Экономика

АКШ долларынын башка валюталарга карата курсу эмне үчүн өзгөрүп турат?

4 октября 2017 г. 15:30 821

Бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдүн улуттук валюталары долларга карата кунун жоготуп, өлкөнүн экономикасына залакасын тийгизген учурларды көп кезиктиребиз. Мындан тышкары, ар бир өлкөнүн валютасы долларга карата ар кандай бааланат эмеспи. Мына ушул жагдайларды жеткиликтүү тилде элге түшүндүрүү үчүн экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев кеп куруп берет.

- Агай айтсаңыз, улуттук валютанын долларга карата курсу эмне үчүн өзгөрүп турат?

- Ар бир өлкөнүн улуттук валютасынын курсу, анын экономикалык абалына түздөн-түз тиешелүү. Канчалык экономикасы күчтүү болсо, валютасы ошончолук туруктуу болот. Кыргызстандын мисалын ала турган болсок, биздин улуттук валюта "плавающий курс" деп коёт, дүйнөлүк валюта кандай болсо ошого жараша өзгөрүп турат.

- Сомдун ар дайым арзандоосуна таасир көрсөткөн нерсе эмне?

- Сомдун курсу Кыргызстандын экспорт-импортуна жараша өзгөрүп турат. Бизде реалдуу экономика жок болгондуктан, импорттук товарлардын көп болушу, негизги соода өнөктөштөрдүн валютасынын туруксуздугу, сомдун курсуна терс таасирин тийгизет. Башкача айтканда импорттун көп болушу доллардын сыртка чыгып кетишине шарт жаратат. Эгер экономикалык жактан өнүгүп, экспорт көбөйсө доллардын агымы өлкө ичине көп болуусу менен сом стабилдүү сакталат. Сомду бир калыпта сактоо үчүн Улуттук Банкта 500 млн. доллар өлчөмүндө валюталык резерв бар. Эгерде сомдун курсу түшүп кетсе Улуттук Банк белгилүү өлчөмдөгү долларды базарга алып чыгат. Ал эми тескерисинче өлкө ичинде чет элдик валюта кескин көбөйүп кетсе, Улуттук Банк аны улуттук валютага сатып алат. Мындан тышкары, биздин соода өнөктөш Орусиянын рублинин курсу төмөндөп жакынкы жылдары сомдун курсуна таасирин тийгизди.

- Кыргыз сомунун казак тенгесинен кымбат болушу же кытайдын улуттук валютасы юаньга караганда арзан болушу эмнеден көз каранды?

- Ар бир өлкө улуттук валютасын киргизип жатканда, дүйнөлүк валюталар корзинасы деп коёт, тагыраагы, доллар, евро, фунт-стерлинг, иен азыр юань да кошулду ушул валюталарга карап өзүнүн валютасын өйдө же төмөн кылып белгилеп алат. Мисалы, сом валюта катары киргизилгенде бир доллар төрт сомго барабар болгон. Кийин инфляция болуп отуруп азыр 68 сомдун тегерегинде болуп калды. Доллар өлкө ичинде канчалык аз болсо, сом ошончолук арзандайт.

- Мына ушул доллардын эл аралык мамилеге кириши тээ 2-дүйнөлүк согушка барып такалат эмеспи. Ошол учурда Бреттон Вудс конференциясында киргизилген алтынга таянган доллар системасынын, андан кийин 1971-жылы алтынга таянбаган доллар системасынын калыптанышына эмне түрткү болду?

- Алтын илгертен эл аралык акча мамилесинде негизги ролду аткарып келген. АКШ сен айткан Бреттон Вудс конференциясына чейин дүйнөлүк алтын корунун 60-70%ын согуш болуп жаткан өлкөлөрдөн өз өлкөсүнө чогултту. Андан соң ал алтындарды базарга алып чыгуу менен доллар системасын киргизди. Кийин 70-жылдары СССРдин экономикасына сокку уруу үчүн толук түрдө доллар системасын киргизди. Учурда эл аралык сооданын 70%ы доллар менен мамиле кылат. Бул долларды АКШнын резервдик фонду басып чыгарат. АКШ доллар системасы аркылуу дүйнөдөгү башка өлкөлөргө басым жасоого аракет кылат. Эми болсо тилекке жараша Американын экономикасына каршы Кытайдын экономикасы көтөрүлүп келе жатат. Кытайдын юаны туруктуулук жагынан да, соода жагынан да долларга атаандаша баштады.