Экономика

Орусиянын Ыраакы Чыгышы: Жаңы "баскынчылык"

24 августа 2017 г. 12:25 265

Орусияда Ыраакы Чыгышка качуу башталды. Владимир Путин арыз менен кайрылган ар бир орусиялык жаранга Ыраакы Чыгыштын бош жерлеринен бир гектар бекер бермекчи.

Жерди сөзсүз иштетүү керек. Алгачкы беш жылда аны сатып же ижарага берүүгө болбойт. Расмий статистикага карасак, 2016-жылдын июнь айында башталган бул демилге мүдөөсүнө жетти десе болот. Ушул күнгө чейин 100 миңдей арыз берилип, 25650 жер тилкеси жаңы ээлерин тапты.

Бул көп максаттуу долбоор. Максаттарына айыл-чарба жана туризмди өнүктүрүү, Кытай менен алакаларды күчөтүү, Орусияны Евразиянын экономикалык гигантына айлантуу, алыскы аймактарды инвестиция тарта алгандай кылып, жаңылап-жандантуу. Бирок мунун баарын иш жүзүнө ашыруу үчүн, Кремль өзү деле аңдап тургандай, Орусиянын чет жакаларында жашаган орусиялыктардын санын арттыруу зарыл. Дал ушуну – өзөктүү максат десек болот.

Аталган программа Якутия, Камчатка жарым аралын, Чукотканы, Примор жана Хабаров крайын, Амур облусу менен Магаданды, Сахалин аралы менен Еврей автоном облусун камтыйт. Бул болсо Орусиянын үчтөн бири кирген эбегейсиз чоң аймак.

Учурда бул жерлерде 6,2 миллион адам жашайт, тактап айтканда дүйнөнүн эң чоң мамлекетинин элинин 4,2%ы. Салыштырсак Орусия менен чектеш кытайлыктарга тиешелүү Хэйлунцзян провинциясында 38 миллион тургун бар.

Ошондуктан атайын түзүлгөн Ыраакы Чыгышты өнүктүрүү министрлигинине 2030-жылга чейин бул кеңири аймактын элин 7 миллионго жеткирүү деген оор милдет жүктөлгөн. Кээ бир аткаминердин дымагы күчтүү. Мисалы, аталган министрликтин орун басарлык кызматын аркалаган Артур Ниязметов белгиленген мөөнөткө чейин аймактын эли 8,5 миллионго жетет деп эсептейт.

Вадимир Путин көздөгөн максатына жетеби же жетпейби деп божомолдоого али эрте. Кремль орусиялыктарды шактандыруу үчүн кандайдыр бир маркетинг стратегиясын иштеп чугуусу зарыл. Анткени бир гектар жерди бекер алуу үчүн арыз узаткандардын 80 пайызы ансыз деле Ыраакы Чыгышта жашагандардан келип түшкөн. Бул олуттуу сан.

Орусиянын башка региондорунан 22 миң талап келген. Алардын арасында 3000 арыз менен Москва алдыга чыккан. Санкт-Петербургдан 1000 талап келген. Мисалы, ал шаардан Примор крайына 120 «кайрылмандын» башын бириктирген Юрий Богаев деген казак көчүп келген. Ал телефон аркылуу «мен жер, ар кандай плантацияларды иштетип, үйлөрдү салам» - деп бажылдап берди.

Бирок Орусиянын чыгышында куунак турмушун куруу оңойго турбачудай көрүнөт. Көчүп келгендер бул жердин топурагына кыялдарын көмүп кайтышы ажеп эмес. Интернет аркылуу чүчүкулак менен аныкталган жер саздак же өтө эле алыс болуп калышы мүмкүн. Жол, суу түтүктөрү, канализация жана электр чубалгыларынын жоктугунан үй же мейманкана курам дегендердин тилеги таш кабышы мүмкүн.

Оор демографиялык абалына карабай Москва Орусиянын жараны болбогон бир да адамга жерин белекке берүүгө даяр эмес. Чет өлкөлүктөр жерди ижарага алса болот. Мисалы, кытайлыктар учурда Орусиянын 600 гектар жерин ижарага алып, иштетип келишет.

Джузеппе Альястро, La Stampa, Италия