Экономика

Жакында смартфон телефонун колдонуучуларга жаңы «Элкарт мобайл» тиркемеси чыгат

24 августа 2017 г. 12:10 362

Элкарт улуттук төлөм системасы тууралуу Банктар аралык процессинг борборунун жетекчиси Улан Жамалидинов белгилегендей, Элкарт төлөм системасы - Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын биргелешкен долбоору. Аталган долбоор 2004-жылы ишке ашырылган. Негизги милдети жана кызматы болуп – накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү. Ошол эле убакта көптөгөн жарандарыбыз накталай акча менен төлөмдөрдү жүргүзүп келишет. Улуттук банктын негизги максатынын алкагында накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү үчүн банктар аралык процессинг борбору түзүлгөн.

Ал эми процессинг борбордун негизги максаты жарандардын алган айлык акылыры жана ардагерлердин пенсиясы картага түшүп, каражат коопсуз сакталуусуна шартталган. Кардарлар дүкөнгө барганда картанын жардамы менен төлөмдөрдү ыңгайлуу шартта аткарууга ылайыкталган.

Негизи бул азыркы замандын шартына жана коомдун талабына ылайык келген артыкчылыктардын бири. Айлык акы түшкөн учурда убакыт сарптап банктык кассага барып кезек күтпөй эле картаңызга түшкөн каражатты каалаган учурда каалагандай өлчөмдө жакын жердеги банк жабдыктары болгон банкоматтарга барып ала аласыз. Өлкөбүздүн көп аймактарында пос-терминалдар орнотулган, андыктан сатып алууларды да дал ушул карттын негизинде ишке ашыра алышат. Бул кардарларга өтө ыңгайлуу. Себеби көп өлчөмдөгү каражатты адамдар жанына алып жүргөндө кооптуу болот. Андыктан коопсуздук жаатта да ыңгайлуулуктар түзүлгөн.

Жарандар өзүнүн акчасын чөнтөгүнө сактагандай же баалуу иш кагаздарын сактагандай эле картанын пин кодун эч кимге айптай сыр кылып сакташы керек. Пос-терминалдан же банкоматтан акча алууга сиздин картаңыздын пин коду талап кылынат. Экинчиден, картаңызды бей тааныш адамдардын колуна бербешиңиз керек.

2016-жылы Элкарт-чип деген карта чыгарылган. Бул чипте кардардын жеке маалыматы иденфикациялык номур менен сакталуу болот. Аны башка жарандар колдонууга мүмкүн болбойт.

Аталган процессинг борбору иштеп баштагандан бери миллиондон ашык карта чыккан. Азыркы учурда активдүү иштеп турган 700 миңден ашык карта кардарлардын колунда.

Жакында смартфон телефонун колдонуучуларга жаңы «Элкарт мобайл» деген аталыштагы тиркеме чыгат. Алгач андроид телефондорунда ишке кирет. Аталган тиркемеге жарандарыбыз картасын байланыштырса болот. Андан кийин кардарлар чөнтөк телефону аркылуу эле ар кандай төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн аткара алышат. Андан сырткары эң чоң мүмкүнчүлүк катары тиркемеге акча которуулар да киргизилди. Колдонуучу кардар ордунан эле картасы аркылуу башка бир адамдын картасына акча которо алат. Которулган каражатты банкоматтын жардамы менен аласа болот. Бул функция жакынкы арада ишке ашып кардарлардын каржылык талабын ишке ашырууга ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Элкарт төлөм картасы азыркы учурда Кыргызстандын аймагында гана колдонууга болот. Негизинен 2 эл аралык системалуу долбоор бар, кытайлык улуттук төлөм системасы болгон UnionPay картасы. Кыргызстанда Элкарт катары иштесе башка чет өлкөгө чыкканда ушул эле карта UnionPay төлөм картасы катары иштей берет. Бул да чет жакка чыккан биздин жарандарыбыздын каржылык коопсуздугун жана акча маселесиндеги ыңгайлуулукту камсыздайт. Ал эми экинчи төлөм системасы - бул орусиялык төлөм системасы болгон Мир картасы. Ушул Мир картасы менен 2017-жылдын аягы же 2018-жылдын башы менен Элкарт картасы Орусия аймагынан да иштей тургандай шартты түзүү долбоору ишке ашырылат. Ошол эле Мир картасын Кыргызстанда да колдонсо болот. Орусияда убактылуу иштеп жаткан жарандарыбыз үчүн өтө ыңгайлуу . Алар Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтык же башка да төлөмдөрдүн бардык түрүн Орусиянын бардык аймактарынан жүргүзсө болот.