Экономика

Улуттук банк жакынкы аралыкта жаңы монеталарды чыгарат

15 сентября 2017 г. 15:25

Кыргызстандын коллекциялык монеталары абдан баалуу

Дүйнө жүзүндө өзүн урматтаган ар бир мамлекет коллекциялык монеталарды чыгарышат. Евро, доллар керек болсо алтындын да унцийи бир калыпта болбогон заманда альтернативдик жакшы жол катары коллекциялык монеталарды чыгаруу пайдалуу. Анткени анын курамы баалуу металлдар менен байланыштуу эмес. Кыргызстан да бул багытта артта калган эмес. Бул тууралуу Улуттук банктын кассалык операциялар бөлүмүнүн адиси А. Калилов BUGUPRESS агенттигине айтып берди.

Алгачкы коллекциялык монеталар

1995-2016-жж. аралыгында Улуттук банк тарабынан жүгүртүүгө 63 коллекциялык монета чыгарылган, анын ичинен 4 алтын, 46 күмүш, 11 жез-никель жана 2 мельхиор монеталары. Эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхында эң биринчи алтын жана күмүш монеталары “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына арналып чыгарылган. Алар кыргыздын алтыны жана күмүштөн чегилип даярдалган жана эл аралык “пруф” сапатына ээ.

Эстелик монеталары эмне үчүн чыгарылат?

Эстелик монеталары кыргыз мамлекеттүүлүгү менен байланышкан тарыхый окуяларды даңктоо, маданий эстеликтерди, белгилүү даталарды, маданият жана спорт тармагында жетишкендиктерди, улуттук каада-салтты жана оюдарды, Кыргызстандын флора жана фаунасынын жоголуп бараткан түрлөрүн даңктоо жана даңазалоо максатында чыгарылат.

Эстелик монеталарын белек катарында, коллекциялоо максатында, сувенир катары жана да инвестициялоо максатында сатып алышууда.

Даярдап чыгаруу бир күндүк иш эмес

Жаңы монетаны даярдоого 4 айдан 1.5 жылга чейин убакыт керектелет. Монетаны чыгаруу – Улуттук банктын адистеринин жамааттык эмгеги. Бүт баарысы концепциядан башталат, андан кийин монетаны чыгаруу боюнча иштердин планы түзүлөт. Келечектеги монетанын тематикасына байланышкан бардык материалдар изилденет жана деталдары иштелип чыгат.Андан сырткары Улуттук банктын адистери Улуттук Илимдер академиясы, Кино-фотодокументтер борбордук архиви, ЖОЖдор жана башка мекемелер менен кызматташат.

Ошондой эле коллекциялык монетанын дизайнын иштеп чыгуу үчүн сырттан да сүрөтчү-дизайнерлер тартылат. Монетанын эскизи Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет. Монетаны даярдоо үчүн зээрканалар ортосунда эл аралык тендер аркылуу аныкталат. Мындан мурунку Улуттук банктын коллекциялык монеталарын Казакстан, Литва, Орусия, Словения жана Польшанын зээрканалары тарабынан чыгарылат.

Суроо-талап жогору...

Улуттук банк тарабынан чыгарылган бардык монеталар нумизматтар арасында эле эмес, жөнөкөй жарандар тарабынан да жогору суроо-талапка ээ.

Монеталарга болгон суроо-талап көбүнчө коллекционерлердин кызыгуусунан жана монетанын өзүнүн сырткы дизайнынан көз каранды. Дүйнө жүзү боюнча нумизматтар тематикасы айбанаттар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө байланышкан монеталарды ырахаттануу менен сатып алышат.

Кыргызстандын коллекциялык монеталары эл аралык конкурстардын жеңүүчүлөрү

Улуттук банк жыл сайын эл аралык конкурс жана көргөзмөлөргө катышып келет. Кыргызстандын коллекциялык монеталары эл аралык беделдүү монета конкурстарында сыйлыктарды утуп алган. “Чыңгыз айтматовдун чыгармаларына” арналган монеталар сериясы Санкт-Петербург шаарында өткөн «Монетное созвездие – 2010» эл аралык конкурсунун ардактуу диплому менен сыйланды. Ал эми “Улуу Жибек жолу” монетасы 2013-жылы Берлин шаарында «Krause Publications» басылмасы тарабынан уюштурулган “Жылдын монетасы” конкурсунда “Тарыхый белгилүү монета” номинациясында баш байгеге татыган. “Саймалуу-Таш” күмүш коллекциялык монетасы Москва шаарында өткөрүлгөн эл аралык «Монетное созвездие 2014» конкурсунда “Жылдын күмүш монетасы” номинациясы боюнча 3-орунга татыган.

Монеталардын баасы ага кеткен чыгымдарынан ашпайт

Улуттук банктын коллекциялык монетаны чыгарууга жумшалган баардык чыгашалары биригип коллекциялык монетанын баасын түзөт. Монеталардын сатыкка коюлган наркы анын өздүк наркына дээрлик туура келет, анткени Улуттук банк монетаны сатуудан пайда алуу максатын көздөбөйт.

Коллекциялык монеталардын баасы ар кандай болот, мисалы:

жез-никель же мельхиор кошулмасынан жасалган монеталар – 110 -180 сом;

күмүш монеталары – 1 500 – 3 400 сомдун тегерегинде;

алтын монеталары – 23 000 жана 64 950 сомдон болот.

Монеталар канчалык аз чыгарылса, наркы ошончолук жогору болот. Монеталарды Улуттук банктын кассасынан белгиленген баа менен сатып алууга болот. Улуттук банк коллекциялык монеталарды сатууну токтотоору менен алардын наркы өсө баштайт. Нускасы түгөнгөн монеталарды Улуттук банк кайрадан жасап чыгарбайт жана жүгүртүүдөн сатып албайт. Кийинчерээк монеталардын наркы нумизматикалык рынокто аныкталат, көбүнчө бул нумизматтардын таңдоосуна жараша болот.

Бир күндө 1000 монета сатылып кеткен

Улуттук банктын продукцияларына карата жарандардын суроо-талабы жылдан жылга өсүүдө. Мисалы, 2015-жылы апрель айынын ортосунда жүгүртүүгө чыгарылган “Улуу Жеңишке 70 жыл” күмүш монетасы май айынын башында эле сатылып кеткен.

Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн “Чыңгыз Айтматов” күмүш монетасын сатуу бир күндүн ичинде аяктады, бирок башка анын чыгармаларына арналып жасалган коллекциялык монеталар сатууда бар. Дегеле, 1995-жылдан тартып 2007–жылга чейинки чыккан коллекциялык монеталар сатууда жок. Ошондой эле баалуу эмес металлдардан жасалган коллекциялык монеталар да өтө тездик менен сатылат.

Коллекциялык монеталардан жакшы пайда түшөт

Коллекциялык монеталарга болгон кызыгуу жыл сайын артып келет. Бүгүнкү күндө аларды нумизматика хоббиси болуп саналган бир гана профессионал-коллекционерлер эмес, экономикага, инвестицияга, тарыхка, искусствого кызыккан көптөгөн башка жарандар да сатып алышууда. Ал эми, ооматтуу нумизматтар айрым сейрек монеталардын эсебинен зор байлыкка ээ болушу мүмкүн. Анткени сатууда аяктаган монеталардын баалуулугу нумизматикалык рынокто жогорку суроо-талабка ээ болуп, анын наркы жылдан жылга жогорулайт. Мисалы, сатууда аяктаган “Улуу Жеңишке 70 жыл” күмүш монетасы Улутттук банк тарабынан 2 350 сомдон сатылса, азыркы учурда нумизматикалык рынокто анын баасы 7 000 сомго чейин жетти. Дегеле, коллекциялык монеталарды баалуу белек катары тойлорго, туулган күндөргө, жана башка эстелик мааракелерге оригиналдуу инвестициялык белек катары тартууласа, абдан пайдалуу болот.

Улуттук банк жакынкы аралыкта жаңы монеталарды чыгарат

Үстүбүздөгү жылы Улуттук банк 2017-жылга карата монеталарды чыгаруу планына ылайык төмөнкү коллекциялык монеталарды чыгарат:

- “Кыргыз каганатынын доору” сериясы боюнча “Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери” номиналы 10 жана 1 сом болгон күмүш жана жез-никель монеталарын;

- “Кыргызстандын кызыл китеби” сериясы боюнча “Каркыра” номиналы 10 сом болгон. күмүш монетасы.