Экономика

Банк менен кардардын ортосунда маселе жаралса эмне кылыш керек? Адис жооп берет

24 августа 2017 г. 12:20 14736

Кардарлар кандай шарттарда банктык кызмат көрсөтүүчүлөргө арыз же даттануу менен кайрылса болот? Кардарлардын кайрылуусун карап чыгуу тартиби туурасында Улуттук банктын инспектирлөө башкармалыгынын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн башкы инспектору Таалайкан Саадабаева айтып берди.

Коммерциялык банктар жана финансы кредит уюмдары өзүнүн кызматтарын сунуштаганда кардарларга толук, ачык маалымат бериши керек. Мыйзамга ылайык сунуштарды түшүндүп жана алар тууралуу ийне-жибине чейин айтып берет.

Эгер кардар жакшы түшүнбөй калып, келишимге кол коюп, жыйынтыгында ошол келишимдин аркасынан улам суроолор жаралса, ал кардар ошол финансы мекемесине арыз менен доомат коюп кайрылууга укугу бар.

2017- жылдын 22-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банкттар жана банктык ишмердүүлүккө байланыштуу жаңы мыйзам күчүнө кирди. Башка мыйзамдардан айырмаланып, 2-бөлүмү кардарлардын укугун коргоого багытталып, кардарлардын суроо-талаптарын жана кызыкчылыгын канааттандыруу үчүн мекеме уюмдары кандай иш аткаруу керектиги бекитилген. Андан тышкары, Улуттук банк ичинде атайын жобо иштелип чыккан. Бул жобо 2015-жылдын 1-сентябрынан баштап иштеп келе жатат. Жобого ылайык финансы кредиттик мекемелери кардарларга болгон маалымат ачык түрдө көрсөтүлүшү керек.

Суроо болсо оозеки жана жазуу түрүндө кайрылса болот. Эгер кардар өзүнүн суроосун оозеки берип же доомат менен кайрылса, саселе оңой чечилсе, ошол жерден эле жоопту толук түрдө банктык адиске берүүсү керек. Ал эми дооматы боюнча кандайдыр бир иликтөөлөрдү жүргүзүү керек болуп, дыкат текшерип, толук маалымат, ага тиешелүү далилдерди алыш керек болсо, анда жазуу түрүндө кайрылуу сунушталат. Мында кардар тиешелүү документтерди кошо тиркеп берсе болот. Мыйзамда 30 календарлык күндөн ашпаган учурда кат түрүндө кайра кардарга жооп берилиши керек деп бекитилген.

Ар бир кайрылууда, кайрылууну жазган адамдын аты-жөнү, так дареги жана байланыш телефондору толук жазылышы керек. Жазуу түрүндөгү кайрылууга күнү жазылып, колу коюлушу шарт. Эгер бул талаптар аткарылбаса, сиздин кайрылууңуз каралбай калуусу мүмкүн. Ар бир кайрылуу боюнча банк өз учурунда милдеттүү түрдө толук текшерип, жооп бериши зарыл. Эгер сиз оозеки кайрылсаңыз оозеки жооп аласыз, жазуу түрүндө кайсы тилде кайрылсаңыз ошол тилде жооп алууга укуктуусуз.

Финансы кредит мекемелерине карата атайын мыйзам кабыл алынган. Мыйзамда ар бири өзүнүн сунуштаган продукциясы боюнча түшүндүрмөлөрдү толук түрдө ачык-айкын маалыматтарды бериши керек. Мыйзамдуу, адилеттүү мамиле кылып, продукциянын толук баасын жана артыкчылыктарын айтып маалымат берип туруусу зарыл. Кандайдыр бир түшүнбөгөн суроолор, дооматтар болсо,кардар ошол финансы мекемелерине кайрылууга укуктуу болот.

Эгерде кардардын кайрылуусу каралбай калса же ал финансы мекемеси кардардын укугун бузса Улуттук банкка кайрыла болот. Улуттук банкта атайын кардарлардын укугун коргоо бөлүмү ачылган. Банктын иш аракетинде кардарга карата туура эмес жагдайлар жаралса, мыйзамдын негизинде карап берет. Ал эми кайрылган кардарга жооп толук кат жүзүндө 14 календарлык күндүн ичинде берилет