Экономика

​​Электрондук капчык аркылуу төлөм жүргүзүү кооптуу болуудабы?

7 сентября 2017 г. 17:20 7734

Улуттук банк электрондук капчык аркылуу төлөм жүргүзүүгө байланышкан жаңы долбоор сунуштады.

Улуттук Банк Кыргыз Республикасынын электрондук каражаттары тууралуу жана багыттарын бекитүү боюнча токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү демилгеси боюнча коомдук талкуу 2017-жылдын 1-октябрына чейин узартылып,учурда пилоттук долбоор катары сунушталды. Аталган долбоордун максаты жана жүрүшү туралуу КР УБнын Төлөм системасы башкармалыгынын оператор жана төлөм уюмдарын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Султаналиев маалымдагандай, жарандарга ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүлүш керек.

Электрондук капчык жарандардын интернет колдонуусуна жана коммуналдык төлөмдөрдү аткарууга шарт түзөт. Эгерде, Улуттук Банктын демилгеси ишке ашса, анда смартфон колдонуучулары уюлдук телефондогу акчанын эсебинен электрондук капчыкты толуктоо укугунан ажырайт . Коммерциялык банктардын өкүлдөрү жана өлкөдөгү үч уюлдук байланыш компания, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы менен алтернативдүү чечим табуу үчүн маселени чогуу талкуулашты . Коомдо болуп жаткан технологиялык өзгөрүүлөргө жараша жарандарга болгон тейлөө кызматтары да жакшырып жана ыңгайланып туруусу шарт деп долбоорлор боюнча жетектөөчү адис Рустам Сарыбаев өз оюн билдирди.

Долбоордун негизги көрсөтмөлөрүнө ылайык, электрондук каражатты жөнгө салуу тармагы негизделет. Кандай шарттар менен электрондук капчык толтурулат жана кандай жол менен электрондук акча иштеми аткарылат мунун бардыгы Кыргыз республикасынын банктар жана банк иши тууралуу токтомуна ылайык көрсөтүлгөн талаптардын негизинде иштелип чыгат. Долбоор ишке ашса, анда кардарларга эң ыңгайлуу жана коопсуз төлөм жүргүзүү шарттарына басым жасалат.

Финансылык коопсуздукту камсыздоо долбоорлорун катарын толуктоого белсенип жаткан жаңы бул долбоордун ишке ашуусуна Кыргыз Республикасынын жарандарынын сунуш, пикирлери кабыл алынат. Мындан сырткары жеке коммерциялык финансылык мекмелердин кызыкчылыгын коргобостон, жалпы стабилдүү финансылык рынокту түзүү каралат дейт долбоорлор боюнча жетектөөчү адис Рустам Сарыбаев.

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда ызы-чуу жараткан электрондук капчык тууралуу бүдөмүк суроолорго ушул жылдын жылдын 1- октябрь күнү чекит коюлмай болду.