башкача айтканда дароо азыр баштоо!” Крыштоф Гарлевиц, ProsperiFi.

- Бир катар долбоорлор менен иштөө

“Бир же эки долбоордун үстүнөн иштегендин ордуна көп долбоор тандап ошолор менен иштөө жакшы. Бирок бул идея сизди кызыктырбоосу мүмкүн, бир четинен бир долбоорду акырына чейин бүтүргөн жакшы”. Триш Агагваль,Vsynergize.

- Кардарлардын реакциясынын алдын ала билүү

“Келечектеги жеке ишкер катары биз кардарлар биздин идеяны кандай кабыл алат деп ойлонобуз, бул эң жакшы. Бирок кээде бул биздеги потенциалдын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн”. Пол Джеймс, PaulJames.com.

- Дароо ийгиликке жетем деп кыялдануу

“Менин эң негизги кетирген катачылыгым ишканам дароо эле ийгиликке жетет деп ойлогонум. Элдер ишенген компанияны же брендди ойлоп табуу жана ишке киргизүү үчүн көп убакыт жана талыкпас эмгек талап кылынат. Силердин “шумдук” продукцияңар болсо дагы ийгиликке жеткирбейт. Эгер сиз “атыңызды” жасап албасаңыз, ишканаңыз кыйроого учурайт”. Крис Гронковский, Ice Shaker.

- Көп кардар топтоо аракети

“Биз 2008-жылы жеке ишибизди баштаганда негизги максатыбыз көп кардар топтоо аракети болчу. Бул үчүн биз көп кишилерге сөз берип, бирок көпчүлүгүн аткара албай калчубуз. Бул деген кардарыбызды жоготуу гана эмес алардын кыжырын да келтирүү. Биздин иште тейлөө биринчи орунда турат. Жаш ишканалар анча көп эмес кардарларды сапаттуу жана убагында тейлөө керек”. Рич Катц, TKG Environmental Services Group.

- Документи жок иш баштоо

“Бардык нерсенин документи болуусу шарт, болбосо бардыгын жоготосуңар. Менин рекрутинг компанияма бир жыл толо электе жашоомдогу эң маанилүү “устатымды” кезиктирдим. Аны менен биз башкаруу бөлүмүндө бирге иштегенбиз. Мен ага ишенчүмун. Ал дароо биз тандаган кандидатты ишке алды. Биз ага эсеп баракчасын жибергенде, төлөөдөн баш тарткан. Биз ага жеңилдик бергенде да, ал биздин бааларыбызды билген эмесмин деген шылтоо айтты. Ошондуктан бардык нерсени документтештиргиле”. Клин Элсбери, Landmark Makers.

- Алдын ала төлөөдөн баш тартуу

“Эч качан төлөмдөрдү суроо эрте же кеч болбойт. Мен биринчи продукциямды жасоо ишин кирешелүү кардарлардан айына 2 АКШ долларын мен жасаган тиркеме үчүн төлөбөй тургандыгын угуу үчүн бир нече ай коротком. Биринчи кардарыңыздан биринчи күнү эле эгер товар даяр боло элек болсо да акчасын сурагыла. Эгер төлөгүсү келбесе келишим түзүңүз, эгер келишимге да кол коюудан баш тартса сиз да баш тартыңыз”. Крис Марин,Convertist.

- Акчаны үнөмдөө үчүн продукцияны базарга алып чыгуудан баш тартуу

“Мен эгер продукцияны базарга алып чыкпаса, каражатты үнөмдөйм деп ойлогом. Бирок бул атаандаштардын менден биринчи базарга чыгуусуна түрткү болду. Менин чечимим - эгер сиз өсүп келе жаткан базар экономикасында товарды кантип сатуу жана андан кантип киреше табуу тууралуу тажрыйбаңыз болсо дароо ишке киришиңиз. Бул үчүн дароо тажрыйбалуу команда топтоңуз”. Сачин Народ, Xeniapp Inc.

- Кеңири аймак

“Жеке ишкерлерде көбүнчө жаңы идея жана мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Эң негизигиси сиз тандалып алынган долбоорлорго өзгөчө көңүл бурууңуз керек. Мен үчтөн ашык долбоорлор менен бирдей убакта иштешүү стресске жана иш жөндөмдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келерин түшүндүм. Ар күнү маанилүү болгон нерселерге гана көңүл бурууну үйрөнүңүз. Ошондо сиз жакшы жыйынтыкка жете баштайсыз”. Брайан Гринберг, True Blue Life Insurance.

- Көп коротуу

“Менин эң негизги катачылыгым - кереги жок нерселерге акча коротуу. Каражатты үнөмдүү колдонууну билбесеңиз ишканаңыз биринчи эле күнү жок болуп кетүүсү мүмкүн. Иштин жаңы башталышында каражат жагын жакшы билген адам керек”. Гари Пятигорский, Netembark