Экономика

“Кырк кадам” программасы боюнча бизнес Сапар Исаковдон эмнени талап кылышы керек?

9 сентября 2017 г. 15:25 129

Макалабызда өлкөбүздүн премьер-министри аттанаар аяк катары сунган “Жаңы доорго – кырк кадам” аттуу программасын талдадык. Анда бизнеске тиешелүү тезистердин карама-каршы жерлери, либералдык экономикага тиешелүү туура жана ката жерлерине көз салдык. Акырында, ресурс, калктын саны жана тарыхыбыз жактан жакын Грузиянын 2006-2012-жылдары экономикалык өсүшүн камсыздаган иш-чараларга токтолдук

Программада “Кыргызстандыктар эмнеден коркот?” – деген суроого жарандарыбыздын жообу 4 жылда кандай өзгөргөнү тууралуу сөз болгон. Эгер 2013-жылы калкыбыз жарандык согуш (39%), туруксуздук (32%) жана төңкөрүш же ыңкылаптан (25%) корксо, 2017-жылы жумушсуздук (52%), коррупция (40%) жана экономиканын өнүкпөй калуусунан чочулаган. Мындан улам “Жаңы доорго – кырк кадам” программасында Сапар Исаковдун командасы экономикалык маселелерге басым жасаганга аракет кылган.

Таң калычтуу карама-каршылыктар

Сапар Исаковдун өкмөтү “Жаңы доорго – кырк кадам” программасы өзүнө Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясынын биринчи 5 жылдык мөөнөтүн камтыйт деген. Бирок бул мөөнөт ичинде (2023-жылга чейин) койгон максаттары “алга атырылып чыгуу” (рывок) деп аталганы менен негизги көрсөткүчтөр боюнча койгон максаттары анчейин алгылыктуу эмес. Мисалы программада:

  • Ички дүң өндүрүмдү (ИДӨ) эки эсе жогорулатуу;
  • Калктын реалдуу кирешесин эки эсе көтөрүү;
  • Кыргызстанды “бизнести жүргүзүү жеңилдиги” рейтингинде биринчи 30 өлкөнүн, “паракорлукка каршылык” индексинде алдынкы 80 мамлекеттин арасына киргизүү максаттары коюлган.

Кыргызстандын ИДӨсү Борбор Азия боюнча эң төмөн корсөткүчтө экени айтылган соң, аны беш жылда эки эсеге көтөрүүнү “рывок” деш саясий апыртууга жакын десек жаңылбайбыз.

Туугандык, тааныштык жана достукка жараша кызматка коюусу, коррупция жана криминалдашуусу биздикинен бетер болгон Грузия 2005-2012-жылдар аралыгында төмөнкү көрсөткүчтөргө жеткен:

  • Ар бир жаранга бөлгөндөгү ИДӨ 924 АКШ долларынан 4130 $га (4 эседен жогору) жеткен;
  • Бизнеске жеңилдиги (Doing Business) боюнча 112-орундан 11-орунга, паракорлукка каршылыкта (Corruption Perception) 130тан 44кө көтөрүлгөн.
  • Экономикасынын эркиндиги боюнча 99-орундан 13кө;
  • Криминалдын таасирсиздиги дүйнөдө 7-орунга чыккан.

Сапар Исаковдун “кадамдарында” көрсөтүлбөгөн, бирок экономикалык өнүгөөдө маанилүү критерий болгон:

“Жаңы доорго – кырк кадам” программасында бизнестин өнүкпөй жатканынын себептери жана коркунучтары аныкталган сыяктуу. Алардын арасында бардык деңгелдеги мамлекеттик башкаруунун натыйжасыздыгы, ишкерлерибиздин ачыкка чыгуудан коркуусу, инвесторлордун кыргыз рыногуна киргенден чочуганы, бизнес менен мамлекеттик мекемелердин өз-ара ишениминин төмөндүгү, уруксат берүүчү документтерин алуунун татаалдыгы, салыктардын көп жана жогору болгону, эски жана иштен чыгып калган стандарттардын колдонулуусу, арзан жана узак мөөнөттүк кредиттердин тартыштыгы айтылган.

Бюджеттин 50 пайызынан жогорусу өнүгүү же карыздарды төлөөгө эмес, социалдык жеңилдиктерди (билим берүү, саламаттык сактоо...) камсыздоого кетип жатканы өзүнчө айтылган. Кыргызстан бул көрсөткүч боюнча алдыда кетип бара жаткан 10 өлкөнүн ичине кириптир. Программада сот реформасынын жападан жалгыз көрсөткүчү катары “акыйкатчы аткаминерлеризбге” айрылган бюджеттин акыркы жылдары эки эседен жогору көтөрүлгөнү далил келтирилген.

Бизнестин жогорудагы өнүкпөө себептери менен алдындагы коркунучтары тизмектелген соң саясий популизмге жакын максаттар коюлган:

  • Туруктуу жумуш орундарын камсыздоо, татыктуу эмгек жана стабилдүү киреше;
  • Жумуш күчү талап кылынган экономикалык секторлордун экспорттук жөндөмүн арттыруу;
  • Өлкөнүн региондорун өнүктүрүү.

Релдуулукка жана дүйнө тажрыйбасына таянган тезистер менен максаттар “Жаңы доорго – кырк кадам” программасынын 40 пунктунун арасына жайгаштырылган. Негизги болүктөрү бири бирине дал келбеген бул программаны бири-бири менен анча байланышы жок, бирге отуруп кеңешпеген топтор даярдаган сыяктуу сезим калтырат.

Программа боюнча Сапар Исаковдон бизнес эмнени талап кылса болот?

“Жаңы доорго – кырк кадам” программасында мамлекеттин өнүгүүсүнө пайдубал боло алчу экономикалык эркиндиктер айтылганы менен аларды ишке ашыруу жолдору анча ачыкталган эмес. Андыктан документ супсактык тартып турат жана ишкердин жан дүйнөсүн сүйүнтүп, акылын ойготчу нерселери жокко эсе. Ошондой болсо да экономикалык логиканын түйүндүлөрү бар. Алардын арасында төмөнкүлөрдү атасак болот:

  • Саясий түзүмдүн демократиялык негиздерин сактап бекемдөө;
  • Бизнестин өз алдынчалыгын күчөтүп камсыздоо;
  • Жарандар, бизнес жана мамлекеттин түздөн-түз алакаларын болушунча кыскартуу (бул жерде бизнес менен жарандардын алакасы эмнеге кыскаруусу керектиги түшүнүксүз);
  • Паракорлукту жок кылып, заманбап санариптик технологияларды жайылтуу;
  • Чакан жана орто бизнестин (ЧОБ) ыкчам өсүүсүнө шарт түзүү;
  • Мамлекеттин кээ бир функциялары менен ыйгарым укуктарын бизнес структураларына берүү;
  • Уруксат кагаздарын берүүнү (лицензиялоо, каттоо жана көзөмөл) электрондук форматка өткөрүү. Бул үчүн өлкө боюнча бизнести тейлөө борборлорун (фронт-офистерди) ачуу;
  • Ишкерлерди коргоо жана алардын демилгелеринин ишке ашуусун камсыздоо;
  • Мамлекет өзүн ЧОБдордун өнүгүүсү жана өзүн өзү тескөөсүнө керектүү нормативдүү-укуктук база түзүү, демилгелерин колдоо, техникалык стандарттарга тиешелүү иштери менен чектейт;
  • “Бир өкмөт” принцибин мыйзамдаштыруу. Ал боюнча кызмат көрсөтүп жаткан мамлекеттик мекеме башка мамлекеттик мекемеден ала алчу документ же маалыматты ишкерден талап кылбайт;
  • ЧОБдордон салык алуу тармагында радикалдуу реформа жүргүзүү;
  • ЧОБдордун алдындагы административдик тоскоолдорду азайтуу;
  • Экономикалык инфраструктуранын, инвестициялык мыйзамдардын сапатын жакшыртуу;
  • Арзан жана узак мөөнөттүү каржы ресурстарына жетүүнү камсыздоо;
  • Тоо-кен ишканалары менен жергиликтүү калктын ортосундагы араздашууларды токтотуу чараларын сунуштоо;
  • Чек арадан өтүүгө электрондук системаларды киргизип, бизнестин экспорт-импортко кетирген убактысы менен чыгымдарын азайтуу;
  • Мөмө-жемиш, жаңгак жана өндүрүш үчүн керектүү бак-дарактарын өстүрөм деген бизнеске жана жергиликтүү коомдорго жеңилдетилген шарттарды түзүүнү, анын ичинде салыкты азайтууну сунуштоо.

Жогоруда аталган чаралардын басымдуу бөлүгү декларативдүү мүнөзгө ээ болгону менен мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсүн чектөө идеясы үстөмдүк кылганы сүйүнтөт. Андай чектөө болбосо, учурда райондук деңгелдеги чиновниктерден баштап ишкерлерге: “Ооой, ишиң башталгыча эле бизге далай жолу келесиң”, “Биз каалаган убакта, каалаган шылтоо таап ишканаңды жаап коё алабыз”, “Эртеңкиге кой союп, дасторкон даярдатып кой”, - дегендери чекеден чыгат.

Ошондуктан Сапар Исаковдун өкмөтү сунган “Жаңы доорго – кырк кадам” программасынын бизнеске жол ачкан тезистерин ар бир ишкер колдоп, алардын ишке ашырылуусун талап кылып, иштеп кетиши үчүн жан үрөгөнү туура болот.

Бул программада идеясы бар, бирок ишке ашыруу жолдору каралбаган жерлерин эмки макалабызда сунуштайбыз. Анда Грузияда эски чиновниктердин 90 пайызы эмнеге жана кантип жумуштан айдалганы, лицензиялардын он эселеп азайганы, салыктардын саны да көлөмү да эселеп төмөндөгөнү тууралуу жана мындан да кызыктуу башка маселелер жөнүндө сөз кылабыз